Human Rights Watch уюму Евробиримдиктин жетекчилигин Кыргызстандын бийлигине Азимжан Аскаровду актоо боюнча катуу талап коюуга чакырды.
Уюмдун сайтындагы билдирүүдө Аскаров тууралуу кыргыз соттору жана бийлигинин адилетсиз чечимдерине карата нааразылыктар жазылган.
"4-июнда Брюсселде өтчү эл аралык "Бир дүйнө" фестивалынын алкагында Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскарованын катышуусу менен Марина Шупак тарткан "Адилеттүүлүктүн акыркы шансы" аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, андан соң талкуу болот. Талкууга Европа биримдигинин адам укугу боюнча башкы комиссары Эйсон Гилмор, Европарламенттин вице-президенти жана Борбор Азия боюнча атайын кеңсесининин өкүлү Хайди Хаутала катышат. Ошол эле күнү Евробиримдик кыргыз бийлигинин айрым өкүлдөрүнө жолугат. Бул жолугушууда Еврошаркеттин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун администрациясынан Азимжан Аскаровго коюлган соттук чечимдерди жокко чыгарып, үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүнү талап кылышы керек" деп белгиленген анда.
Аталган уюм Евробиримдик менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгын аныктоодо Аскаровдун иши өтө маанилүү экенин билдирди.
2010-жылдагы июнь коогасында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болгон.
Евробиримдик буга чейин кыргыз бийлигин Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырган. (BCh)
Создайте стильный образ из самых простых вещей в гардеробе
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия
Джомба, суттуг шай, кучу и другими видами чая в регионах России могут насладиться российские туристы
Скидки на звуковые щетки и зубную пасту для детей от компании "Ревилайн" до 6 июня 2024 года
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Россия стала единственной страной в мире, которую Иран допустил к своим недрам: РФ вынуждают становится богаче