Майк Помпео Мамлекеттик катчылыкка бекитилди
АКШнын Сенаты Майк Помпеону Мамлекеттик катчылыкка 57 добуш менен бекитти. 26-апрелдеги добуш берүү учурунда 42 сенатор анын талапкерлигине каршы чыкты. Сенаттагы добуш берүүдөн кийин ал дароо эле Жогорку соттун судьясы алдында Мамлекеттик катчы катары ант берди. 54 жаштагы Майк Помпео соңку он беш айдан бери АКШнын Борбордук чалгын кызматын башкарып турду. Президент Дональд Трамп жаңы Мамлекеттик катчынын бекитилүүсүн кубаттап, Помпеону “АКШнын кызыкчылыгын ар убак биринчи орунга койо турган” адам катары мүнөздөдү. Читать дальше...