Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2018

Новости за 17.07.2018

Иран Кошмо Штаттарды сотко берди

Azattyk.org 

Эл аралык Адилеттик соту (ICJ) Ирандын АКШга каршы доо арызы аларга келип түшкөнүн 17-июлда ырастады. Расмий Тегеран сотко жолдонгон арызында президент Дональд Трамптын администрациясынын Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүүсүн АКШ Иран жана дүйнөнүн башка беш ири державасы менен кол койгон келишимди бузуу деп белгилеген. Эл аралык сот бул маалыматты ырастаар алдында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф "Твиттердеги" баракчасы аркылуу алар сотко АКШны “бир тараптуу санкцияларды... Читать дальше...

Орусияда ВИЧке чалдыккандар көбөйдү

Azattyk.org 

Хельсинкиде Орусия жана АКШ президенттеринин жолугушуусу өттү. Орусияда ВИЧке чалдыккандардын саны бир жылда 20% көбөйдү. Өзбекстан чек арасын ачканы коңшулары менен соода-сатык алакасы кайсы жакка өзгөрдү? Казакстанда майыптар иштеген интернет-радио ачылды. Челябинскте кыз-келиндерден чыккан жалгыз өрт өчүрүүчү Екатеринанын кыялы. Польшада компьютерлердин музейи ачылды. Сауд Аравиясы исламга чейинки маданий эстеликтерин калыбына келтирүү аракетин көрө баштады. Орусияда эң мыкты чалгычы наамы үчүн мелдеш өттү.

Орусияда падышанын атылганынын 100 жылдыгын эскеришүүдө

Azattyk.org 

Екатеринбург шаарында, Орусиянын акыркы падышасы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү атылгандан соң алардын сөөгү ташталган жердеги диний жөрөлгөнүн башында бүгүн патриарх Кирилл өзү турду.  Ага чейин өткөн түндөн тарта бүгүн таңга чейин патриарх Кирилл баштаган миңдеген зыяратчылар 21 чакырым аралыкка диний жүрүш дагы жасашты. Алар падыша жана анын үй-бүлөсү атылган жерден алардын сөөгү ташталган жерге чейинки аралыкты басып өтүштү. Орусиянын акыркы падышасы Николай II, анын жубайы жана беш баласы 1917-жылкы... Читать дальше...

Бурулайдын ишин иликтөө создукту

Azattyk.org 

16-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын атасын кабыл алууну ички иштер министрине дайындады. Кандуу окуядан бери дээрлик эки ай өтсө да талаштуу жагдайларга чекит коюлбай келатат.

Ооганстандын түндүгүндө жанкечтинин чабуулунан 20 киши өлдү

Azattyk.org 

Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, кандуу окуя 17-июль күнү Сар-и-Пул провинциясында айыл аксакалдары "Талибандын" адамдары менен жолугуп жаткан учурда болду. Аймактан түшкөн маалыматтардын дагы биринде жанкечти өзүн мечитте жардырганы да айтылууда.  Кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Бирок Сар-и-Пулдун провинция башчысы Абдул Каюм Бакизойдун айтымында, жанкечтинин жардыруусу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жооптуу. Полиция башчысы кошумчалагандай, акыркы күндөрү Ооганстандын түндүгүндө... Читать дальше...

Жапония менен Евробиримдик эркин соода келишимине кол койду

Azattyk.org 

Келишимге шаршембиде Токиодо кол коюлду. Ага ылайык, Жапония менен Евробиримдик бири-бири үчүн автоунаалардан тартып, быштакка чейин бажы тарифтерин жоюшат.  - Биздин келишимдердин маанисин бирден онго чейинки ченем менен баалаганда мен, албетте, он деп айтаар элем. Эң биринчиден бул, албетте, экономикалык жагы. Анткени эң ири эркин соода келишими түзүлүп жатат. Ал узак мөөнөттөн алганда Европа менен Жапониянын ортосундагы сооданы чыңдап, кошумча иш орундарын жана бакыбатчылык алып келет, - деди... Читать дальше...

Исаковдун жактоочусу УКМКны айыптады

Azattyk.org 

"Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери опузалап жатат" деген маалыматты атайын кызмат четке какты.



Аялдар үчүн ачылган айылдагы спорт зал

Azattyk.org 

Оштогу Кеңеш айылында 60-70 жаштагы байбичелер фитнес, аэробика клубуна барып жатышат. Кыз-келиндер үчүн ачылган бул жайда алар жаштар менен бирге ден соолугун чыңдап жаткан кези.

Эксперттер Кумтөр кенин мамлекеттештирүүгө чакырышты

Azattyk.org 

Бишкекте эксперттер "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда экологиялык жана экономикалык маселелерди, "Центерра Голд" компаниясынын мындан аркы ишин талкууга алышты. Анын жыйынтыгында өкмөткө  "Кумтөр" кенин мамлекеттештирүү тууралуу сунуш берилди. Талкууга катышкан өкмөттүк аппараттын өкүлү бул сунуш эске алына турганын билдирди. Ошол эле учурда ал Кумтөр боюнча буга чейин иштелип жатканы айтылган жаңы келишим тууралуу маалымат берген жок.  Жыйынды эксперттердин "Пикир" клубу уюштуруп, жыйынтыгында... Читать дальше...

Аскер окуу жайларына студенттерди кабыл алуу жүрүп жатат

Azattyk.org 

2-июлдан тартып өлкөнүн аскердик окуу жайларына кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу журналисттерге Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Талгат Саалаев кабарлады. Анын айтымында, 2-июлга карата 325 абитуриент Куралдуу күчтөрдүн аскердик институтуна документ тапшырды. Ал эми чет өлкөлүк аскер окуу жайларына 362 бүтүрүүчү документ тапшырууну каалап жатат. Бир орунга алты окуучу ат салышат.  - Болушунча коррупциялык көрүнүштөрдү четке кагуу, аларды... Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

18-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35; Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 29...34; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 33...38; Баткенде түнкүсүн 19...24, күндүз 33...38; Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26; Нарын облусунда түнкүсүн 10...15... Читать дальше...

ЭВФ: Глобалдык экономика 3,9% өсүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) глобалдык экономиканын өсүш ыргагы боюнча кайра каралган көрсөткүчтөрүн жарыялады. Уюмдун дүйшөмбү күнү жарыяланган баяндамасына караганда, глобалдык экономиканын быйылкы жана келерки жылдагы өсүшү 3,9% жетиши мүмкүн. Мунун ичинен өнүккөн өлкөлөрдөгү орточо экономикалык өсүш 2018-жылга 2,4%, 2019-жылга 2,2% деп болжолдонсо, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө быйыл 4,9%, 2019-жылы 5,1% жетиши күтүлөт. "Биздин моделдөөбүз боюнча эгер соода саясатындагы азыркы коркунучтар иш жүзүнө ашып... Читать дальше...

"Өңдү көрдү, жүз тайды" кадр саясаты

Azattyk.org 

Азыркы бийлик Алмазбек Атамбаевдин жана КСДПнын саясий таасирин жок кылыш үчүн анын кадрларын коррупцияга шылтоолоп куугунтуктап жатабы?

АКШ: Трамп Хелсинкиде айткандары үчүн кескин сынга кабылды

Azattyk.org 

АКШ президентинин Орусиянын лидери Владимир Путин менен 16-июлда Хелсинкиде чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында жасаган айрым билдирүүлөрүн анын өз мекенинде республикачылар да, демократтар да сынга алышууда. Республикачыл сенатор Линдси Грэм Трамптын айткандарын АКШнын “алсыздыгын” көргөзүү катары баалады. Республикачыл сенаторлордун дагы бири Жон Маккейн болсо Трамптын Хелсинкидеги басма сөз жыйынын “трагедиялык ката” деп атаса, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан Орусия 2016-жылы... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялар иштеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, өткөн айда Дүйшөмбү шаарында сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү. - Сүйлөшүүдө жөнөкөй маселелерден оор маселелерге карай жылалы деген жыйынтыкка келдик. Кийинки айлампа биздин өлкөнүн аймагында өтөт. Жолугушуу Баткен облусунун аймагында болушу мүмкүн. Ушул айда деп сүйлөшкөнбүз. Учурда тактап жатабыз, - деди Разаков. Читать дальше...

Украинанын чыгышында малайзиялык учак атып түшүрүлгөнүнө төрт жыл болду

Azattyk.org 

Украин президенти Петро Порошенко буга байланыштуу Орусия “жоопко тартылышы” керек экенин кайрадан билдирди. Украин президенти 17-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына анын өлкөсү иликтөөчүлөргө “зарыл жардамдын баарын көргөзүп жатканын” да жазды. Быйыл май айында курамына Австралиянын, Бельгиянын, Малайзиянын, Нидерландынын жана Украинанын бийлик адамдары кирген биргелешкен иликтөө тобу "Украинанын аба мейкиндигинде 2014-жылы Малайзиянын жүргүнчү учагын атууда колдонулган “Бук” ракеталык системасы Орусиянын... Читать дальше...

Аскер кызматкерлери үчүн учурда 297 батир курулуп жатат

Azattyk.org 

Быйыл жарым жылда аскер кызматкерлерине 54 батир тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин батирдик-эксплуатациялык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Сыргабек Жумабеков кабарлады. Анын айтымында, курулушту “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн. Учурда аскер кызматкерлерине дагы үч үй, жалпысынан 297 батир салынып жатат. Алардын бирөө Бишкектин 12-кичи районунда, калган үч үй Ошто салынууда. Курулуш жыл аягына чейин бүткөрүлөт. (KR)

Коңшу өлкөлөрдө диний китеп үчүн кармалган кыргызстандыктар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы акыркы учурда "тыюу салынган диний адабияттарды алып жүргөн" деген негизде коңшу өлкөлөрдө кармалган кыргыз жарандары көбөйгөнүн билдирди. Аталган органдын маалыматтарына караганда, кошуна өлкөлөрдүн чек ара бекеттеринде Кыргызстандан баргандардын жүктөрү катуу текшерилип жатат. Ошондуктан Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандагы мыйзамдуу адабияттар башка өлкөлөрдө тыюу салынган же экстремисттик материал катары табылышы мүмкүн экенин эскертет. Буга мисал... Читать дальше...

Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрдү

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы билдиргендей, бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.  Маалыматка караганда, Өзбекстандын аскердик делегациясынын сапарында Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков жана коңшу өлкөнүн коргоо мекемесинин башчысы Абдусалом Азизов "Эркин талаа" деп аталган, биргелешкен тактикалык атайын машыгуунун күжүрмөн фазасына катышты.  Машыгуунун жүрүшүндө Казакстан менен Өзбекстандын атайын операциялар боюнча күчтөрүнүн бөлүмдөрү түн ичинде күжүрмөн чалгын милдеттерди аткарышкан. Читать дальше...

Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскерий машыгуу өткөрдү

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы билдиргендей, бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.  Маалыматка караганда, Өзбекстандын аскерий делегациясынын сапары учурунда Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков жана коңшу өлкөнүн коргоо мекемесинин башчысы Абдусалом Азизов "Эркин талаа" деп аталган, биргелешкен тактикалык -атайын машыгуунун активдүү фазасына катышты.  Машыгуунун жүрүшүндө Казакстан менен Өзбекстандын атайын операциялар боюнча күчтөрүнүн бөлүмдөрү түн ичинде күжүрмөн-чалгын милдеттерди аткарышкан. Читать дальше...

АКШ Иранга каршы санкциялары боюнча айрым жеңилдиктерди карайт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын финансы министри Стивен Мнучин билдирди. Анын айтымында, АКШ Иранга каршы санкцияларын кайра калыбына келтирип жатканда глобалдык мунай базарынын иш ыргагын бузбаш үчүн Ирандан мунай импорттоону азайтуу максатында көбүрөөк убакыт талап кылынган айрым өлкөлөргө жеңилдик берүү жагын карайт. “Биз (Ирандан) мунай сатып алуу нөлгө түшүүсүн көздөйбүз. Бирок айрым учурларда муну бир түндө жасай албайсың, биз жеңилдиктерди карайбыз”,- деди Мнучин. АКШнын финансы министри бул сөздөрдү кабарчыларга... Читать дальше...

Алматыдагы аэропортто кыргыз жүргүнчүлөрү дагы эле катуу текшерилүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандык жүргүнчүлөрдү Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык аэропортто ар кандай жүйө менен текшерүү уланууда. Бул тууралуу Бишкектин тургуну Аскар Акталов "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкты. Анын маалыматы боюнча аэропорт кызматкерлери Кыргызстандан барган жана келе жаткан жүргүнчүлөрдү өзүнчө бөлүп алып, суракка алган. Анда кайсы өлкөгө эмне себеп менен бара жатканын такып сурап, паспортун эч негизи жок сүрөткө тартып алган. Алматыда аэропортто кыргызстандыктардын паспортторунун көчүрмөсү... Читать дальше...

Асфальт төшөгөн кошомат, алыс кеткен жаштар

Azattyk.org 

“Эмгектүү кулда чарчоо жок” дегендей, мен канча жылдан бери эс албай иштеп келетам. Быйыл деле эс албайм. Эс алгым келсе эле жанымды тоо тартып турат. Тоого жакын жерге көчүп баргандан бери бул көксөөм да басыла түштү.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *