Улуттук ордого айланган чайканалар
Тажикстандык кыргыздардын чайканасы жана жамаагаттык өзүн-өзү башкаруу өзгөчөлүктөрү тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримов блог сунуштайт.
Тажикстандык кыргыздардын чайканасы жана жамаагаттык өзүн-өзү башкаруу өзгөчөлүктөрү тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримов блог сунуштайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапты. Бул тууралуу комиссиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, БШК 11-декабрдагы жыйынында бул маселени карап, тиешелүү протоколду бекиткен. Анда президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген: 1. Бабыржан Төлбаев; 2. Садыр Жапаров; 3. Аймен Касенов; 4. Арстанбек Абдылдаев; 5. Равшан Жээнбеков; 6. Курсан Асанов; 7. Эльдар Абакиров; 8. Адахан Мадумаров; 9. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-америка кызматташтыгына байланыштуу билдирүү таратты. Анда социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары министрликтин 2020-жылдын 7-декабрындагы кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу билдирүүсүнүн жалпы мазмунун бурмалап бергени үчүн өкүнүчүн билдирген. Ошондой эле соңку эки тараптуу жолугушууда коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташуу маселелери талкууланганы айтылат. «Кыргыз тарап АКШга ушул багыттагы кызматташуу боюнча сунушу үчүн ыраазычылык билдирет. Читать дальше...
10-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Бакир Таировду камакка алды.
Грузияда оппозициялык партиялардын бойкот кылганына карабай бийликчил «Грузин кыялы» партиясы парламенттин жаңы чакырылышынын жыйынын өткөрдү. Оппозиция 31-октябрда өткөн шайлоодо мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып, таануудан баш тарткан. Жаңы чакырылыштагы парламенттин жыйынын өлкө президенти Саломе Зурабишвили ачып, Грузиядагы бардык саясий күчтөрдү жана коомчулукту биримдикке чакырды. Ал арада бир катар оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү парламентке жанаша жайгашкан Жаштар борборуна чогулуп... Читать дальше...
Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. ВИЧти кантип жугузуп алышыңыз мүмкүн? ВИЧ менен бакубат карылыкка чейин жашаса болобу? Эмне үчүн коом ВИЧке кабылгандарды жерийт? "Азаттык плюс" бул ирет каармандардын жана адистердин жардамы менен ушул суроолорго жооп издеди. Программадан ВИЧ жана СПИД тууралуу кенен маалымат алыңыз. Баса, сиз өзүңүздүн ВИЧ статусуңуз тууралуу кабардарсызбы?
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, журналист Али Токтакуновго, «Kloop.kg» сайтына каршы жазган доо арызы боюнча 11-декабрга белгиленген сот иши каралбай, 15-январга жылды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда белгисиз кишилер атып кеткен жеке ишкер Искендер Хамракуловдун жакындары 9-декабрда басма сөз жыйынын өткөрүп, кылмышка шектүүлөр жазага тартылбай жатат деп нааразылык билдиришти. Окуядан катуу жаракат алып, оор абалда жаткан ишкердин апасы Манзура Умурзакова жана жубайы Диана Исманова акыйкат сурап, өкмөткө, ИИМге, УКМКнын жетекчилигине кайрылган. Ал эми “Азаттык” радиосунун аймактагы кабарчысы Талгат Абжалил уулу милиция кылмышка шектүү катары суракка чакырып... Читать дальше...
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан 28 кош бойлуу аял көз жумду.
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков эки чоң ката кетирбесе чукул бийлик алмашуу болбойт эле. Мындай пикирин мурдагы министр, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» саясий партиясынын тизмесинин башында туруп катышкан саясатчы Улукбек Кочкоров «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. «Раимбек Матраимов боюнча туура чечим кабыл алынбады. Бул боюнча өз убагында так иш алып барганда мындай иштер болмок эмес. Экинчиси, бул кишини жоопко тартуу эле эмес, аны бийликке сүрөгөнү өтө чоң мүчүлүштүк болду. Читать дальше...
Азербайжанда бейшембиде Тоолуу Карабактагы жеңиштин урматына аскердик парад өттү. Тажикстанда үйүндө жашыруун медресе ачып алган адамды милиция кармап кетти.
Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алды. Долбоор парламентте 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда толугу менен колдоо тапты. Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум дайындоо жоопкерчиликти элдин өзүнө жүктөө катары сыпатталып жатат. Жарандарга жүктөлгөн жоопкерчилик Кыргызстандын эгемен тарыхында бийликтин демилгеси менен Конституцияны алмаштыруу, өзгөртүү боюнча баш-аягы тогуз жолу референдум болуп... Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү 2020-жылдагы экинчи жолугушуусун 11-декабрда коңшу өлкөнүн Согди облусунда өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Гафуров районунда Хистеварз кыштагындагы чек ара бөлүгүндө тараптар түрдүү окутуулардан жана машыгуулардан өтүштү. Эки өлкөнүн мекен чегинин сакчылары 9-декабрда Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара тилкесине жакын Кара-Бак калктуу конушунда жумушчу жолугушуу өткөрүшкөн. Читать дальше...
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өткөн отурумуна катышты. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматта жазылгандай, Талант Мамытов отурумда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду ар дайым колдой турганын белгиледи. «Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын... Читать дальше...
Улуттук банк валюталык рынокко жаңы интервенция жүргүзүп, 21 млн. 150 миң доллар сатыкка чыгарды. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды. Бул декабрдын башынан берки үчүнчү интервенция. 1-декабрда 5 миллион 250 миң доллар, 10 миллион 300 миң доллар саткан. Валюталык олку-солкулукка байланыштуу башкы каржы көзөмөл мекемеси ноябрь айында 11 жолу, жыл башынан бери 20дан ашык интервенция жасады. 2020-жылы жалпы сатылган сумма 1,5 миллиард долларга жакындады. 11-декабрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84... Читать дальше...
Кыргызстандын аймагына чектеш өлкөлөрдүн биринен аткезчилик жол менен түстүү металлдарды ташып келаткан жүк ташуучу автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупция каршы күрөш кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, мыйзамсыз жүк Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунан кармалган. Анын көлөмү 27 тоннага жакын экени, анда жез, латунь, алюминий экени такталган. Баштапкы эсеп боюнча жүктүн базар баасы 150 миң АКШ долларынан ашык деп бааланган. Читать дальше...
11-декабрда «Tranco Zhezkazgan» темир жол компаниясынын 300дөй жумушчусу айлык акыны көбөйтүүнү, иш шарттарын жакшыртууну талап кылып чыкты. Алар Караганды облусунун Жезказган шаарында ишкананын жетекчилиги жайгашкан имараттын жанына келишти. Айрымдары ал кезде иш орундарында болсо да, жумушун убактылуу токтотуп нааразылыгын билдиришти. Сөз болгон компания - «Казахмыстын» жалдануучусу. Темир жол менен жүк ташыган компанияда бир миңден ашуун киши иштейт. Акциянын катышуучулары буга чейин акимиатка... Читать дальше...
Дүйнө жана кыргыз коомчулугу залкар жазуучу жана ойчул, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрдагы туулган күнүнө карата анын жаркын элесин эскерүүдө. Таанымал айтматов таануучу, сынчы Калык Ибраимов жаңы өңүттөгү блогун сунуштайт.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 11-декабрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана башка айыпталуучулар - Турсунбек Бейшенбеков менен Дамир Пайзилда уулуна байланыштуу кылмыш ишин карады. Отурум башталгандан кийин күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу ишти кароо 29-декабрга, саат 15:00гө жылдырылды. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата үч кылмыш иши козголгон. Биринчиси - ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери... Читать дальше...
«Райымбек Матраимовго коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ал кармалганда айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга, жаңы жылга чейин мамлекетке келтирген зыянды ордуна келтирүүгө убада берди. Ошондуктан, Матраимовдун «Азаттыкка», КЛООПко жана мага койгон доо арызы жокко чыгарылып, сот автоматтык түрдө токтошу керек». Мындай пикирин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу иликтөөлөрдү чыгарган журналист Али Токтакунов «Азаттыкка» билдирди. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, мурдагы кабарчы Али Токтакуновго жана «Kloop.kg» сайтына каршы жазган доо арызы боюнча иш бүгүн, 11-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралмак. Сот жараяны судья Жылдыз Ибраимованын сотко келбегенине байланыштуу 15-январга жылдырылды. 12-ноябрда сот Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун өкүлү келбей калгандыктан жараянды бүгүнкүгө жылдырган. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун... Читать дальше...
Түштүк кореялык режиссёр Ким Ку Дук Латвияда коронавирустан улам каза болду. Латвиялык маалымат каражаттары жазганына караганда, 60 жаштагы режиссер Латвияга өткөн айда келген. Акыркы күндөрү коронавирус жугузуп алып, ооруканага түшүп калган. Режиссёр 1960-жылы 20-декабрда Түштүк Кореяда төрөлгөн. 90-жылдардын башында ал Парижден искусство жаатында билим алган. Чыгармачылык жолунда 31 тасма тарткан Ким Ки Дуктун айрым фильмдери Венеция, Берлин кинофестивалдарында баш байгени жеңип алган. Кореялык режиссёр былтыр Кыргызстанга келип... Читать дальше...
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинен өтө албай 150 чамалуу жүк ташуучу автоунаа турганын ошол жердеги айдоочулар «Азаттыкка» кабарлашты. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы да ырастады. Ага ылайык, 11-декабрь, саат 14:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде 145 жүк ташуучу автоунаа чек арадан өтө албай турат. Ал эми «Кең-Булуңда» - 33 автоунаа, «Чалдыбарда» - 29 автоунаа чек арадан Казакстан тарапка өтө албай турат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда... Читать дальше...
Америкалык «Time» журналы АКШнын шайланган президенти Жо Байденди жана шайланган вице-президенти Камала Харристи «жылдын адамдары» деп тандады. Басылма 1927-жылдан бери «жылдын адамы» наамын жарыялап келе жатат. АКШнын болочок жетекчилеринин сүрөтү журналдын башкы бетине басылып чыкмакчы. Талапкерлердин тизмесине бул ирет президент Дональд Трамп, пандемия менен күрөшүп келаткан медиктер жана расалык теңсиздикке каршы чыккан демонстранттар кирген. Трамп бул наамды президенттикке шайланган 2016-жылы алган. Читать дальше...
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Кадыр-барктуу сыйлыкты ыйгаруу аземи коронавирус пандемиясынан улам онлайн форматта өтүп, агенттиктин Римдеги кеңсесинде Нобелдин медалы тапшырылды. Сыйлыкты алып жатып Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бизли Нобел комитетинин акыркы чечими дүйнөдөгү ачарчылык менен күрөштө «аракетке өтүүгө чакырык» деп атады. Ал учурда дүйнө жүзүндө 690 миллиондон ашык адам күн сайын ачка жатууга аргасыз экенин эске салып, сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Читать дальше...