Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2021

Новости за 10.05.2021

ХАМАС тобу Иерусалимге ракета атты

Azattyk.org 

10-майда ХАМАС тобу Израилдин полициясы менен кагылышууларда 300дөй палестиналык жаракат алганына жооп катары Газа тилкесинен Иерусалим тарапка бир нече ракета атты. Израилдин армиясы өлкө аймагына Газа тараптан жети ракета атылганын, алардын бири атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бир ракета Израилдин түштүгүндөгү жайкын тургундун автоунаасына тийип, андан бир адам жаракат алганы кабарланды. Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС буга чейин Израилден Ал-Акса мечитинин жанындагы жана башка аймактардагы аскердик... Читать дальше...

Грузияда оппозиция лидери тергөө абагынан бошотулду

Azattyk.org 

Грузиядагы эң ири оппозициячыл партия саналган "Бириккен улуттук кыймылдын" лидери Ника Мелия тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечимди Тбилиси шаардык соту 10-майда кабыл алды. Оппозициячыл саясатчыны анын тарапкерлери абактын алдынан тосуп алышты. Мелиянын бөгөт чарасынын өзгөртүлүшүнө Демократия үчүн европалык фонддун кепилдик катары 11,6 миң долларды күрөөгө койгону себеп болду. Аны бошотуу бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы менен оппозициянын ортосунда 19-апрелде кол коюлган макулдашуусунун бир бөлүгү болчу. Читать дальше...

Мамлекеттик мүлктүн көбү сатылмай болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдыктар башталды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөкчү. Демилгени сынга алгандар да, колдогондор да чыгып жатат. Учурда Мамлекеттик мүлк фондунда заводдор, комбинаттар, имараттар, автоунаалар жана башка миңдеген мүлктөр бар. “Элдик экономика” түрмөгүндө ушул тема талданды. Менчиктештирүү бир жылда бүтүшү... Читать дальше...

Иранда ачыкка чыккан кумсаны туугандары өлтүрдү

Azattyk.org 

Ирандын түштүк-батышында 20 жаштагы жигит жыныстык ориентациясы үчүн үй-бүлөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды. Алиреза Монфаредди анын бир тууганы жана бөлөлөрү ушул айдын башында өлтүрүп койгону белгилүү болду. Маалыматка ылайык, алар бул кадамга Монфаред ЛГБТнын өкүлү болгону ачыкка чыккандан кийин барышкан. Айрым кабарларга ылайык, Монфаред мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ирандын Хузестан провинциясындагы Ахваз шаарынын жанында 4-майда болгону кабарланган бул окуя боюнча кеминде үч адам кармалганы маалымдалды. Читать дальше...

Түркмөн президенти абактагы миңден ашуун адамга ырайым берди

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Кадыр түнгө байланыштуу камактагы жүздөгөн адамга мунапыс берди. Алардын арасында "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун өкүлдөрү да бар. Бердымухаммедовдун 9-майдагы чечимине ылайык, түрмөдө жаткан 1035 адам эркиндикке чыкты. Алардын 982и түркмөн жарандары жана 53ү чет өлкөлүктөр. "Жахабанын күбөлөрү" уюмунун басма сөз катчысы Жаррод Лопес "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиргендей, абактан бошотулгандардын арасында уюмдун 16 мүчөсү бар. Читать дальше...

COVID-19: Индияда бир күндө 4000 киши каза тапты

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындарына турак үйлөр курула баштады. Улуттук валюта сомдун киргенине туура 28 жыл болду. Ооганстанда "Талибан" кыймылы Орозо айттын алдында ок атышууну үч күнгө токтоторун жарыялады.

Мирослав Ниязов: Чек араны эч ким күч менен чече албайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ооганстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов "Азаттыкка" курган  интервьюсунда Кыргызстан-Ооганстан алакалары, Борбор Азиядагы геосаясий кырдаал, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жана Кыргызстандагы президенттик башкаруунун багытына байланыштуу суроолорго жооп берди.



Ооган өкмөтү да, талибдер да ок атышууну үч күнгө токтотмой болушту

Azattyk.org 

Ооганстандын өкмөтү да, “Талибан” кыймылы да Орозо айтка байланыштуу ок атышууну үч күнгө токтоторун жарыялашты. "Талибан" өз тарапкерлерине Айт майрамынын биринчи күнүнөн үчүнчү күнүнө чейин чабуулдарды токтотуу буйругун берди. Мындай билдирүү 10-майда "Твиттерге" жарыяланды. Анда талибдер кокус кол салуу болсо, жооп кайтарууга даяр турушу керек экени жазылган. Аны улай дүйшөмбү күнү ооган президенти Ашраф Гани да аскердик күчтөргө ок атпоо тапшырмасын берип, талибдерди сүйлөшүү үстөлүнө чакырды... Читать дальше...

Балдар адабияты жаатындагы сыйлыктын лауреаттары аныкталды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга берилди (50 000 сом): - Аман Наматов – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн; - Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн; - Сатыбалды Мамбеталиевге ... Читать дальше...

Өзбекстанда блогер Отабек Саттори 6,5 жылга кесилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Музрабад райондук соту бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн блогер Отабек Сатторини 6,5 жылга абакка кести. 10-майда 25 мүнөткө созулган сот отурумунда акча талап кылууга шектелген Сатториге акыркы сөз берилди. Ал күнөөсүз экенин айтып, өзүн сот залынан бошотууну суранган. Буга чейин прокурорлор блогерди 11 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн эле. “Telegram” жана “YouTube” каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблогду алып барган 41 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Читать дальше...

Кара-Кулжа районунда бир нече айылды суу каптады

Azattyk.org 

8-майдын кечинде жаандын кесепетинен Кара-Кулжа районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарында сел жүрүп, 158 турак жайдын короосун суу каптады. Мындан тышкары жолдор жана электр мамылары жараксыз абалга келген. Бул тууралуу 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ак-Кыя айылында 47 үй селден жабыркап, 450 метр жол жараксыз абалга келди. Ошондой эле Сары-Булак айылында “Жаңы-Моңол” каналы кумга толгондуктан суу ашып, мектептин, мечиттин, бала бакчанын, 102 турак үйдүн короосуна суу кирген. Читать дальше...

Талибдердин убадасы, токтобогон зомбулук

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибан” кыймылы Орозо айттын урматына ок атууну үч күнгө токтоторун жарыялады. Соңку учурда бул өлкөдө кол салуу күчөп, акыркы бир нече күндө эле ондогон адамдар көз жумду.

Үч өлкөдөгү элчиликке жана бир шаардагы консулдукка талапкерлер жактырылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 10-майдагы отурумунда Кыргызстандын үч өлкөдөгү элчилигине жана бир шаардагы консулдугуна жетекчилердин талапкерлиги каралып, колдоого алынды. Таалай Базарбаевдин талапкерлиги Италиядагы элчи, Кыргызстандын БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Римдеги башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү катары колдоо тапты. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) системасында... Читать дальше...

Той-топурлардагы чыгымдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Кыргызстанда үлпөт тойду, маараке салтанаттарын, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына 10-майдан баштап коомдук талкууга коюлду. Документ ашыкча чыгымды болтурбоо, шаан-шөкөттөрдү азайтуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар... Читать дальше...

Кримтөбөл казак кыздын өлүмүнө депутатты айыптады

Azattyk.org 

Түркияда эки жыл мурун табышмактуу жагдайда каза тапкан казакстандык Элдана Кахармандын өлүмүнүн жаңы өңүтү талкууга жем таштады. Чет өлкөдө бозгунда жүргөн түркиялык кылмыш дүйнөсүнүн анабашы 21 жаштагы кыздын өлүмүнө бийликтеги партиянын депутаты Толга Агар күнөөлүү экенин жар салды. Мындан үч жыл мурун Түркиянын Элазы шаарындагы Фырат университетинин журналистика факультетинде окуган казакстандык Элдана Кахарман батиринде муунуп каза болгону кабарланган. 21 жаштагы студент кыз Элазыдагы менчик телеканалда иштеп, "Ютубда" видеоблог тартчу. Читать дальше...

COVID-19: Казакстанда 1,6 миллион адам эмдөөдөн өттү

Azattyk.org 

Казакстанда 10-майга карата 1,6 миллион адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбү күнү билдирди. Натыйжада Казакстанда эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы көрсөткүчү калктын 10 пайызына чукулдап баратат. Өлкөдө Орусиянын «Спутник V», Казакстандын QazVac жана Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы сайылып жатат. Өзбекстанда дем алыш күндөргө карата коронавируска каршы вакцинанын 1 миллион 123 миңден ашуун дозасы колдонулду. Бул жалпы калктын 3 пайыздан ашыгын түзөт. Читать дальше...

Бишкекке “Спутник V” вакцинасынын дагы 20 миң дозасы келди

Azattyk.org 

Орусиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы 20 миң доза өлчөмүндө Бишкекке бүгүн, 10-майда келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга 23-апрелде келип, эмдөө башталган. Кыргызстандыктар коронавируска каршы Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын да колдонуп жатат. Расмий кабарда 40 миңден ашык киши эмдөөдөн өткөнү белгилүү болду. Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек ара окуясы: Депутаттар ЖККУнун ролу жөнүндө маселе козгошту

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 10-майдагы жыйынында депутаттар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга мамилесин сөз кылышты. Жыйында КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишимдердин бири талкууланып жатканда айрым депутаттар ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда адам өлүмү менен коштолгон чек ара чыры чыкканда реакция кылбаганын сынга алышты. Алардын бири, депутат Айбек Осмонов уюмга мүчө болуунун зарылчылыгы канчалык экени тууралуу суроо койду... Читать дальше...

Жерге-Тал: Кат-сабатты жойгон агартуучулар

Azattyk.org 

Совет бийлиги орногондон кийинки машакаттуу жылдарда карапайым элди кат таанытуу, маданиятын жогорулатуу, билим берүү аркылуу сабатсыздыгын жоюу кечиктирилгис чаралардын бири болгон. Бул маанилүү ишти жүзөгө ашырууга мурдагы эски түзүлүштөн айрылгысы келбеген күчтөр катуу каршылык көрсөткөнүн тарыхтан билебиз. Агартуу иши Тажикстандын Кара-Тегин өрөөнүндөгү кыргыздар байырлаган Жерге-Тал районунда да көп тоскоолдуктарга кабылган. Кара-Тегин өрөөнүндө түзүлгөн Гарым облусунун курамындагы Жерге-Тал... Читать дальше...

Ниязов: Кыргыз-тажик чек ара маселесин күч менен бир да тарап чече албайт

Azattyk.org 

Кыргызстан да, Тажикстан да ортодогу чек ара маселесин күч менен эч убакта чече албайт. Мындай пикирин 10-майда «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди: «Бул жерде аймактык талаш-тартыш бар. Муну бир гана дипломатиялык жол менен чечиш керек. Тажикстан түрк тилдүү элдин арасында турат, жалгыз эле Тажикстан биерде. Эң биринчи союздашы – Иран, алардын маданияты да, тили да бир. Бирок Иран менен мамилеси түп-тамырынан бузулган. Бүгүнкү күндө булар түрк тилдүү элдин арасында жалгыз. Читать дальше...

Түркия: кримтөбөл казак кыздын өлүмү үчүн депутатты айыптады

Azattyk.org 

Мындан үч жыл мурун Түркиянын Элазы шаарындагы Фырат университетинин журналистика факультетинде окуган казакстандык Элдана Кахарман батиринде муунуп каза болгону кабарланган. 21 жаштагы студент кыз Элазыдагы менчик телеканалда иштеп, "Ютубда" видеоблог тартчу. 6-майда түркиялык кримтөбөл, ушул тапта четте бозгунда жүргөн Седат Пекер "Ютуб" каналында видео жарыялап, анда казакстандык студенттин өлүмүнө бийликтеги АК партиянын депутаты Толга Агар күнөөлүү экенин айтып чыкты. "Толга Агардын кыргыз же казак улутунда сүйлөшкөн кызы болгон. Читать дальше...

Ниязов: Борбор Азия өлкөлөрү АКШ базасы боюнча сунуш түшсө чечимди өз алдынча кабыл алганы туура

Azattyk.org 

Борбор Азия аймагында жайгашкан өлкөлөр Кошмо Штаттардын аскердик базасын өз аймагына жайгаштырууга макулдук берүү же бербөө маселесин эгемендик укугунан пайдаланып өз алдынча чечкени туура болот. Мындай пикирин 10-майда «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди. Ниязов АКШ жана НАТО Ооганстандан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетсе бул өлкөдө талибдер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда «чоң согуш» чыгары тууралуу сөздөр негиздүү экенин айтып, «Кошмо... Читать дальше...

Жапаров менен Путин кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулашты

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-майда, президент Садыр Жапаров Орусиянын башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Мындай маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кырдаалды талкуулашкан. Путин чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров ушул айдын... Читать дальше...

Иран Ирактагы консулдугун бутага алган чабуулду айыптады

Azattyk.org 

Тегеран белгилүү активисттин өлүмүнөн кийин Ирактын Карбала шаарындагы Ирандын консулдугун бутага алган чабуулду айыптады. Мындай мазмундагы расмий кат Ирактын Тегерандагы элчилигине жолдонгонун Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Сайед Хатибзаде 10-майда билдирди. "Ирак өкмөтүнүн эл аралык милдети - бул өз аймагындагы дипломатиялык жайларды коргоо", - деди Хатибзаде. 9-майда ондогон демонстранттар Карбаладагы Ирандын консулдугунун алдына чогулуп, дипломатиялык жайдын аймагына өрт коюшкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *