Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Дубайда абакта жаткан кыргызстандыктар

0
Дубайда абакта жаткан кыргызстандыктар

Бириккен Араб Эмирликтеринде тыюу салынган дары менен Дубай полициясына кармалып, абакта жатып чыккан Азиз жана Оксананын баяны.

Белгилүү себептерден улам бизге кайрылган эки каарманыбыздын аты-жөнү өзгөртүлдү. Экөө тең 2019-жылдын сентябрь айында Дубайдан милиция кызматкерлери берип жиберген жүк үчүн кармалып, абакта жатып чыгышкан.

Аманат азабы

29 жаштагы Оксана БАЭде эс алууну чечип, 2019-жылы билет сатып алган. 8-сентябрда учмай болуп "Манас" эл аралык аба майданына барат.

Учакты күтүп отурган ошол мүнөттөрдө ал өмүр бою унутулгус жаман окуя тооруп турганын сезген эмес. Аэропортто анын жанына ушул жерде иштей турганын айткан үч милиция кызматкери келген.

"2019-жылдын 8-сентябрында Дубайга кете турган каттамды күтүп, эл аралык "Манас" аба майданында отургам. Жүргүнчүлөр каттоодон өтө баштаганда менин жаныма үч милиция кызматкери басып келди.

Алар мага ушул аэропортто иштерин айтышып, "Дубайга биринчи жолу учуп жатасыңбы?" деп сурашты. Мурда башка өлкөлөрдү көргөнүм менен БАЭге биринчи жолу бара жаткам, "ооба" деп жооп бердим.

Өзүн Талант деп тааныштырган милиция кызматкери Дубайда жашаган кыргызстандык аялга дары керек болуп жатканын айтты. Туугандары дарыны бул жактан тапканын, ала кетишимди өтүндү.

Мен бир аз кыйылып турдум, "дары менен көйгөй жаралып калбайбы?" деп сурадым. Алар мага күбөлүктөрүн көрсөтүп, колундагы чакан таңгакты карматышты. Мен ишенбей, таңгакты рентгенден эки ирет өткөрүп жатканда ал жерде турган кызматкерлер унчуккан эмес. Жүктү колумдагы сумкама салайын десем, милиционерлер "чемоданга эле сал, жүккө бер" деп суранышты. Жалпы жүргүнчү каттоо пунктунда кезекке тургандар көп болгондуктан, мени бизнес класстан өткөрүп коюшту".

Милиция кызматкерлери Оксанага Дубайда тосуп ала турган Улан аттуу адамдын телефон номурун, сүрөтүн берип, күтүү залында турганда Вотсаптан да сүйлөштүрүшкөн.

Учак Дубайга конгондо Кыргызстандан барган бардык жүргүнчүлөрдүн жүгү тинтүүгө алынган.

Оксананын чемоданын текшеришкенде баягы милиция кызматкерлери берген таңгактан Бишкекте ээн-эркин сатылган психотроптук лирика дарысы чыккан.

"Таңгактын ичинде канча дары бар экенин көргөн эмесмин. Тергөөчүлөр акт түзүп, "колуңду кой" дегенде карасам 840 таблетка деп жазылып туруптур. Дубайда бул дарыга тыюу салынган экен. Маңзат колдонгон адамдарга түнкү клубдарда жашыруун сатышат дешти. Абдан таң калдым. "Дары меники эмес, кыргыз милициясы берген" деген сөзүмө ишенишкен жок. Паспортумду, телефонумду алып коюшуп, 1,5 сааттай кармашты. Аларга сыртта дарынын ээси күтүп турганын да айттым. Себеби, мен учактан түшөрүм менен эле Улан жазып баштаган да. Анан полиция кызматкерлеринин бирөө жөнөкөй кийим кийип, сыртка алып чыкты. Улан келген жок, мен кечиккенде эле шек санап качып кетиптир".

Оксананы адегенде Дубайдын аба майданындагы убактылуу камоочу жайга киргизишкен.

"Абактын камерасы темир тор менен курчалган. Мени алып барганда беш-алты кыз жерде уктап жатыптыр. Камераны кайтарган аялды ойготуп, мени камашты. Үстүмө бир, алдыма бир жука жууркан беришти. Дубай ысык болгондуктан түрмөдө аба муздаткыч тынымсыз иштейт. Ичи суук, кафель төшөлгөн жерде үшүп, таң аткыча уктай албай чыктым. Жарым литр эле суу беришти. Санаага батып, жүрөгүмө тамак баспай калды. Суу уурттасам эле окшуп жаттым. Абак кайтаруучулар "боюңда барбы" деп шектүү карап жатышты. Бир суткадан кийин депортациялык борбордун абак жайындагы тергөөчүгө алып барышты. Кусуп жатканыма карабай, медициналык жардам көрсөтүшкөн жок.

Сурактын алдында канымда маңзат барбы же жокпу деп анализ алышкан. Орус тилмеч таап келишиптир. Тергөөчү мага кыйкырып "алдаба, сен баңгисиң, каныңдан маңзат чыкты, андан көрө протоколго кол кой, ишти жабалы!" деп коркутту. Уруп-согуп, кыйноого албаса дагы психологиялык кысым көрсөтүшөт экен. Мен кол койбой койдум. Кайра депортациялык борбордун убактылуу камоочу жайына алып барышты. Ал жерде кырк күн жаттым".

Абактагы даамсыз тамак, шайды оодарган уйку

Оксананын соту 40 күндөн кийин болгон. Анда аны Кыргызстанга депортациялоо, Бириккен Араб Эмирликтеринин аймагына өмүр бою киргизбөө чечими чыккан. 5 миң дирхам (1 500 АКШ доллары) айып төлөөгө милдеттендиришкен.

Айыппулду төлөгүчө Оксана аялдар абагында отурган.

"Дубай түрмөсүндө өзүңдүн кийимиңди кийгенге уруксат берилбейт. Белден ылдый ич кийим менен киресиң. Аялдар абакта нерви чыңалып, маал-маалы менен мушташа кетишет. Ошондой учурда алсызын муунтуп салбасын деп күнүмдүк кийимди кийгизбейт экен. Өздөрү берген кийимде ашыкча эч нерсе жок.

Депортациялык борбордогу убактылуу абак жайы менен түрмөнүн тамагы окшош эле. Буурчак менен жашылча-жемиштерди кайнатып беришет, кээде тооктун эти менен тамактанабыз. Түрмө кайтаргандар "абактагылар бири-бири менен урушпасын деп тамакка дары кошуларын" айтып калышчу. Ошондон уламбы шалдырап эле уйку келе берчү.

Оксананы азапка салгандар жазалана элек

Дубайда мейманкана ордуна абакта жаткан Оксана Кыргызстанга 2019-жылдын декабрь айында депортация болгон. Ал келери менен эле дарыны берген милиция кызматкерлерин издөөгө киришкен.

Ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Оксанага лириканы берген милиция кызматкерлерин тапкан. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

"Бир жума мурда мени Дубайда тыюу салынган дарыны берген эки милиционер менен беттештиришти. Анын бирөө "орусча билбейм, муну менен сүйлөшкөн эмесмин" деп танып койду. Ал эми мага дарыны карматканы "Дубайда эч кандай таанышым жок" деп чыкты. Бирок аэропорттун камералары тарткан видеолордо алардын мага таңгакты кантип бергени, көзөмөлдөн өткөргөнү сакталып калган.

Чынын айтсам, Бишкекке кайтарым менен жумушка алаксып, баштан өткөн азапты унутууга аракеттендим. Бирок ушул убакка чейин Дубайдын абагынын муздак дубалдары курчап тургансып кыйнала берем. Кыргызстандын жарандарын милиция коргошу керек да. Биздин тартип сакчылар кайра кор кылышат турбайбы.

Түрмөдө жанымда жаткан аялдардын айрымдары туугандары, достору "ала бар" деп берген "посылканын" айынан камалганын айтып калышчу. Сүйлөшкөн жигити, бир тууган агасы абакка түрткөндөр бар эле. Ошондуктан чет өлкөгө чыгып жаткан мекендештериме айткым келет, дүйнөдөгү акыркы боорукер адам болсоңуз да эч кимдин аманатын албаңыз. Мейли дары болсун, мейли кагаз болсун сылык баш тартканыңыз оң. Дубай сапары мага турмуштук чоң сабак болду. Адамдарга ишенбей калдым...

Азиздин окуясы

Оксана кармалгандан он күн өтпөй, 17-сентябрда 26 жаштагы ишкер жигит Азиз дагы Дубай аэропортунан полициянын колуна түшкөн.

Ал дагы кыргызстандык милиция кызматкерлеринин "Дубайда катуу ооруп жаткан аялга дары жеткирип бериңиз" деген сөзүнө алданган.

Дубайда бизнес кылган ишкер жигит Кыргызстанга эс алууга келген. 2019-жылдын 17-сентябрында Бириккен Араб Эмирлигине кайтуу үчүн аэропортко келген. Колундагы жүгү белгиленген чектен 5 килограммга ашып кетип, буйдалып калганда милиция кызматкерлери Азизге "жардамга" келет.

"Милиция кызматкери "Жүгүң ашыкча болуп калдыбы, өткөрүп берейинби?" деп сурап калды. Сүйүнүп кеттим. Ал менден бул кызматы үчүн дары ала кетишимди суранды. Кичине шекшип, эмне дары экенин сурасам эпилепсия (талма) кармаганда бериле турганын айтты. Сүйлөшкөн кызымдын жакын курбусунун ушул оорусу бар эле. Ичимен "дагы бирөөгө керек тура, жардам берейин" деп ойлодум.

Аманатын бир жакка катып койгон окшойт, баштыкка салып келишти. Жүгүм ашыкча болсо да "чемоданга сал" деп туруп алышты. Ошондо бир шекшидим. Бирок эч жаман ойду кууп, чемоданга салып койгом. Алар мени кезек күттүрбөй эле бизнес-класстан өткөрүштү. Дубайга учуп келгенде бизди аба майданында полиция күтүп туруптур. "Кыргызстандын атуулдары жүгүңөр менен бул тарапка өткүлө" деп бөлүп кетишти. Менин жүгүмдү сканерден өткөргөндө Дубайда тыюу салынган лирика деген дары чыкты.

Лирика - Кыргызстанда дарыгердин рецепти жок эле сатылган препарат. Медициналык аталышы - прегабалин. Дубайдагы тыюу салынган 293 препараттын ичинде 246-сапта турат.

Дубайга башка өлкөнүн атуулдары жөнөкөй парацетамол алып кире албайт. Сөзсүз дарыгердин рецепти керек. 1995-жылы Бириккен Араб Эмирликтери баңгизатка байланыштуу кабыл алган мыйзамга ылайык, бул өлкөгө жөнөкөй аспиринди да рецепти жок алып кирүүгө тыюу салынган.

"Полиция "Чемоданда дары барбы?" деп сураганда "ооба" деп бейкапар жооп берип койдум. Себеби, Кыргызстандан өзүмө дары алган элем. Ошолорду сурап жатабы деп ойлогом. Кыргызстанда дары арзан, Дубайда догдурга көрүнүп, рецепт алмайынча сатылбайт. Чемоданымдагы милиционерлер салган баштыкты ачышса, лирика деген дарынын 560 капсуласы чыкты. Муну көргөндө Дубайдын полиция кызматкерлери "Машаллах, өтө ири партиядагы маңзатты кармадык!" деп алакан чаап сүйүнүштү. Ошондо гана кутулгус куяга кабылганымды билдим", - деди Азиз.

"Төрт саат бутка койгулашты"

Азиз тыюу салынган дарыны ташыганы үчүн 7,5 жылга кесилген.

Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин көмөгү менен 14 айда араң акталып, Кыргызстанга депортацияланды. Ал дагы жогорудагы каарманыбыз Оксанага окшоп БАЭге өмүр бою кире албайт.

"Убактылуу кармоочу жайдан суракка алышты. Аны арабча жазышат экен. Мен арабча сурактын жыйынтыгына кол коё албайм дедим. Жанымда кошо сурак бергендер коркуп кетип кол коюп жатты. Макул болбой койсом, төрт саат кыйнашты. Бутумду столдун алдына салып алып, таманга ургулашты. Башында сегиз эле күн отурам деп ойлогом. 14 ай отуруп чыкпадымбы. Ошол убакыт ичинде 15 килограммга арыктадым. Түрмөнүн ичинде свет 24 саат бою күйүп турат. Көзүм жакшы көрбөй калды. Бир топ жыл курган бизнесимди жоготтум. Ичимен кыйла жылга картайып кеткендей болдум. Мен эле эмес жакындарыма да оор болду. Апам мен түрмөдө жатканда түнкүсүн уктабай ыйлап чыкчу экен.

Туурасы эки, узуну төрт метрлик жерде муздак кондиционердин алдында жатасың. Жука жууркандын бирин төшөнүп, бирин жамынуу үчүн беришет. Алгач 36 саатка кармалганда жарым литр эле суу беришти. Сегиз чарчы метрлик тар камерада тогуз киши жаттык.

Дубайда иштеп жүргөндө өтө активдүү элем, жүздөн ашык дос-таанышым бар болчу. Ошолордун ичинен бирөө эле ал-абалымды сурап турду. Сүйлөшкөн кызым мени күтпөй күйөөгө тийип кетти. Мен отургандан көп өтпөй пандемия башталды. Бизди көрүүгө келген кишилердин аягы тыйылды, түрмөнүн ичиндеги китепканага да кирбей калдык. Мурда досум китеп алып келип берип, алаксып жаттым эле. Кийин камерада Курандан башка китеп жок болуп калды. Отуздай сүрөөсүн жаттап, арабча үйрөнүп алдым. Мурда жалаң англисче сүйлөчүмүн".

"Аманатты ташыбагыла!"

Дубайда Азиздин соту бир нече жолу жылган. Чечим чыккандан кийин аны борбордук түрмөгө которушкан. Ал жакта өмүр бою абакка кесилгендер, киши өлтүргөндөр менен чогуу отурган.

Адвокат жалдоого 30 миң доллар коротсо, андан башка дагы чыгымдарына 15 миң АКШ доллары кетип, жалпы жонунан 45-50 миң АКШ долларын табууга аргасыз болгон.

Акталып чыгышына "Манас" аба майданында иштеген эки милиционердин дарыны берип жаткан видеотасмасы башкы далил болгон. Видеолор УКМКнын атайын иликтөөсүнүн негизинде табылган.

Азиз баштан кечирген азаптардан кийин чет жерге каттагандарга эч кимден эч кандай жүк албоону эскертип турат.

"Аэропорттон бирөө "сумкамды кармап тур" десе да макул болбош керек. "Документ жеткизип бер" десе да албагыла, себеби кагазга "спайс", "кристалл" деген маңзатты сээп коюшат. Мындай заттар Дубайда кымбат сатылат, аны менен кармалгандар кеминде 25 жылга соттолот. Түрмөдө сүйлөшкөн кызынын апасы тамак-ашына маңзат салып коюп, кармалган индус жигит менен чогуу отургам. Азыр Инстаграмдан "Дубайга жүк ала кетем", "баланча дирхамга мынча килограмм жүк жеткирем" деген жарыяларды окуп калам. Ошол жүктүн арасында тыюу салынган дары-дармек болушу мүмкүн. Андыктан эч кимден эч кандай аманат албаңыз".

Азиз менен Оксананын окуясын видеодон да көрүңүз.

"Сапарга чыгарда маалымат алуу керек"

Дубайда жылына үч-төрт кыргызстандык ар түрдүү кылмышка шек саналып камалат. Алардын басымдуусу тыюу салынган дарыны ташууга айыпталып келет.

Жогоруда дары менен кармалып, абак азабын көргөн эки кыргызстандыктын соттон акталып чыгышы үчүн Кыргызстандын Дубайдагы консулдугу опол тоодой эмгек кылган.

Консул Азамат Сыдыковго байланышып, Бириккен Араб Эмирликтерине алып кирүүгө тыюу салынган заттар тууралуу сурадык.

"Негизи тыюу салынган дары-дармектерди ташыгандардын жазасы өтө жогору. 25 жылга же өмүр бою абакка кесилип кетиши мүмкүн. Ошондуктан жарандарды сак болууга чакырып, пресс-релиздерди таратып келе жатабыз. Дубайга келерде эмнени алып барууга болот же болбойт деген тизмени интернеттен эле окуп коюшса жакшы болот эле. БАЭ тууралуу өтө көп маалыматтар бар", - деди Сыдыков.

Консул дары-дармектерден тышкары ири суммадагы акча, кымбат баалуу зер буюмдарды декларациядан өткөрмөйүнчө Дубайга алып кирүүгө тыюу салынарын кошумчалады.

Ушу тапта Бириккен Араб Эмирликтеринде расмий катталган 3 миңге жакын кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсеп боюнча бул өлкөгө 4 миңдей мекендеш барган.

Өлкөдө Дубай, Шаржа баштаган ири шаарлардын өз мыйзамдары бар. Шаржанын мыйзамы Дубайга салыштырмалуу катаал, түрмө шарттары да начар.

Сөз соңунда каармандарыбыздын экөөнө тең Дубайдагы абакта тарткан азабы, материалдык-моралдык чыгымы үчүн бир да тарап кенемте төлөп бербегенин белгилей кеткибиз келет.

Аларга тыюу салынган лирика дарысын аманат катары ташыткан милиция кызматкерлеринин бирөө гана убактылуу камакка алынып, соттук териштирүү жүрүп жатат. Башка өлкөдө түрмө азабын тарткан кыргызстандыктар Кыргызстанда лирика ээн-эркин сатылгандыктан, абактагы тартип сакчысы деле жазадан оңой кутулуп кетеби деп кабатыр.







За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал


В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

История без фальсификации: Шемахи в первой половине XVIII века

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

Это вовсе не только Питер: названы 15 городов России, куда можно поехать на белые ночи


A Deep Dive into Realistic Doll Manufacturers

Andy Murray cracks brutal joke as Brit star’s Wimbledon preparations are disrupted by bizarre injury 

Walmart adds employee bonus for hourly US workers

LeelooDolls: Revolutionizing the Sex Doll Industry


Трасса М-12 Восток будет продлена до Тюмени в 2025 году

Гора Бабырган

Средняя полоса в июне.

Создан новый метод предсказания деменции с точностью до 80%


Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

Показ геймплея тактики SteamWorld Heist II

Мафия-НН: Все в сборе, правила с тревогой выслушаны, роли прочитаны, и сразу же в бой!

I tried to recreate Marvel's Iron Man in this movie studio sim, and my version was so bad my own father stormed out of the theater



Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

«Солнечная Азбука» в особом семейном центре «Семь-Я»

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.


Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг

Москвичи смогут узнать о состоянии родных в реанимации через СМС-сообщения

Акция «Чистый лес» состоялась в округе Шатура


Двое велосипедистов открыли стрельбу по полицейским в Домодедове

Финалист КХЛ подписал суперзвезду! Радулов разрушит «Локомотив» или выиграет Кубок Гагарина?

Работа мечты. Авито и центр «Профессии будущего» объединят усилия

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС


Соболенко, проигравшая Андреевой, потеряет 2-е место в рейтинге WTA по итогам «Ролан Гаррос», уступив его Гауфф

Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"

Андреева рассказала о своих планах на предстоящий матч с Соболенко во Франции

Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича


Работа мечты. Авито и центр «Профессии будущего» объединят усилия

Собянин: В Москве будет построен уникальный завод по производству медпрепаратов

Двое велосипедистов открыли стрельбу по полицейским в Домодедове

Приемная кампания в колледже «Подмосковье» стартует 20 июня


Музыкальные новости

Надежда Бабкина приедет в Ярославль

Документальный спецпроект — Главком ВМФ адмирал Владимир Высоцкий (03.06.2024)

Создание Афиши Выступления или Концерта, Мероприятия, События.

Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»


В Москве прошла Премия-практикум «Харизма Года»

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.

Два человека пострадали в ДТП с автозаком в Москве

В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал


Почта России помогла детям-подопечным благотворительных фондов встретиться с футболистами ЦСКА

ЦСКА забрал кубок из Казани // Армейцы вернули себе титул чемпиона Единой лиги ВТБ

Concord is skipping free-to-play and pulling a Helldivers 2 instead: $40 for the full game with all 16 heroes at launch

Солнечные дети на сцене Кремля


Сотрудники Росгвардии пришли на помощь попавшей в ДТП несовершеннолетней девочке в Йошкар-Оле

Автомобиль столкнулся с мотоциклом на 51-м километре Калужского шоссе

В Москве автозак с людьми перевернулся на дороге

«Синички», роботы, КАМАЗы. Какие соглашения заключила Москва на ПМЭФ-2024


Орбан посоветовал "не дергать русских за усы"

Эксперт Михаил Александров: Далекие от реалий мифологемы

Крестьянин или князь: откуда идет род семьи Путина

Песков счёл ошибкой думать, что в отношениях Москвы и Анкары наметились проблемы




В Швейцарии завершился чемпионат Европы по спортивной и фитнес-аэробике

Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

На ПМЭФ Москва и Буэнос-Айрес договорились о поставках инсулина

Уникальный интерактивный проект Ставропольской психиатрической больницы на выставке-форуме «Россия»


AFP: Байден объявил о выделении Киеву помощи на 225 млн долларов


«Столото» подписал соглашение в развитие стратегической поддержки комплекса ГТО и многоборья ГТО

Медийный баскетбол, киберспорт и турнир ММА: Константин Пухов рассказал о мероприятиях Международного центра бокса (Наташа)

В Швейцарии завершился чемпионат Европы по спортивной и фитнес-аэробике

Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки



Сергей Собянин рассказал о реализации проектов КРТ в столице

Мэр Москвы и глава Башкортостана подписали соглашение в рамках ПМЭФ

Мэр Москвы Собянин договорился о сотрудничестве с главой Башкирии Хабировым

Мэр Москвы договорился о создании роботизированного завода по производству грузовых автомобилей


Багреева: Глобальные климатические цели могут быть достигнуты при участии городов

Жара вновь бьёт рекорды. Повторится ли аномальное лето 1972 и 2010 годов?

Сервис email-маркетинга DashaMail интегрировал в свою экосистему конструктор виджетов LeadPlan

Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки


Клиники «Будь Здоров» — в лидерах рейтинга лучших клиник 2ГИС

Свыше 16 тысяч бойцов подписали контракты с Минобороны РФ в Балашихе

Двое велосипедистов открыли стрельбу по полицейским в Домодедове

Приемная кампания в колледже «Подмосковье» стартует 20 июня


Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Архангельск стал базовой площадкой для проведения окружного спортивного форума

Лед тронулся. Как волонтер из Ульяновска попала на «Арктику» и кому поможет портрет Карамзина

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P


Клубный дом "Моне" - особый статус в центре Симферополя

Глава Росавиации: возобновление работы закрытых с начала СВО аэропортов пока не ожидается

Литературно-краеведческая программа «Не может быть Родина малой, с такою великой душой!»

Глава Росавиации рассказал о перспективах открытия аэропорта Краснодара


Работа мечты. Авито и центр «Профессии будущего» объединят усилия

Двое велосипедистов открыли стрельбу по полицейским в Домодедове

Лесничие и студенты Можайска провели субботник у истока Москвы-реки

Финалист КХЛ подписал суперзвезду! Радулов разрушит «Локомотив» или выиграет Кубок Гагарина?














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *