Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2020

Новости за 25.12.2020

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка «Тез жардам» автоунаалары алынды

Azattyk.org 

25-декабрда Өкмөт Үйүнүн алдында «Соболь», «Газел» үлгүсүндөгү «Тез жардам» автоунаалары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.  «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка алынган 37 автоунаанын 12си - «Форд Транзит» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу реанимобилдер. Саламаттык сактоо министрлиги бул реанимобилдер Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан алынганын кабарлады. Жаңы машинелер Талас облусунун, санитардык авиациянын жана Бишкек шаардык «Тез жардам» станцияларынын арасында бөлүштүрүлдү. Читать дальше...

Кесиптик кошуундар эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү бүгүн, 25-декабрда Бишкекте эки жерде эки башка жыйын өткөрүп, жетекчи шайлашты. Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов федерациянын жыйынына 26 тармактык жана облустук кошуун катышуусу талап экенин, алардын 17си бүгүн убактылуу жетекчи кылып мурда бул мекемеде иштеп кеткен Сагынбек Бозгунбаевди шайлаганын билдирди: «Тилекке каршы, Кыргызстан Профсоюздар федерациясындагы ызы-чуу бүтө элек, дагы эле эки жаат болуп бөлүнүп жүрөбүз. Читать дальше...

Орусияда оппозициячыл активист Любовь Соболго иш козголгону кабарланды

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү, Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Любовь Соболго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов «Твиттердеги» баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жарандык активистке карата өлкөнүн Кылмыш кодексинин «Турак-жайдын кол тийбестигине күч колдонуу же колдонууга аракет кылуу» беренеси боюнча иш ачылган. Бул маалымат боюнча расмий органдар комментарий бере элек. Ага чейин полиция Соболдун батиринде тинтүү жүргүзүп... Читать дальше...

Жер Ортолук деңизде мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти

Azattyk.org 

Жер Ортолук деңизде Европага кетүүнү каалаган мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти. Тунистин бийлиги кайыктагы беш киши аман-эсен куткарылганын, 20 адамдын сөөгү табылганын кабарлады. Ал эми дагы 20дай адам дайынсыз саналып, изделүүдө. Өлкөнүн суу жээгин көзөмөлдөгөн кызматы, кырсыкка кабылгандар Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүнүн жарандары болгон. Кемеге 40-50 адам түшүп, Италияга жөнөгөн. Европага жакшы жашоо издеп жөнөгөн африкалыктар Тунистеги Сфакс шаарынан деңиз аркылуу жолго чыгышат. Читать дальше...

Студенттерге президенттик стипендия таратылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 25-декаюрда өлкөнүн жогорку окуу жайларында мыкты деп табылган 70 студентке президенттик стипендия тапшырды. Мамытов тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, аралыктан окутуудагы кыйынчылыктар жөнүндө кеп кылды. Ал оор кырдаалга карабай, өлкөдө чоң ийгиликтер жаралганын билдирди. Кыргызстанда жогорку окуу жайларында 184 миң студент билим алууда. Алар 16-марттан бери аралыктан окуп жатат.  Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларын... Читать дальше...

Тыңчыны тойго чакырган жубайлар соттолду

Azattyk.org 

Орусиялык Антонина Зимина жана анын күйөөсү Константин Антонец мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. Кылмыш ишин козгоого жубайлардын үйлөнүү тоюнда тартылган видео тасмага Федералдык коопсуздук кызматынын офицери түшүп калганы себеп болгон.

ВИЧ оорулуу энеден дени сак бала төрөлдү

Azattyk.org 

Ош облусунда ВИЧ жуктурган 37 эне ушул жылы наристелүү болду. Энелери дарыланып жаткандыктан ымыркайларга дарт жуккан эмес. Ар бир кош бойлуу айымды кылдат карап, андан дени сак наристе төрөтүп алган дарыгерлердин бир күндүк жумушу жана дарылоо жолдору тууралуу видео баянды сунуштайбыз.

Жаш композиторлордон жаңы саамалык

Azattyk.org 

"Кыргыз кайрык" долбоору "Жаралыш" аттуу музыкалык перформансын көрүүчүлөрүнө тартуулады. Бул перформанс музыкалык үч жанрды өзүнө камтыды. Неофольклор, элдик фольклор жана классикалык заманбап музыкалар колдонулду. Үч жаңы музыкалык жанрды бириктирген спектакль кыргыз маданиятында алгачкы жолу коюлуп жатат.

Балалык: Аба мейкиндигине көз салчу мекеме "Санта Клаус коронавирустан эч коркпойт" деп тестиерлерди ишендирет

Azattyk.org 

Жеткинчектер Санта Клаус, Аяз Ата, Аяз Кызга ж.б. майрамдык каармандарга ишенишет. Алардын жомокко аралаш кыялын колдогон чоң эле кишилер, ал түгүл бакыйган ири аскер кызматындагылар да дүйнөдө аз эмес экен.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *