Аскерде эки колунан ажыраган жоокердин өтүнүчү сотто колдоо тапты
Аскерде кезмет учурунда электр тогуна урунуп, эки колунан ажыраган Руслан Сапарбаевге мамлекеттин эсебинен дагы 3 миллион сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыкканын бүгүн 3-июнда “Азаттык” радиосуна “Кылым шамы” укук коргоо борборунан кабарлашты.
Чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды. Ала албай калган айлык маяна түрүндөгү бул сумманы Коргоо министрлиги төлөп берүүгө милдеттүү болот.
Адвокаттын айтымында, сотко арыз 2020-жылдын октябрь айында берилген. Анда моралдык чыгымдын ордун толтуруу, протездин акчасын жана ала албай калган айлыкты төлөп берүү деген үч өтүнүч жазылган.
Райондук сот моралдык чыгым жана протез боюнча өтүнүчтөрдү колдоп, жалпысынан 890 миң сом өндүрүп берген, ал эми маянага байланыштуу өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырган. Шаардык сот бул чечимди колдогон, бирок Жогору сот маяна боюнча өтүнүчтү кайра кароого жөнөтүп, райондук сот ага февраль айында киришкен.
Руслан Сапарбаевдин окуясы 2018-жылы болгон. Дарыгерлер ага эки жолу операция жасап, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген.
Факт боюнча иш козголуп, бир сержант жана бир офицер күнөөлүү деп табылган. Алар шарттуу түрдө жазаланган. (RK)