Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2020

Новости за 07.12.2020

COVID-19: Протоколго баш ийбеген дарылоо

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавируска чалдыккандарга протоколго кирбеген дары-дармектер берилип, бул бейтаптарды өлүмгө жеткиргенин айтып чыкты. Окуя катталган Жалал-Абаддагы менчик оорукана боюнча иш прокуратурага өткөрүлүп берилген. Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери төрт жолу өзгөргөн. Ушул тапта коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол даярдалып жатат.  Ал арада Кыргызстандын бийлиги COVID-19 илдетине байланыштуу чет өлкөлүктөрдүн... Читать дальше...

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлер төрт миңге жакындады

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде дагы 12 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 7-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдирди. Бишкек шаарында тогуз, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден медкызматкер илдет жугузуп алган. Ал эми бир суткада тогуз медкызматкер үй карантинден, бирөө ооруканадан айыгып чыкты. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 980 учур катталды, алардын ичинен 3 679 дарыгер сакайды. Читать дальше...

Коронавирус дагы эки кишинин өлүмүнө себеп болуп, 293 адамдан аныкталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, дагы бири Чүй облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 293 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 121 киши жана Чүй облусунда - 63, Жалал-Абад облусунда - 30, Ысык-Көлдө - 46 бейтап. Оору жуккандардын жалпы саны 75 395 адамга жетти. Бир күндө 407 бейтап сакайып чыгып... Читать дальше...

Бөрүбашев: Конституциялык кеңешмеге адам укуктары боюнча көп сунуш түштү

Azattyk.org 

Кыргызстанда Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме бүгүн, 7-декабрда пленардык жыйынга чогулат. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, Конституциялык кеңешме түзүлгөндөн бери секцияларга бөлүнүп иштеп жатат. Өткөн аптада анын мүчөлөрү жарандардан келген сунуштарды укту. Негизинен башкаруу системасы, адам укуктары боюнча көп сунуш түшүүдө.  «Катуу талкууга түшкөн маселе - эң биринчи эл бийлиги, эл бийлигин орнотуунун жолдору, шайлоо. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *