Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 09.06.2021

Курулуш материалдары кескин кымбаттады

Azattyk.org 

Былтыр күзүндө доллар кескин кымбаттагандан кийин Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май жана башка товарлардын да баасы өстү. Курулуш материалдары да кымбаттоодо. Ушул күндөрү айрым курулуш материалдарынын баасы 100-120% чейин көтөрүлдү.

Депутаттын үйүнөн 250 миң доллар жана маңзат табылды

Azattyk.org 

Кыргызстан жана Түркиянын президенттери Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарада жолугушту. Бул - Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары. Кадамжайда жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн 50 килодон ашуун маңзат жана 250 миң доллар табылды. УКМК депутат кезектеги маңзат партиясын Тажикстандан алып, Өзбекстанга жөнөтүп жаткан учурда колго түшкөнүн кабарлады. Өзбекстандын Ангрен шаарында полиция ондогон динчил эркектин сакалын күчтөп алдыртты.

Кыргыз-түрк ымаласы: Жапаров менен Эрдогандын дымагы

Azattyk.org 

9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Анкарада эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү. Мамлекет башчылары жолугушууда кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашканы кабарланды. Чек ара, ФЕТО маселеси, аба каттамдары Сүйлөшүүдөн кийинки биргелешкен маалымат жыйында Эрдоган апрель айынын этегинде кыргыз-тажик чек арасына токтолду... Читать дальше...

NYT: АКШ "Манастагы" базага кайтууну караштырууда

Azattyk.org 

Вашингтон аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийин террорчуларга каршы болочок операциялар үчүн база жайгаштырууга жер издеп жатат. Мындай мазмундагы макалалар америкалык маалымат каражаттарында жарык көрүп келатат.

Жаңы кодекстер: журналисттердин укугу корголобу?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Көз карандысыз журналисттер союзу кодекстерге өзгөртүү киргизүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын укугу толук корголбой калганын айтып, Башкы прокуратурага кайрылышты.

Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары башталды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 9-июнда Түркияга расмий сапар менен барды. Сапар 11-июнга чейин уланат. Эки жетекчи өз ара алаканы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы байланышты талкуулаганы кабарланды.

Журналист айтылуу Орзубек Назаров менен беттешти. Рингдеги кызыктуу сүрөттөр

Sputnik Кыргызстан (sport) 

"Таймашуудагы маек" долбоорунун алкагында рингде Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен кез келди.



Солак: саясий окуялар кыргыз-түрк ымаласына доо кетирбейт

Azattyk.org 

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы кеңсесинин мурдагы жетекчиси Фахри Солак президент Садыр Жапаровдун Анкарага сапарын утурлай "Азаттыкка" маек курду. Анда эки өлкөнүн экономикалык жана саясий кызматташтыгы тууралуу кеп козголду.

Июнь коогасынын себеби, кесепети жана сабагы

Azattyk.org 

2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал эгемендүү мамлекеттин соңку тарыхында “Июнь коогасы” деген ат менен кирди. Мындан 11 жыл мурдагы кандуу окуянын чоо-жайы, келип чыгуу себептери, кесепеттерин Мамлекеттик комиссия, Депутаттык комиссия, Эл аралык көз каранды эмес комиссиялар иликтеп, өз корутундуларын чыгарып, ондогон адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабай коомчулукта бул окуяга саясий жана укуктук адилет баа бериле элек, чыныгы күнөөкөрлөрү жазага тартылган жок деген пикирлер бар. Читать дальше...

Дүйнө: "караларга" катуу сокку урулду

Azattyk.org 

Он сегиз өлкөсүндө жүргүзүлгөн полициянын атайын операцияларында уюшкан кылмыштуу топтордун жүздөгөн мүчөлөрү кармалды. Биргелешкен операция АКШ, Европа, Австралия жана Жаңы Зеландиянын укук коргоо органдарынын үч жылдык кызматташуусунун жыйынтыгынан кийин ишке ашты.

Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик кызыкчылыгы

Azattyk.org 

Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагында абал туруктуу. Чек ара тилкеси аныктала элек аймак өткөн аптада эки өлкө ортосундагы чыңалуунун очогу болду. Тирешти жер алмашуу аркылуу чечүү маселеси каралып жатканы айтылууда. Жер алмашуу сунуштары Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Кара-Мык айылынын башчысы Абдулла Жакыпов кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагы тууралуу буларды айтып берди. “Жайыбытыз ушул, мындан башка жерибиз жок. Күзгү, жазгы жайытыбыз ушул. Читать дальше...

Кубатов: Эверестке кайра барбайм

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Альпинист Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти багындырган биринчи кыргыз болгону үчүн сыймыктанарын айтты.

Ынандыны табууну талап кылгандар дагы Өкмөт үйүнүн алдына чогулду

Azattyk.org 

Бишкекте Орхан Ынандынын табылышын талап кылган жарандардын акциясы тогузунчу күн катары менен уланууда. 9-июнда дагы анын ондогон тарапкерлери Өкмөт үйүнүн алдына чогулду. Андан ары акцияны Жогорку Кеңештин имартынын жанында улантып, Инандынын жагдайын парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибинде талкуулоону суранышты.  Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз. Колдоочулары аны түрк элчилигинин имаратында кармалып турат божомолдошууда. Читать дальше...

Баткенде шахта урап, бир киши мерт болду

Azattyk.org 

8-июнда Баткен районундагы көмүр шахталарынын бири урап, бир киши каза болуп, дагы бири жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге 11 куткаруучу барган. Алар шахтадан каза болгон 20 жаштагы жигиттин сөөгүн чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат. Баткен облусу боюнча көмүр казууга 215 лицензия берилген. Учурда анын 65инен көмүр казылат. 2019-жылы облуста көмүр шахталарындагы кырсыктардан улам 10 адам каза болгон. Читать дальше...

COVID-19 дагы 469 адамга жукту, беш бейтап каза болду

Azattyk.org 

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы беш бейтап каза болду. Алардын бирөө Бишкекте, экөө Чүйдө, дагы экиси Ош облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1864 кишиге жетти. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 459 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (183). Мурда ооруп жаткандардын ичинен 331 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 108 173 киши вирус жугузуп алды. Читать дальше...

Чүйдө шамал үч мектептин чатырын учуруп кетти

Azattyk.org 

8-июнда кечке жуук болгон шамал Чүй облусундагы үч мектептин чатырын учуруп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Москва районунун Алексеевка жана Ак-Торпок айылдарындагы, Сокулук районунун Новопавловка кыштагындагы мектептер зыян тартты. Ошондой эле бир катар жеке имараттардын чатырларын да шамал алып кетти. Бишкек шаарында дарактар, жарнама калканы кулап, автоунааларга, электр зымдарына зыян келтирди. Ушул күнү катуу жаандан улам Нарындын Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы үйлөрдүн короолорун суу каптады. Читать дальше...

Инандыны Интерпол издей баштады

Azattyk.org 

Бир аптадан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланды. Атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү. Казакстандагы эркин окумуштуулар жана дарыгерлер тобу жергиликтүү "Казвак" (QazVac) вакцинасына каршы чыгышты.

COVID-19: Сузакта райондук төрөт үйү карантинге алынды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Сузак райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү анда 6-июнда көз жарган келин коронавируска шек саналгандыктан карантинге алынды.  Бейтапкананын башкы дарыгери Азизбек Жолдошев райондогу кош бойлуу келиндер  облустук төрөт үйүнө жөнөтүлүп жатканын билдирди. COVID-19га шек саналган келин жана аны менен байланышта болгондор обочолонууга алынды. Жалал-Абад облусунда коронавируска чалдыккандар жазында башка аймактарга салыштырмалуу аз катталган. Июндун башынан бери күнүгө 20-30дун тегерегинде бейтап аныкталууда. Читать дальше...

Беш айда эки миллиард сомго ашык салык жыйналды

Azattyk.org 

2021-жылдын беш айынын жыйынтыгы менен салык 2 млрд 373 млн сомго ашык чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, январь-май айларында 38 млрд 429 млн сом салык чогултулган.  Мунун 30 млрд. 937 млн. сому республикалык бюджетке, ал эми  жергиликтүү бюджетке 7 млрд. 491 млн. сом түштү. 2020-жылга салыштырмалуу салык жана башка төлөмдөр 11 млрд 461 млн. сомго көп. Беш айда камсыздандыруу төлөмдөрү 15 млрд. 193 млн. сомду түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд. Читать дальше...

Президент Жапаров Түркияга расмий сапар менен жөнөп кетти

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Түркияда расмий иш сапары менен 9-11-июнь күндөрү болот. Анын алкагында Жапаров түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат.  Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну,  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле эки мамлекеттин Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны президенттердин катышуусунда өтөт. Андан сырткары Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук... Читать дальше...

Турдубаев күтүүсүз кызматтан алынды

Azattyk.org 

Бир ай мурун куралган Министрлер кабинетинде дагы кадрдык өзгөрүү болду. Президент Садыр Жапаров 8-июнда энергетика жана өнөр министри Кубанычбек Турдубаевди күтүүсүз кызматтан алып, анын ордуна орун басары Доскул Бекмурзаев дайындады. Турдубаев өкмөттүн иштегенине бир ай өтпөй кызматтан кеткен төртүнчү министр болуп калды. Жапаровдун соңку чечими тууралуу анын администрациясы түшүндүрмө тараткан жок. Бул чечим Кубанычбек Турдубаев жана министрликтин жамааты үчүн күтүүсүз болгондой. Мекеменин... Читать дальше...

Тихановская Бакиевдин Минскте жүргөндүгү тууралуу комментарий берди

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын лидери, мурдагы президенттикке талапкер Светлана Тихановская "Азаттык" радиосунун журналисти берген Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президентинин Минскте жүргөндүгү тууралуу суроого жооп берди. «Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар бул жөнүндө ойлонушпайт. Себеби буга чейин Лукашенконун кыймыл аракеттеринин бардыгы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, эч ким буга туруштук бере алам деп ойлогон эмес. Былтыр гана эл көтөрүлүп чыгып, ким экендигин көрсөтө алды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *