Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2021

Новости за 06.05.2021

FIDH эл аралык коомчулукту чек арадагы кооганы иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (International Federation For Human Rights - FIDH) Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы 12 мүчө уюм  менен бирге кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда адам укуктарын бузуу фактыларын иликтеп, мындай эскалацияны болтурбоо үчүн эл аралык коомчулукту тезинен чара көрүүгө чакырды. Федерация кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн БУУнун жана Евробиримдиктин механизмдерин иштетүүгө... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы кантип чечилет?

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал эки өлкөгө тең чоң сыноо болду. Эки тараптан 50дөн ашуун адам каза таап, жүздөгөн киши жараат алган жаңжалды жөнгө салуу кандай жүрүүдө? Бул окуянын кесепеттерин  жоюп, жакын коңшулук мамилени калыбына келтирүү үчүн кандай иштерди аткаруу зарыл? Талкууга Душанбеден эксперт, саясат таануу илиминин кандидаты Шерали Ризаён жана Бишкектен Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, саясат таануучу Эмилбек Жороев катышты.

Жеңиш Молдокматов 48 саатка камалды

Azattyk.org 

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Адвокат Кантемир Турдалиев Молдокматов Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шектелип жатканын билдирди. “Молдокматов былтыркы октябрь айындагы тополоңдо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп шектелип жатат. Ал Жазык-процессуалдык... Читать дальше...

Жапаров: Коогада жабыркагандарга кенемте берилет

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткендеги Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилерин маалымдады. Ошондой эле ал кыйраган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилерин, курулуш иштери ушул жылдын июнь айына чейин аяктарын белгиледи. Мындан тышкары Баткен облусу өзгөчө статус алуу менен бир катар жеңилдиктерге ээ болорун... Читать дальше...

Чек арадагы жаңжалда жарылбай калган снаряддар жок кылынууда

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу иштери жүрүүдө. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен районунун айылдарынан табылган снаряддарды тажик аскерлери колдонгон. Министрликтин Инженердик башкармалыгынын адистери ушуп тапта Баткендин Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Ортобоз, Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарында иштеп жатат. Алар элди кайсы бир аймактан жарылбай калган жардыргыч заттарды таап алышса... Читать дальше...

Cадыр Жапаров Баткенге барды, өкмөт жоюлду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров чек ара чырынан кийин Баткен облусуна барды. Кыргызстан толук президенттик башкарууга өтүп, өкмөт жоюлуп министрлер кабинети түзүлдү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тажрыйбалуу альпинист Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырууда.



Министрлер кабинети: курамы жана түзүмү

Azattyk.org 

Жаңы Баш мыйзамга ылайык Кыргызстанда Министрлер кабинети ишке кирди. Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституцияга кол койгондон кийин өкмөттүн жаңы түзүмүн жарыялап, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындады. Садыр Жапаровдун аткаруу бийлигин толук колго алгандан кийинки командасы кандай болду? Өкмөттүн ордуна түзүлгөн Министрлер кабинети 6-майда алгачкы кеңешмеге чогулуп, президент Садыр Жапаровдун шаршембидеги кайрылуусундагы тапшырмаларды талкуулады. Төрага Улукбек Марипов азыркыдай экономикалык каатчылык маалында чукул... Читать дальше...

Блинкен Орусияны Украинага каршы «агрессивдүү» аракеттерди токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Киевге келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын дагы бир жолу ырастады. «Биз Орусия өзүнүн агрессивдүү жана акылга сыйбаган аракеттерин токтотот деп күтөбүз. Орусия Украинанын чек арасына жакын жерден өз аскерлерин чыгарып кеткенин билебиз. Бирок дале калганын көрүп турабыз. Коркунуч дагы эле бар. Орусия кааласа кыска мөөнөттө агрессивдүү кадамдарды жасай алат», - деди Блинкен. Читать дальше...

«Талибан» Ооганстандагы чоң дамбаны басып алды

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын жоочулары Ооганстандагы экинчи чоң дамбаны жана ооган армиясынын эки базасын басып алышты. Аргандаб деген аталыш менен белгилүү Дахла дамбасы Кандагар провинциясында жайгашкан. Кандагар шаарын таза суу менен камсыздаган дамба бир нече айга уланган айыгышкан салгылашуулардан кийин талибдердин көзөмөлүнө өттү. Бул маалыматты талибдер да, өкмөт да ырастады. Ошол эле учурда «Талибан» кыймылы Баглан провинциясындагы эки өкмөттүк аскердик базаны басып алганын билдирди. Бул окуялар... Читать дальше...

Баш мыйзам: президентке жүктөлгөн жоопкерчилик

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров президенттик башкаруу системасын негиздеген жаңы Баш мыйзамга 5-май - Конституция күнүндө кол коюп, Кыргызстандын калкына кайрылуу жасады. Кайрылуунун айрым өңүттөрүн “Азаттык” радиосу “Арай көз чарай” берүүсүндө талкуулады. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жана мурдагы премьер-министр Темир Сариев катышты. “Азаттык”: Президент Садыр Жапаров Конституцияга кол койгондон кийин жасаган кайрылуусунда саясий, экономикалык, социалдык багыттагы көп тармактуу өнүгүүнүн багыттары, реформалар тууралуу сөз кылды.

Бала сатууга шектелген болгариялык түгөйлөр кармалды

Azattyk.org 

Адам аткезчилиги менен алектенген топко тиешеси бар деп шектелген болгариялык түгөйлөр Германияда камакка алынды. Немис бийлигинин маалыматына ылайык, кармалгандар Болгариядан ай күнүнө жетип калган аялдарды Грецияга алып барып, алар төрөгөндөн кийин ымыркайларды 3000-4300 долларга сатып жүрүшкөн деп шектелип жатышат. Аталган сумманын аз гана бөлүгү энелерге берилип, калганын ортомчулар өз чөнтөгүнө салып келгени айтылууда. Кылмышка шектүүлөр өткөн аптада Нойнкирхен шаарында Болгария бийлигинин өтүнүчү менен колго түшүрүлгөн. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш чек арадагы кооганы жабык талкуулап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 6-майдагы сессиясында кыргыз-тажик чек арасындагы кооганы жабык талкуулап жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган жетекчилер чакырылган. Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн, маселени эмки аптада кароо тууралуу демилге көтөрүлгөн, бирок ал добуш берүүдө колдоо тапкан эмес. Айрым депутаттар чек ара маселеси ачык талкууланышы керектигин билдиришкен. Буга чейин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо... Читать дальше...

“Бир Бол” Оштогу шайлоого байланыштуу БШКга арыз жазды

Azattyk.org 

“Бир Бол” Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоодо жети добушканадагы жыйынтыкты жокко чыгарууну суранды. Партия №5275, 5300, 5305, 5311, 5551, 5281, 5913 тилкелердеги шайлоо добуш сатып алуу, мыйзамсыздык менен коштолгонун жүйө келтирип жатат. Партиянын өкүлдөрү 12-апрелде Ош аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз жазган. Алар АШК 21-апрелде чечим чыгарганын, бирок партия көрсөткөн эреже бузууларга толук көңүл бурулбаганын билдиришти. Мындан улам 26-апрелде арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. Читать дальше...

Асманга жакын Памир кыргыздары

Azattyk.org 

Антрополог Тобиас Маршалл 2015-2019-жылдар аралыгында Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоолорду байырлаган көчмөн эл менен 11 ай жашаган.

COVID-19: Индияда бир күндүк көрсөткүч жогорулады

Azattyk.org 

Индияда соңку бир суткада коронавирустан 3980 миң адам өлүп, 412 миң адамдан аныкталды. Өлкөдө Кошмо Штаттар, Франция, Британия, Орусия жана башка мамлекеттерден жардам түшсө дагы, кычкылтек концентраторлору жетишсиз болууда. Мындан улам Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык уюмдары Түштүк Азиядагы «тереңдеп бараткан алааматты» токтотуу үчүн коомчулукта чара көрүүгө чакырды. Учурда Непалда дагы эпидемиологиялык кырдаал оор. Ал жакта да  ооруканалар толуп калганы кабарланды. Индияда биринчи... Читать дальше...

Ош: Төлөйкөндө жер талаштан улам чыр чыкты

Azattyk.org 

Оштун Кара-Суу районунда Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылынын тургундары менен Папан айылынын тургундары  эки гектардан ашуун жерди талашып жатышат. Жер Төлөйкөндө жайгашкан. Учар айылынын 11 тургунунун үлүш жерин Папандан келген ондон ашуун үй-бүлө  айыл өкмөттүн  мурдагы башчысынан сатып алганын айтышууда. Алар сугат жерге там салып алышканы белгиленип, эки тарап соттошкон. Ош облустук соту жерди үлүш ээлерине кайтаруу боюнча чечим чыгарган. 6-майда Кара-Суу райондук сот аткаруучулар келип... Читать дальше...

Токтогул: суу астында калган айылдар

Azattyk.org 

"Токтогул" ГЭСин куруу үчүн 1972-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген. Ошондо кирпич завод менен аэропорт суу алдында калган. Ал кезде мүрзөлөрдөгү 10 миңге чукул сөөктү кайра көмгөнү менен алардын бир бөлүгүн таштоого аргасыз болушкан. Учурда ГЭСтеги суу азайып, айрым эски курулуштардын фундаменти тышка чыгып калган. Көл алдында калган айылдын жашоочулары учурда Көтөрмө айылында жашап жатат. Элди башка жакка көчүргөн кезде берилген убадалар 60 жылдан кийин да аткарылган эмес.

Түркмөнстанда согуштун ардагерлери өздөрүнө белек алуу үчүн акча чогултушту

Azattyk.org 

Түркмөн бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен өздөрүнө белек алуу үчүн акча чогултушту. Белектер президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун атынан ыйгарылат. Орукта эмгектенген жана согушка катышкан ардагерлерден Лебап облусунда акча чогултулган. Мындай көрүнүш былтыр да болгон. «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, учурда өлкөдө канча ардагер калганы белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда чогултулган акчанын кайсы бир бөлүгүнө гана белек алынат, калганы башка нерселерге коротулат. Читать дальше...

Муфтияттагы чырдан кийинки маанай

Azattyk.org 

Адистер Кыргызстандын дин тармагында чечиле турган көйгөйлөрү көп экенин белгилешет. Калктын 80% ашыгы карманган Мусулман дин башкармалыгы - муфтияттын тегерегиндеги акыркы окуялардын коомго таасири кандай болот? Мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле кандай моделдин негизинде ишке ашууда? "Биз жана дин” түрмөгүнүн бул чыгарылышында кеп болот. Эксперт Канатбек Мурзалалилов Дин иштери боюнча комиссиясынын башкы адиси Алтынбек Эркимбековду кепке тартты. - Расмий эсептик каттоодон өткөн диний... Читать дальше...

Бишкек жана Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну демилге кылды. Депутат бул сунушун жыйынга катышып отурган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматовго жолдоп, аталган калааларда шайлоо таза өтпөгөнүн, ат салышкан партиялар добуш сатып алган фактылар көп болгонун айтты. "Алдыда келаткан парламенттик шайлоо мурдагыдан да ыплас болот. Аны болтурбоонун жолу - Бишкек жана Ош шаарындагы шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу. Читать дальше...

Блинкен: Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 6-майда Киевге барды.  Ал Украинага барган президент Жо Байдендин администрациясынын алгачкы жогорку даражалуу өкүлү. Байден Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана төбөлсүздүгүн колдорун дагы бир жолу ырастады. Блинкен бир күндүк сапарынын алкагында президент Владимир Зеленский, тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана украин парламентинин депутаттары, жарандык лидерлери менен жолугушат. Зеленский АКШдан Украинанын НАТОго кошулушун колдогон чечкиндүү кадамдарды күтөрүн билдирди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *