Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик кызыкчылыгы

0
Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик кызыкчылыгы

Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагында абал туруктуу. Чек ара тилкеси аныктала элек аймак өткөн аптада эки өлкө ортосундагы чыңалуунун очогу болду. Тирешти жер алмашуу аркылуу чечүү маселеси каралып жатканы айтылууда.

Жер алмашуу сунуштары

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Кара-Мык айылынын башчысы Абдулла Жакыпов кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагы тууралуу буларды айтып берди.

“Жайыбытыз ушул, мындан башка жерибиз жок. Күзгү, жазгы жайытыбыз ушул. Унжу-Булак менен Караганды-Сайды союз учурунан бери биз пайдаланып келгенбиз. Бул жер бизге аябай зарыл экенин билип туруп, булар алмашуу жолу менен башка жерлерди болжоп жатат деген сөз бар”.

Чоң-Алайдын Жекенди айыл аймагы менен Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) районунун ортосундагы 1110 гектарды түзгөн Унжу-Булак аймагы деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жер жайыт болуп эсептелет. Аталган айыл өкмөтүнө Жекенди, Кара-Тейит, Кара-Мык, Чулук, Шибе айылдары кирет. Булардын баары кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдар. Аймактын эли негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.

Кыргызстандын Чоң-Алай, Тажикстандын Лахш райондорунун ортосундагы бул талаштуу жерди эки тарап алмашуу менен чечүүгө буга чейин да аракеттенип келген.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, Министрлер кабинетинин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиевдин билдирүүсүндө, кыргыз тарап коңшуларга Унжу-Булактын ордуна бир катар аймактарды сунуштаган.

“Комиссия эки жерди көрсөтүп келди. Шумкар-Тоо менен Таш-Мечит аймактарын. Шумкар-Тоо менен Таш-Мечит өтө бийик, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан. Алар бизге Унжу-Булактай болгон, 2400 метрдей бийиктиктеги жерди сунуштагыла деп жатат".

Маалыматка караганда, тажик тарап Кыргызстандын Алай менен Чоң-Алай райондорунун ортосунда, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Алтын-Мазар участкасын алууга макул болорун айткан. Тагыраагы, Унжу-Булакты Алтын-Мазарга алмашууну сунуш кылган. Бирок ага кыргыз тарап көнгөн эмес.

Алтын-Мазар тилкеси

Алтын-Мазар тилкеси да тактала элек аймактардын катарын толуктайт. Кыргызстан аны стратегиялык аймак деп эсептейт.

Дүйшөмбүнүн кызыктырган бул аймак Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Мургаб району менен чектешет. Мурдагы дипломат Азат Эркебаев тажик тараптын Алтын-Мазарга кызыкканынын себебин мындайча чечмеледи:

“Алтын-Мазар аты айтылып тургандай алтын кендери бар. Мурда казылып жүргөн учурлары да болгон. Унжу-Булакка салыштырмалуу географиялык абалы бийик жана татаал, адам жашаган аймактан узак жайгашкан. Ага карабай, маанилүүлүгүнүн бир себеби, айтылуу баңгизат ташыган коридордун бир учу ушул аймакка барып такалары айтылып жүрөт. Мен билгенден Алтын-Мазардын тажик тарабында алтын  казылып келген. Ошол эле учурда кыргыз тарапта да алтын кени бар деп айтылып жүрөт. Бул жерди алмашабыз дегенинин дагы бир себеби болушу мүмкүн. Алтын-Мазар Тажикстандын Мургаб району менен чектешкен жерде. Ошол эле учурда Мургаб бир жагынан Кытай менен да чектеш. Ал жерде Кытай менен тажикти байланыштырган жүк ташуучу да, адамдар өтүүчү да бир эле "Кулма" деген өткөрмө бекети бар. Тажиктер Кытайдан түз жүк ташыган негизги пунк болуп эсептелет. Эгер Алтын-Мазарды алып калышса,  Дүйшөмбү менен Кулма өткөрмө бекетинин аралыгын жакындатышы ыктымал. Башкача айтканда, Дүйшөмбүнү Кытай менен түз байланыштырган кыскараак автожол болушу мүмкүн. Коңшу тараптын жүктөрү "Эркештам" аркылуу Кыргызстанга кирип, анан "Кара-Мык" аркылуу кайра аларга өтүп турган. Акыркы учурдагы пандемия жана чек арадагы кырдаалдан улам бул жерде жүк ташуу токтоп калды. Ошондуктан тажик тарап Кытай менен кандай болбосун соода алаканы жандантуу же өркүндөтүү аракеттерин көрүп жатат.   Чоң-Алай багытына өзгөчө көңүл буруп жатат десе болот. Алтын-Мазар участкасын алса, Кытай коридоруна жакындайт".

Ал эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал -майор Артур Медетбеков Тажикстан кыргыз-тажик чек арасы аркылуу Кытайга коридор алат деген пикирди ишке ашпаган божомол деп гана эсептейт:

“Тажиктер ушул жерди басып алып, андан ары дагы жылып, анан Кытайга түздөн-түз жол ачат деген божомолдорду айткандар болду. Бирок бул географиялык да, саясий да, аскердик да жактан мүмкүн эмес. Себеби, географиялык жактан алсак, Кытайдын чек арасы ал жерден абдан алыс. Чоң-Алай аркылуу Кытайга коридор алгысы келгенин божомол катары гана карасак болот. Ал жерден эч кандай коридор ала албайт. Ал жердин рельефи жана башка шарттары боюнча Кыргызстан аркылуу гана жол болушу мүмкүн”, - деди Артур Медетбеков.

"Кулма" Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караган жана кыргыздар көп жашаган Мургаб районунда. Бирок бул жакта жол татаал болгондуктан, Тажикстанга Кытайдан товарды Кыргызстан аркылуу ташуу жеңил экени айтылып келген.

Тажикстандын "Азия плюс" сайтынын жазганына караганда, пандемиядан кийинки чектөөлөр алынып, тажик-кытай чек арасындагы "Кулма" бекети апрелден тарта толук кубаттуулукта иштей баштаган.

Чек арадагы акыркы чыңалуу

Чоң-Алайда болгон чек арадагы чыңалуудан кийин Улуттук коопсуздук комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 4-июнда жергиликтүүлөр менен жолукканда буларды айткан:

“1100 гектар жер аныкталып, тактала элек. Булардын картасы менен буларга жазылып калган экен. 1924-жылкы, 1989-жылкы карта боюнча. Бирок биз аны бүгүнкү күнгө чейин кабыл албай жатабыз. "Бул жер биздики, тактала элек" деп жатабыз. Бирок өзүбүздүн такталган жерге пост койгонбуз. Тигилердин постунан бери жагы тактала элек. Булар тактала элек жерге чейин кирип, өздөштүрүүгө аракет кылып жатышат”.

Мамлекеттик чек аранын сызыгы толук аныкталбаганына эки өлкө аны эки башка карта менен чечүүнү сунуш кылып келе жатканында да болууда.

Дүйшөмбү чек араны чечүүдө Кыргызстан менен Тажикстандын аймактык бөлүнүшүн камтыган 1920-жылдардагы картага таянса, Бишкек 1950-жылдагы карта менен чечүүнү көздөйт. Ар бир тарап кошунасынын дооматын туура эмес деп эсептейт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстан тарап аскерлер эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин кабарлаган.

Ташиев 5-июндагы сүйлөшүү майнаптуу болгонун, анын жыйынтыгында чек арага тартылган күчтөр артка кайтарылганын айтты.

Андан кийин эки тарап сегиз пункттан турган протоколго кол койгону жарыяланды. Ага ылайык, эки тараптын тең чек ара постторун өз аймагын көздөй үч чакырымга жылдырышы керек. Тактала элек аймактагы жайыттарды биргеликте пайдалануу тууралуу да чечим кабыл алынган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалуу соңку эки айдан бери күчөп кетти. 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Анын экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий түрдө жарыяланган.

970 чакырымга созулган эки мамлекеттин чек арасынын 519 чакырымы гана такталган.







Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Выгодно ли покупать квартиру в новостройке?

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты


Всеармянский союз «Гардман-Ширван-Нахиджеван» осуждает лживое заявление президента Азербайджана Алиева

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

Дары природы в Hilton Seychelles Labriz Resort & Spa

Представители KAMA TYRES приняли участие в 57-й легкоатлетической эстафете


When Narine asked Gambhir 'can I bring my girlfriend to IPL?'

Inside the mad Fenerbahce world Jose Mourinho is entering with rioting fans, players walking off and notorious hooligans

Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced

Where to find Real Madrid vs Dortmund on US TV: June 1, 2024


ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Одна ночь на Вуоксе


Supercell выпустил игру Squad Busters на смартфоны

Началась предрегистрация на Command & Conquer: Legions — релиз в конце 2024 года

Today's Wordle answer for Thursday, May 30

Четвёртое дополнение Age of Wonders 4: Eldritch Realms завершит первый цикл поддержки игры



Дептранс Москвы раскрыл детали инцидента на станции метро "Спортивная"

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером


«Очень активная молодежь, благодарим каждого из вас»: в Казани прошел «Ялкын фест»

В 66 раз подешевело. Эмиратские активы экс-губернатора не идут подешевке

В Москве 1 июня похоронили Анастасию Заворотнюк

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов


В Турции допустили вывод войск из Сирии в случае полной безопасности границ

Минобороны Турции: Анкара выведет войска из Сирии в случае безопасности границ

В 66 раз подешевело. Эмиратские активы экс-губернатора не идут подешевке

Депутат Свищев: У меня нет информации о переносе Игр дружбы


Арина Соболенко повторила уникальное достижение Азаренко на турнирах «Большого шлема»

Соболенко победила на старте открытого чемпионата Франции по теннису

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде

В России отреагировали на "скрытую баранку" и достижение Рыбакиной на Ролан Гаррос


С 1 июля в России подорожает «коммуналка»: названы новые тарифы и рассказано, сколько она будет стоить в 2025 и 2026 годах

Минобороны Турции: Анкара выведет войска из Сирии в случае безопасности границ

Лучшие фото за май // Запоминающиеся кадры месяца

Прощание с Анастасией Заворотнюк


Музыкальные новости

Uriah Heep. Come Back To Me

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

Интимный момент между Лолитой и солистом группы «Rammstein» попал на камеру

Музыка и стихи: концерт к 100-летию со дня рождения Булата Окуджавы состоится в Троицке


Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

Международный день защиты детей: дети с ревматическими болезнями

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе


Уссурийский ЛРЗ расширяет форматы промышленных экскурсий на предприятие

ONYX отправляется в Большой тур по России

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА


Движение поездов в Амурской области восстановлено по одному пути

Дептранс: на закрытом участке метро Москвы работали 20 бесплатных автобусов

На МКАД в Москве частично пекрыли движение из-за массовой аварии

Движение на ряде набережных и улиц в центре Москвы перекроют из-за забега 1 июня


Лучшие фото недели // Запоминающиеся кадры 27–31 мая

Руководство Краснодара посетило китайский Харбин. Рассказываем подробности

Лучшие фото за май // Запоминающиеся кадры месяца

Путин провел совещание с членами Совета безопасности России




Подмосковный НИКИ детства провел онлайн-марафон «Бегом за здоровьем» 1 июня

Первые звоночки и последствия: как живут и умирают люди с опухолью головного мозга

Международный день защиты детей: дети с ревматическими болезнями

С днем защиты детей росгвардейцы поздравили юных пациентов детской больницы в Москве


НАТО оказалась не готова к войне с Россией. Тайное соглашение США и Киева: Враг нацелился на Белгород - источники

Зеленский: после «заморозки» конфликт опять вспыхнет


Дептранс Москвы раскрыл детали инцидента на станции метро "Спортивная"

Для пользы тела. «Мой спортивный район» начинает летние тренировки

Муж Заворотнюк дал волю эмоциям на прощании с актрисой

Певица Пелагея разделила имущество с бывшим мужем


Путин и Лукашенко обсудили по телефону предстоящий саммит ШОС

Путин и Лукашенко обсудили парад в Минске

БЕЛТА: Лукашенко и Путин обсудили представительство России на параде в Минске


Собянин посетил фестиваль "Москва – на волне. Рыбная неделя"

Сергей Собянин поздравил москвичей с Международным днем защиты детей

Собянин: Более трех миллионов человек посетили фестиваль «Москва на волне. Рыбная неделя»

Собянин: 1 июня начнется фестиваль «Лето в Москве. Все на улицу!»


Жителям Подмосковья рассказали о лесопожарной обстановке в регионе на 1–3 июня

Очень дорого: во сколько обходится владение электромобилем в крупных городах

«Восход», Тинькофф Банк и Альфа объявили о совместном pre-IPO фонде в секторе tech на 4 млрд рублей

Июнь в Москве начнется с аномально жаркой погоды


«Техноград» расскажет горожанам о трех востребованных специальностях в ИТ

1 июня в Москве ожидается переменная облачность, возможен дождь

Фонд Оксаны Федоровой приглашает на квиз «Музыкальная Москва» на выставке-форуме «Россия»!

Минобороны Турции: Анкара выведет войска из Сирии в случае безопасности границ


В Архангельске с рабочим визитом побывал «арктический» министр

Развитие центров экономического роста и создание аварийно-спасательных центров на территории АЗРФ обсудили на заседании президиума госкомиссии по Арктике

ТСД промышленного класса Saotron RT-T60

В филиале фонда «Защитники Отечества» в Архангельской области подвели итоги первого года работы


Портативный сканер штрих-кодов Heroje H133U на базе CMOS-матрицы

Литературно-музыкальный вечер «Песня как признание в любви»

Первый автобус «Санкт-Петербург — Симферополь» вышел на маршрут

ВТБ начал выдавать ипотеку на жилье в Крыму


Дочь Анастасии Заворотнюк во время похорон поддерживал её тайный муж

Июнь в Москве начнется с аномально жаркой погоды

Подмосковный НИКИ детства провел онлайн-марафон «Бегом за здоровьем» 1 июня

Песков, Навка, Запашный, Тарасова пришли проститься с Анастасией Заворотнюк














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *