Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2018

Новости за 20.07.2018

Денис Тенди өлтүрүүгө шектелгендердин экинчиси кармалды

Azattyk.org 

Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 20-июль күнү кечинде тараткан билдирүүсүндө айтылат. Ал Арман Кудайбергенов аттуу 23 жаштагы Кызылордо облусунун тургуну экени жазылган.  Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Алматынын Аксай кичирайонунда өткөрүлгөн рейд маалында колго түшүрүлгөн.  Бүгүн, 20-июлда эртең менен Тенди бычактагандардын дагы бири, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов кармалганын Алматы шаардык прокуратурасы билдирген. Читать дальше...

Путин алгачкы ирет пенсия реформасы тууралуу үн катты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин алгачкы жолу пенсия курагын жогорулатуу маселесин комментарийледи. Анын айтымында, реформа тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу ал Калининградда Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ыктыярчылары менен жолугуп жатып айтты. Президент бул маселе тууралуу бардык тараптарды угуп чыгууну кааларын кошумчалаганын "Интерфакс" агенттиги жазды. Путиндин пикиринде, пенсия боюнча мыйзамдарды өзгөртпөсө, иштеп жаткан орусиялыктардын саны ардактуу эс алууга чыккандардын санына теңелип калат. Читать дальше...

Жаңы өнөр издеген жаштар

Azattyk.org 

Адреналин, эркиндик, драйв! Бүгүнкү каармандарыбыз бул сезимдер менен жакындан тааныш. Алардын жашоо образы башкалардан өзгөчө. Алар үчүн бул нерсе бүтүндөй бир дүйнө. "Азаттык+" бул чыгарылышта дал ушул өзгөчө маданияттын өкүлдөрү тууралуу кеп салат.

Германиядагы кол салуудан 14 киши жабыркады

Azattyk.org 

Германиянын түндүгүндөгү Любек шаарында автобустун жүргүнчүлөрүнө белгисиз адам бычак менен кол салып, 14 киши жаракат алды. Алардын экөө оор абалда. Бул тууралуу жергиликтүү Luebecker Nachrichten гезити жазды. Полиция курман болгондор жоктугун ырастады. Күбөлөрдүн айтымында, кылмышкер автобустун ичинде бараткан жеринен тура калып эле жанында отургандарды туш келди бычак менен ургулап баштаган. Айдоочу автобусту токтотуп, эшиктерди ачкан.  Шектүү кармалганы маалым болду. Ал ирандык экени кабарланууда. Читать дальше...

Абактагы саясатчылардын тагдыры таразада

Azattyk.org 

Коомчулукта камактагы депутат Канатбек Исаевдин бир иши кыскарып, экинчи бир иши боюнча үй камагына чыгарылышы ар кандай пикирлерге жем таштады. Алардын арасында "Ортодо саясий соодалашуу болдубу?" деген божомолдор да бар.

Трамп менен Путин Украинадагы кырдаалды талкуулашты

Azattyk.org 

16-июлда Хелсинкидеги жолугушуу маалында АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча конкреттүү сунуштарды талкуулашкан. Бул тууралуу Кошмо Штаттардагы Орусиянын элчиси Анатолий Антонов билдирди.  19-июлда "Блумберг" агенттиги Путин дипломатиялык корпус менен жолугуп жатып Трампка Украинанын чыгышында референдум өткөрүүнү сунуш кылганын айткан.  Антонов конкерттүү сунуштар айтылганын белгилеп, бирок аларды кеңири чечмелеген жок. Читать дальше...

Спортчунун бейажал өлүмү бийликке сынды күчөттү

Azattyk.org 

Көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин Алматы шаарында чак түштө каракчылардын кол салуусуна кабылып, ажал табышы коомчулукта чоң резонанс жаратты. Казакстандыктар укук коргоо органдарынын ишин сындап жатышат.

Алтымыш мусулман түгөй бир күндө үйлөндү

Azattyk.org 

Босния-Герцоговинанын борборунда 60 мусулман түгөй бир күндө үйлөнүштү. Америка лидери Дональд Трамп орус президенти Владимир Путинди Вашингтонго чакырды. Түштүк Кореянын мурдагы президент Пак Кын Хе дагы сегиз жылга абакка кесилди. Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин бири кармалды. Босния-Герцоговинанын борборунда 60 мусулман түгөй бир күндө үйлөнүштү.



Бишкекке кандай мэр керек?

Azattyk.org 

Бишкектин мэри Албек Ибраимов бир нече кылмыш иши боюнча шектүү катары камакка алынды. Мындан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү жөнүндө буйрукка кол койду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги акыркы кадры делген Ибраимовдун кызматтан кетиши менен "Бишкекке кандай мэр керек?" деген талкуулар башталды. Акыркы жылдары ар кыл сындардын бутасына айланган борбор калаа кандай өзгөрүүлөргө муктаж? Бул суроолор “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды.... Читать дальше...

21-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

21-июлда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 17...22, күндүз 33...38, Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 19...24, күндүз 34...39, Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 31...36, Нарында түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33, Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16 градус болот. Читать дальше...

Трамп: Орусияга карата эң катаал президент мен болдум

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен 16-июлда Хелсинкидеги пресс-конференция учурунда жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн мекенинде оппоненттеринин, союздаштарынын, медианын айыптоосуна жана кескин сынына кабылган Доналд Трамп америкалык телеканалардар менен соңку маектеринде Орусия менен карым-катыш орнотуунун тууралыгын утур-утур коргоп жатат.  - Орусияга карата көптөгөн жылдар ичинде кайсы президентти албагыла, эң катаалы мен болдум. Балким мендей катаал эч ким болгон эмес. Атүгүл мына Германия менен катуу урушуп жатам. Читать дальше...

Трамп Путинди Вашингтонго чакырат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинки саммитинен кийин орус президенти Владимир Путинди быйыл күздө Вашингтонго чакыра турган болду. Бирок ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлдөрү орус президентинин "кылмышка шектүүлөрдү эки тарап кайчы суракка алсын" деген сунушуна Трамп макул эмес экенин да билдиришти. Администрациянын жогорку даражалуу адамдары мындан тышкары АКШ Орусиянын быйыл күздөгү шайлоого кийлигишүү аракеттерине каршылык көргөзүүгө даяр турушу зарыл экенин да эскертип жатышат.

Үмөталиева: Жээнбековду саясий мунапыс жарыялоого чакырдым

Azattyk.org 

Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева президенттин жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусунда Сооронбай Жээнбековду саясий мунапыс жарыялоого чакырды. Бул тууралуу ал 20-июлда “Азаттыкка” билдирди: - "Элдин башын кошуш үчүн биринчи кезекте саясий мунапыс кабыл алыңыз" дедим. "Президенттикке талапкер болгон саясий оппоненттер, азыр сыртта жүргөн Өмүрбек Бабанов менен жолугуңуз" дедим. Конгантиевдин иши токтоду. "Анын ишин саясий негизде камакка алынган жигиттердин... Читать дальше...

Казакстан: улут сыймыгы уурунун колунан ажал тапты

Azattyk.org 

Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тенди өлүмүнө шектелгендердин бири 20-июлда кармалды. Алматы шаарынын прокурору Берик Жуйриктаев кылмышка шектүү катары кармалган, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов адвокатынын катышуусунда берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алганын билдирди. Киясов убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду. Экинчи шектүүнү издөө иштери уланууда. Жергиликтүү басылмалар белгилүү спортчу менен коштошуу 21-июлда эртең менен Балуан Шолак атындагы спорт сарайында өтөрүн жазып жатышат. Читать дальше...

Тажикстанда президенттин куда баласына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Тажикстандын тергөө кызматтары мурдагы энергетика министринин уулу Диловар Гуловго кылмыш ишин козгошту. Ал "Ички иштер министрлигинин өкүлүн сабаган, курал колдонуу менен ээнбаштык кылган" деп айыпталууда. Гулов кармалып, иш боюнча тергөөнү Дүйшөмбү шаарына караштуу Исмоили Сомони райондук прокуратурасы жүргүзүп жатат. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.  Министрликтин өкүлү, 33 жаштагы Дилшод Нарзуллозода 8-июлда Дүйшөмбүдө сабалган. Маалым болгондой, ал катуу буюм менен башка сокку жеген. Читать дальше...

Уул-келинден зомбулук көргөн эненин иши сотто төрт жыл каралды

Azattyk.org 

Уул-келининен кордук көрүп, өзү салган үйдөн айдалып чыккан аял соттон акыйкаттыкты төрт жыл издеди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, 18-июлда Жогорку сот апасына кол көтөргөн адамды айыптуу деп тапкан өкүмдү күчүндө калтырды, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аны жазага тарткан жок.  Бекназарова Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар “коргоо ордерин” колдонсо да, алган жарааты анык... Читать дальше...

Асаддын армиясы Голан дөңсөөсүнө жакын аймакты өз көзөмөлүнө алууда

Azattyk.org 

Сирияда президент Башар Асадга караштуу күчтөр өлкөнүн түштүк-батышындагы Голан дөңсөөсүнүн жанындагы аймакты өз көзөмөлүнө алууда. Кунейтра провинциясына караштуу бул чөлкөм бир нече жылдан бери козголоңчулардын колунда эле. Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун билдиргенине караганда, армия менен козголоңчулардын ортосунда орус аскерлеринин ортомчулугунда элдешүү жараянына жетишилди.  Өкмөттүк армияга баш ийүүнү каалабаган козголоңчуларга өлкөнүн түндүгүнө чыгып кетүүгө уруксат берилди. Читать дальше...

Киевде маркум журналист Павел Шеремет эскерилди

Azattyk.org 

Украинада эки жыл мурда дал ушул күнү киши колдуу болгон журналист Павел Шереметти эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Жума күнү Киевде ондогон журналисттер, укук коргоочулар жана дипломаттар Шереметтин автоунаасы жарылган жерге чогулушту. Алардын көбү кызыл жана кара түс менен жазылган "Павел Шеремет. 20-июль 2016-жыл. Өлтүргөндөр дале табыла элек" деген плакаттарды көтөрүп турушту.  Беларуста төрөлгөн орус жараны Шеремет эки жыл мурда Киевдин борборунда автоунаасына коюлган бомба жарылганда мүрт кеткен. Читать дальше...

Орусия "Твиттерде" Бутинаны бошотууга үндөгөн өнөктүк баштады

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 19-июлда "Твиттерде" АКШда чет өлкөлүк агент катары айыпталып жаткан Мария Бутинаны бошотууга үндөгөн өнөктүк баштады. Министрлик "Мария Бутинага боштондук" же #FreeMariaButina хештегин колдонуп, "Твиттердеги" расмий баракчасындагы негизги сүрөтүн Бутинанын сүрөтүнө алмаштырып салды. Мекеме башка колдонуучуларды өзүнүн бул акциясын колдоого чакырды. 19-июлда Вашингтондогу консулдуктун өкүлдөрү Бутина отурган абакка барып, жолугуп келишкени кабарланды. АКШдагы... Читать дальше...

Босния-Герцоговинада 60 мусулман түгөй бир күндө үйлөнүштү

Azattyk.org 

Босния жана Герцоговинанын баш калаасы Сараеводо мусулман динин туткан 60 түгөйдүн үйлөнүү тою бир күндө өттү. Түгөйлөрдүн никеси "Истиклал" мечитинде бейшемби күнү кыйылды. Уюштуруучулар муну "шарияттын шарттары менен өткөн Европадагы эң чоң үйлөнүү үлпөтү" деп аташты. Имамдар бул жол менен үй-бүлөлүк турмушка жаңы аттанган жубайларга жардам берүүнү көздөгөнүн айтышты. Демилге "Босния-Герцеговинанын ислам коомчулугу" уюмуна таандык. Үлпөттү уюштурууга өкмөттүк эмес уюмдар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы демөөрчүлөр кол кабыш кылышкан. Читать дальше...

Кыргызстан менен "Центерранын" стратегиялык келишимин аткаруу мөөнөтү дагы узарды

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады. Сөз болгон келишимге тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюшкан. Буга чейин узартуу 23-июлга чейин деп келсе, эми 24-август деп белгиленди. Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип... Читать дальше...

Ооганстан: аба чабуулдарынан 14 жай тургун курман болду

Azattyk.org 

Кундуз шаарына жакын жерде Ооганстан менен АКШнын күчтөрүнүн аба чабуулдарынан кеминде 14 киши курман болду. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар экенин жергиликтүү бийлик кабарлады. Кундуз провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Нематулла Темори соккулар Чардара районуна урулганын кошумчалады.  Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммед Радманиш маалыматты ырастап, эки киши оор абалда экенин айтты. Апрелде ооган күчтөрүнүн аба соккулары Кундуздагы диний мектепке тийип, кеминде 50 киши набыт болгон. Читать дальше...

УКМК: Албек Ибраимовду кармоо учурунда эч ким жабыркаган эмес

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду кармоо учурунда анын сакчылары сабалды" деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. “Ибраимовду кармоо учурунда ок атуучу курал же атайын каражаттар колдонулган жок. Ал жердегилердин бири да УКМКнын кызматкерлерине кандайдыр каршылык көрсөтүүгө үлгүргөн эмес. Сакчылардан алынган курал кайра өздөрүнө кайтарылып берилген” деп билдирди атайын кызматтын басма сөз бөлүмү. УКМКнын маалыматына караганда... Читать дальше...

Түштүк Кореянын экс-президенти дагы сегиз жылга кесилди

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе дагы сегиз жылга абакка кесилди. Сеул соту 20-июлдагы чечими менен аны "2016-жылдагы парламенттик шайлоого кийлигишкен" жана "өкмөттүн каражатынын жоголушуна себепчи болгон" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты.  66 жаштагы Пак Кын Хе быйыл апрель айында "Коррупция" жана "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" айыптары боюнча 24 жылга эркинен ажыратылган. Ал ошондой эле мамлекетке 18 миллион доллар төлөөгө милдеттендирилген. Сот Пак Кын Хени курбусу... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *