Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 06.06.2021

Бабановдун иши: убаданы эмне бузду?

Azattyk.org 

Кыргызстанда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече мурдагы жетекчилер кармалды. Алардын арасында экс-премьер-министр, “Республика” партиясынын негиздөөчүсү, 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан Өмүрбек Бабанов да бар. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ага "өкмөттүн башында турганда ири алтын кенди иштетүүдө мыйзам бузган" деген айып койду. Бирок экс- премьер менен анын тарапташтары мындай дооматтарды четке кагууда. Соңку 15 жылда саясатка активдүү аралашып... Читать дальше...

Казакстан Орусияга каяша айтты

Azattyk.org 

Казакстандын бийлиги Орусиянын Батыштын санкцияларына каршы биргеликте жооп кайтаруу планын четке какты. Расмий Нур-Султан Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) экономикалык гана уюм экенин эске салып, аны саясатташтырбоого чакырды.

Казакстан Батыштын санкциялары тууралуу Орусиянын сунушун четке какты

Azattyk.org 

Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларына  "Евразия экономикалык биримдиги биргелишип жооп кайтарат" деген Кремлдин билдирүүсүн төгүндөдү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 5-июнда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Бир нече күн мурун Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин ЕАЭБ Батыштын Орусия жана Беларуска каршы санкцияларына биргеликте жооп кайтарууга даярданып жатканын билдирген. «ЕАЭБге мүчөлөргө үчүнчү тараптын достукка жатпаган санкциялык аракеттерине жооп чаралар күн тартипке коюлган... Читать дальше...

Тажикстан Унжу-Булакка койгон контейнерин жүктөп кетти

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар күнүмдүк тартипте иштөөгө өткөнүн билдирди. Тажикстан тарап 4-июнда таңга маал тактала элек Унжу-Булак тилкесине орноткон контейнерин алып кеткен. Социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу автоунаасы Унжу-Булактагы контейнерди жүктөп кетип бараткан видео тарады. Чек ара кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык... Читать дальше...

COVID-19: Жонсон бай өлкөлөрдү дүйнөнү жапырт эмдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон «Чоң Жетиге» (G7) кирген бай өлкөлөрдүн лидерлерин 2022-жылдын аягына чейин дүйнөдөгү адамдарды коронавируска каршы эмдөөгө шарт түзүүгө чакырды. Анын 5-июндагы билдирүүсүндө кийинки жылдын аягына чейин жер жүзүндөгү адамдарды эмдөө «медицинанын тарыхындагы чоң эрдик болору» айтылат. Британ премьер-министри бул маселени 11-июнда башталчу “Чоң жетинин” лидерлеринин Корнуолл шаарындагы жыйынында көтөрөт. Үч күнгө созулган жыйында дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрүнүн жетекчилери коронавируска каршы күрөш... Читать дальше...

Жоголгон Инанды, жоопсуз алты күн

Azattyk.org 

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, алты күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды 6-июнда басма сөз жыйын курду. Ал жолдошу “Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турат” деген кабары бар экенин айтып чыкты. Түрк элчилиги мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек. Милиция издөө иштери уланып жатканын кабарлоо менен чектелди. Рейхан Инанды жана үй-бүлөнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова  Орхан Инанды "түрк элчилигинин имаратында кармалып турат" деп шектенип жатканын жарыялашты. Читать дальше...

Иранда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү

Azattyk.org 

Иранда 18-июнга белгиленген президенттик шайлоонун алкагында талапкерлердин алгачкы дебаты өттү. Үч саатка созулган дебатта талапкерлер өлкөдөгү экономикалык абал боюнча кайым айтышты. Ирандын Сакчылар кеңеши президенттик шайлоого катышууну каалаган 600дөй адамдын ичинен жети саясатчыны талапкер катары каттаган. Алардын бешөө ультраконсервативдүү саясатчылар болсо, экөө өлкөдө реформаны каалаган байистүү позицияны карманат. Консервативдүү саясатчылар учурдагы президент Хасан Роуханинин соңку сегиз жылдагы башкаруусун сынга алып... Читать дальше...



Байден Путин менен жолугушууда адам укуктары боюнча көйгөйлөрдү көтөрөт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден 16-июнда Женевада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан учурда адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү көтөрөт. Ал Кошмо Штаттар жана Батыштын башка өлкөлөрүнүн бул тармактагы бирдиктүү позициясын Путинге айтып берет. Бул тууралуу Байдендин Европага сапарынын алдында  Washington Post гезити жазды. Жо Байдендин 11-июнда башталчу сапары президенттикке киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапар. Ал  “Чоң жетидеги”, Евробиримдик жана НАТОго мүчө өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугат. Читать дальше...

Чек ара: активисттер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү жазылган кат Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна жиберилди. Бул тууралуу юрист, укук коргоочу Сания Токтогазиева "Азаттыкка" билдирди. "Бүгүн, Рим статутунун 15-беренесинен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын бийлигине каршы тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди юрист. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39; Талас өрөөнүндө түнкүсүндө 16…21, күндүз 33…38 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15... Читать дальше...

УКМК Унжу-Булакта кырдаал тынч экенин билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы маалымдагандай, Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч. "6-июнь, саат 15:30га карата чек арадагы Унжу-Булак аймагында кырдаал туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурунку ордуна алып кетүү аяктады", деп жазылган маалыматта. УКМКнын маалыматына ылайык, аймакта кыргызстандык чек арачылардын күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөөсү уланууда. Читать дальше...

Жапониядагы тандоо оюндары: Крестинин уюштуруу иштерине нааразы

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Жапонияда пандемиядан улам машыгууга мүмкүн болбой жатканын билдирип чыкты. Футбол федерациясынын сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык футболчулар Бишкектен тест тапшырганда баары таза чыккан. Жапонияда спортчулардын биринен "вирус аныкталды" деген негиз менен жалпы командага машыгууга уруксат берилген эмес: "Биз болгону бир эле жолу машыктык. Ага да баарынын тест жыйынтыгы жакшы чыкса да, команда толук курамда катыша алган жок. Читать дальше...

Нигерияда "Твиттерге" тыюу салынды

Azattyk.org 

Нигериянын өкмөтү "Твиттерге" тыюу салып, анын колдонуучуларын камоо тууралуу прокуратурага көрсөтмө берди. CNN телеканалы маалымдагандай, тыюу 4-июндан тарта салынды. Маданият жана маалымат министрлиги "Твиттердин" Нигериянын аймагында ишмердүүлүк кылуусуна мөөнөтсүз тыюу салган. Эки күн мурун соцтармак Нигериянын президенти Мухаммад Бухаринин постун алып салган. Министр Лай Мухаммед бул үчүн "Твиттер" компаниясын "кош жүздүү стандарт жүргүзөт" деп айыптап, соцтармактын ишин "шектүү" деп сыпаттаган. Читать дальше...

Дүйнөлүк IT-корпорациялардын салык төлөө жобосу өзгөрдү

Azattyk.org 

Дүйнөлүк ири державалардын - "Чоң жети" тобунун көп жылдык талкуусунан соң, "санарип салыгынын" реформасына ылайык, Apple, Google, Amazon жана башка ири IT-корпорациялар салыкты мурункудай өздөрү катталган жерде гана эмес, киреше алган жерде да төлөөгө милдеттендирилди. Буга чейин көптөгөн IT-корпорациялар салык аз төлөнгөн өлкөлөрдө каттоого турушканы кабарланган. Британиянын каржы министри Риши Сунак "Чоң жетинин" финансисттери Лондондо өткөргөн жыйын боюнча маалымат берип, катышуучулар "санарип... Читать дальше...

"Кара тизмеге" кирген мигранттардын убайымы

Azattyk.org 

«Кара тизмеге» илинип, Орусияга кире албай жаткан мигранттар кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүп жатышат. Алар айып пул төлөнгөн административдик эреже бузуулар үчүн деле жазага тартылып калганын айтышууда.  Бир канча жылдан бери Орусияга барып-келип иштеп жүргөн Сапарбай Абдылдаев апрелде Оштон Москвага учуп барып, «Домодедово» аэропортунан кайтып келген. Ал Орусияга кирүүгө тыюу салынганын ошол жерден билген: "Мени «кара тизмеге» 2019-жылы эле киргизип коюшуптур. Аны билбей... Читать дальше...

Польша-Беларус чек арасында нааразылык акциясы башталды

Azattyk.org 

Польшада жана Литвада жашаган беларус жарандары Евробиримдиктен Александр Лукашенкого каршы "туруктуу жана натыйжалуу" санкцияларды талап кылышууда. Польша менен Беларустун чек арасындагы "Бобровники-Берестовица" бекетине чогулгандар 6-июнда Беларустан сыртка жок дегенде жөө чыгууга уруксат берүүнү жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышты. Беларустун мурдагы маданият министри Павел Латушко "Евробиримдик Лукашенконун режимине каршы реалдуу чара көрбөй жатат" деп сындады. "Биз режим жаңы кылмыш жасаганча күтүп отура албайбыз. Читать дальше...

COVID-19: 337 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы штабдын маалыматына караганда, 6-июнга карата вирус дагы 337 адамга жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын ичинен: Бишкекте - 126; Ош шаарында – 62; Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 45, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда – 33, Баткен облусунда – 8 киши жаңы катталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 106 973 адамга жетти. Акыркы суткада оорудан 5 киши көз жумду. Төртөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Читать дальше...

Инандынын жубайы ал элчиликте деп шектенүүдө. Түрк элчилиги маалымат бере элек

Azattyk.org 

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу күйөөсү "Бишкектеги түрк элчилигинин имаратында кармалып турат" деген маалымат алганын билдирип чыкты.  Ал "Азаттыкка" бул айткандарын ырастап, бирок маалыматты кайдан алганын ачыктаган жок: "Тилекке каршы мен булактарымды ачыктай албаймын, анткени азыр Орхан мырзанын өмүрү коркунучта. Эрдогандын бийлиги буга чейин да 95 адамды 23 чет мамлекеттен элчиликтери аркылуу уурдап... Читать дальше...

Чек арадагы жаңжалда жабыркаган 100 бала Ысык-Көлдө эс алууда

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлдө эс алдыруу уланууда. 5-июнда чек ара аймактарынан чогулган 100 бала жана 15 мугалим Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга жеткирилип, жайгаштырылды. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, бул жолку эс алууну Министрлер кабинети уюштурган. Буга чейин да Баткен облусунан биринчи этапта 146, экинчи этапта 70 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөн. Аларды эс алууга жиберүүгө... Читать дальше...

Токио Олимпиадасы. Спортчуларга презерватив таратылат, бирок колдонууга болбойт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Олимпиада катышуучуларына презерватив таратуу 1988-жылы Сеулда (Түштүк Корея) өткөн Олимпиада оюндарынан кийин салт болуп калган. Себеби бул жылы дүйнөнү СПИД эпидемиясы каптаган.

Токтогулда суу көбөйө баштаганы жарыяланды

Azattyk.org 

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 6-июнга карата 10,4 млрд. куб метрге жетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 1003 куб метр болсо, андан агып чыккан суунун көлөмү 412 куб метр болууда. Март айынын аягында суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрге чейин азайган. Токтогул суу сактагычына 19,5 млрд. куб метр суу батат. 2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 млрд. Читать дальше...

Чоң-Алай: Эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтты

Azattyk.org 

Чоң-Алайда коопсуздук үчүн район борборуна эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтышты. Бул маалыматты райондун акими Темирболот Абыкеев "Азаттыкка" билдирди: "Беш айылдын эвакуацияланган эли бүт бала-бакырасы менен өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышты. Аларды Дароот-Коргондун тургундары автоунаалары менен жеткирип коюшту. Аймакта абал тынч. Мен өзүм бүгүн да Карамыкка келдим. Эл мал-жанын жайлоого жайып, күнүмдүк жашоосун кадимкидей кечирүүдө". Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Жекенди, Кара-Тейит... Читать дальше...

Кыз-жигиттин тең укуктуу мамилеси

Azattyk.org 

Кафеде эсепти ким төлөшү керек? Таанышуу максатында кыздар балдарга жазса эмне болот? "Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышында кыз-жигиттин ортосундагы тең укуктуу мамилени талкууладык.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *