Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2018

Новости за 18.04.2018

Эрдоган Түркияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялады

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялап, добуш берүүнү 24-июнга белгиледи. Ал 18-апрелде шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүү чечимин түшүндүрүп жатып, Түркия тезирек президенттик башкарууга өтүшү зарыл экенин айтты. Эрдоган мындай чечимге бүгүн Улутчул кыймыл партиясынын лидери Давлет Бахчели менен сүйлөшкөндөн кийин келген. 17-апрелде күтүүсүздөн кезексиз шайлоо өткөрүү сунушун көтөрүп чыккан Давлет Бахчели - президент Эрдогандын союздашы катары белгилүү. Читать дальше...

Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун өкүлдөрү Думага кире албай жатат

Azattyk.org 

Химиялык куралга тыюу салуу эл аралык уюмунун Сириядагы миссиясынын коопсуздугун камсыз кылган Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлери шейшемби күнү Дума шаарында аткылоого кабылды. Маалымат каражаттарынын жазышынча, бул тууралуу уюмдун баш катчысы аткаруу комитетинин шаршембидеги жыйынында кабарлады. “Рейтер” агенттиги да коопсуздук маселелеринен улам Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун кызматкерлери Дума шаарына кире албайт окшойт деп жазган. Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде... Читать дальше...

Тогуз-Торо кен жарасын ырбатты

Azattyk.org 

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Тогуз-Тородогу алтын ылгоочу фабриканын өрттөлүшүн иликтөөгө алды. 11-апрелдеги тополоңдо фабриканы жергиликтүүлөр толугу менен өрттөшкөн. Алар кытайлык инвесторду эл менен эсептешпей жатат деп айыптоодо. Тополоңду уюштурууга шектүү катары 12 жаран эки айга камалды.

Актрисалар: кайрылбаган жаштык, кайран дымак...

Azattyk.org 

Эмгек сиңирген артист Гүлмира Турсунбаева жана жаш актриса Динара Идирис кызы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштейт. Гүлмира театр сахнасына мындан отуз жыл мурун келсе, Динара бир жыл мурун өзүнүн өнөр жолун баштаган. Эки муун өкүлү учурда сахнада өнөктөш образдарды жаратып, чыгармачылыкта бирге иштеп келет.

Венеция комиссиясы Текебаевдин абалына тынчсызданды

Azattyk.org 

Венеция комиссиясы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул уюмдун кезектеги жыйынына катыша албай калганына “терең тынчсызданууда”. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди. Токтакунованын айтымында, март айында Текебаевдин атына чакыруу келген, бирок ал камакта жатканына байланыштуу жыйынга катыша албай турганы тууралуу жооп жөнөтүлгөн. Бүгүн ошол катка комиссиянын төрагасы Жанни Букиккиодон жооп келди. Анда “Мен комиссиянын мүчөлөрүнө... Читать дальше...

Армениядагы кырдаал али да тынч эмес

Azattyk.org 

АКШнын жогорку даражалуу чабарманы Түндүк Кореяга жашыруун барып, Ким Чен Ын менен жолукканы белгилүү болду. Арменияда экс-президент Серж Саргсян премьер-министрликке шайлангандан кийин да эл толкуну тыйылбай жатат. Иракта орусиялык жана азербайжандык аялдар менен кошо Кыргызстандын бир жараны да өлүм жазасына кесилгени кабарланды.

"Телеграмды" колдогон активисттер административдик жазага тартылды

Azattyk.org 

Москва соту шаршемби күнү "Pussy Riot" панк-тобунун мүчөсү Мария Алехинаны 100 сааттык милдеттүү жумуш кылуу түрүндө жазага тартты. Ал Орусияда сот аркылуу бөгөт коюлган "Телеграм" мессенжерин колдоп чыккан. Сот Мария Алехинаны жана акциянын дагы бир катышуучусу, өзүн православ активисти деп атаган Дмитрий Энтеону "коомдук жайда жүрүү эрежесин бузду" деп тапты.   Сот отурумуна "Pussy Riot" тобунун дагы бир мүчөсү Надежда Толоконникова да келди. Мария Алехина, Дмитрий Энтео жана дагы 10 киши 16-апрелде... Читать дальше...



«Телеграмды» колдогон активисттер административдик жазага тартылды

Azattyk.org 

Москва соту шаршемби күнү "Pussy Riot" панк-тобунун мүчөсү Мария Алехинаны 100 сааттык милдеттүү жумуш кылуу түрүндө жазага тартты. Ал Орусияда сот аркылуу бөгөт коюлган «Телеграм» мессенжерин колдоп чыккан. Сот Мария Алехинаны жана акциянын дагы бир катышуучусу, өзүн православ активисти деп атаган Дмитрий Энтеону "коомдук жайда жүрүү эрежесин бузду" деп тапты.   Сот отурумуна "Pussy Riot" тобунун дагы бир мүчөсү Надежда Толоконникова да келди. Мария Алехина, Дмитрий Энтео жана дагы 10 киши 16-апрелде... Читать дальше...

Аксыда "асынып алды" деген окуучу аттан кулап өлгөнү дайын болду

Azattyk.org 

Аксы районунун Ак-Жол айылында каза болгон 11-класстын окуучусунун өлүмүн жергиликтүү бийлик жана күч органдары иликтеп көрдү. Натыйжада бала өз өмүрүнө кол салбай эле, аттан кулап өлгөнү такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди. - Ар ким ар кандай сөз чыгаргандыктан мен атайын барып, маркум окуучунун ата-энесине жолугуп келдим. Ушундай, “ар ким ар кандай сөз айтып жатат, ошону тактаганы келдим” деп айттым. Алар уулу мал караганы чыкканда аттан кулап... Читать дальше...

АКШ армян элин жана бийлигин сабырдуулукка чакырды

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары Армениянын борбору менен башка шаарларындагы демонстрацияларга дыкат көз салып турганын айтып, кагылышууларга тынчсызданганын билдирди. “Бардык тараптарды сабырдуулукка, кандайдыр чыңалуудан же зомбулуктан качууга чакырабыз” деп айтылат Мамлекеттик департаменттин атайын билдирүүсүндө. Полиция Еревандагы митинг ордосуна айланган Франция аянтындагы элди кармай баштады. Акыркы маалыматтарга караганда, бүгүн кармалгандардын саны жетимиш кишиге жетти. Кечээ "эркин жыйын тартибин... Читать дальше...

Иракта кыргызстандык аял дарга асылдыбы?

Azattyk.org 

Иракта "радикалдык "Ислам мамлекети" уюмуна тиешеси бар" деген кине менен орусиялык, азербайжандык жана кыргызстандык аялдар өлүм жазасына кесилгени кабарланууда. Орусиянын маалымат каражаттары жазгандай, 17-апрелде соттун чечими менен катаал жазага тартылгандар дагестандыктар болгон. Ирактын бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Ирак абактарында кыргызстандык аялдар бар экени буга чейин да айтылып келген.

Кытайдын Шинжаң аймагында "он миңдеген адам" кармалган

Azattyk.org 

Кытайдын батышындагы Шинжаң аймагында уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктоодон улам он миңдеген адам кармалган. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Лаура Стоун Бээжиндеги жыйында билдирди. Анын сөзүнө караганда, "саясий тарбия берүү" деп аталган борборлорго жапырт камоо "үрөй учурган абалды элестетет". Дипломат кытай бийлигин азыркыдан ачык-айкыныраак жана жоопкерчиликтүү система түзүүгө чакырды. - Биз Шинжаңдагы уйгурлардын жана мусулман азчылыктарынын... Читать дальше...

АКШнын өкүлү Түндүк Кореяга барып келди

Azattyk.org 

АКШнын жогорку даражалуу чабарманы Түндүк Кореяга жашыруун барып келгени белгилүү болду. Борбордук чалгын кызматынын директору, мамлекеттик катчылыкка талапкер Майк Помпео өз сапарында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукканын америкалык медиа кабарлады. Жолугушуу өткөн аптада болгонун бүгүн президент Дональд Трамп да ырастады. Бул окуя Пхеньян менен Сеулдун келерки аптага белгиленген саммитине жана АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин жолугушуусу даярдалып жаткан учурга туш келди.

Кыргызстандык режиссердун тасмасы эл аралык фестивалга катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандык режиссер Гүлзат Эгембердиеванын “Жаргылчак” даректүү тасмасы Германияда өтө турган эл аралык этнографиялык кино фестивалга (German International Ethnographic Film Festival - GIEFF) катышат. Бул тууралуу фестивалдын расмий сайтында жазылган. Маалыматка караганда быйыл 25-жолу уюштурулуп жаткан фестивал 9-майдан 13-майга чейин Германиянын Кобленц шаарында өтөт. Фестивалдын программасына 34 мамлекеттин режиссерлорунун эмгектери киргизилген. Тасмаларды кароо студенттик жана негизги категорияларда өтөт. Читать дальше...

Милициянын подполковниги шериги экөө 13 килограмм героин менен кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизатты Тажикстандан ташып келаткан эки адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Шектүүлөр атайын операция учурунда Бишкектин Токтогул жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган. Алардын документтерин текшерүү учурунда бири 50 жаштагы Тажикстандын жараны М.М., экинчиси 41 жаштагы Кыргызстандын жараны, Кара-Көл шаарынын тургуну М.Н. экени аныкталган. Текшерүү учурунда... Читать дальше...

Химиялык куралга тыюу салуу уюму Скрипалдын ууланышы боюнча жыйын курат

Azattyk.org 

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун курамындагы мамлекеттер Гаагадагы жолугушууда орусиялык мурдагы агент Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын Британиянын Солсбери шаарында ууландырылышын окуяны талкуулайт. Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун аткаруу комитети инспекторлордун уулануу боюнча баяндамасынан кийин Британиянын өтүнүчү менен чогулууда. Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө 4-мартта ууландырылганы үчүн расмий Лондон Москваны... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу автоунаа оодарылып кетти

Azattyk.org 

Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында бүгүн газ ташып бараткан автоунаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Баштапкы маалыматтарга караганда, газ ташыган транспорт күйүүчү май ташыган башка бир оор жүк ташуучу автоунаадан ашып өтүүгө аракет кылып, аны капталы менен уруп алган. Натыйжада газ ташуучу унаанын цистернасы жолдун боюна чыгып, кулап калган. Эч ким жабыркаган жок. Оодарылган цистернадан газ чыккан эмес. Аны көтөрүүгө крандын күчү жеткен эмес. Читать дальше...

Мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен кетти

Azattyk.org 

Мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим арызын жазып иштен кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова билдирди. Анын айтымында, окуя Бишкектеги №20 окуу-тарбиялык комплексинде, математика сабагында болгону аныкталды. - Окуяны иликтеш үчүн комиссия түзүлдү. Ага билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү, мектеп директору жана анын орун басары кирди. Комиссия өкүлдөрү окуучу жана анын апасы менен сүйлөшүптүр. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүптүр. Читать дальше...

19-апрелдеги аба ырайы: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Azattyk.org 

20-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык багыттагы кызматтардын ишин жана кыштоолордо мал багууну кыйындатат. 19-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Читать дальше...

Ереванда Серж Саргсянга каршы нааразылык акциялары уланууда

Azattyk.org 

Полиция кызматкерлери Еревандын Франция аянтында өтүп жаткан акциянын катышуучуларын кармады. Укук коргоо органдарынын "Азаттыктын" армян кызматына билдиргенине караганда, жолдорду ачуу максатындагы иштин алкагында кармалган кишилердин саны 60ка жеткен. Бир аптадан бери демонстранттар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке келишине каршы чыгышууда. Армениянын парламенти Серж Саргсянды элдин каршылыгына карабай, 17-апрелде премьер-министрликке бекитти. Анын талапкерлигин бийликтеги Республикалык партия сунуш кылып... Читать дальше...

Чет өлкөдөн нанын тапкан жаштар арбын

Azattyk.org 

Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка орноштурууга ортомчулук кылып расмий түрдө жетимиштей фирма иштейт. Ал компаниялардын маалыматына караганда, азыр Орусия, Түркия мамлекеттеринде кызмат көрсөтүүчү жумуштарга орун көп. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө ишке жарамдуу ар бир онунчу адам жумушсуз.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *