Коронавирустун азыркыдан да кооптуу жаңы түрү төрт өлкөдөн табылды
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Британияда коронавирустун азыркыдан да жугуштуу болгон жаңы түрү табылганы тууралуу маалыматтарга расмий комментарий берди. Маалыматка караганда, Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен он бир учур катталды. "Инфекциянын жайылышы интенсивдүү болуп, кеңири тарап жаткан Европа мамлекеттери көзөмөл жана алдын алуу чараларын күчөтүшү керек" деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Вирустун мутацияланган түрү менен Данияда тогуз, Нидерланд менен Австралияда бирден учур катталды. Читать дальше...