Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2021

Новости за 11.07.2021

Ташиев: УКМК кызматкерлерине "шериктердин жардамында" үй курулууда

Azattyk.org 

Жалал-Абадда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине 205 батирлүү үй салынууда. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үйдүн пайдубалын куюуга катышып, имарат "шериктердин" жардамында, "чоң саясаттын негизинде" курулуп жатканын айтты. Ташиевдин ушундай сөзү жазылган бир мүнөттүк тасманы 11-июлда мамлекеттик ЭлТР каналы көрсөттү. Бирок үй куруп жаткан өнөктөштөр ким экени тууралуу маалымдалган жок.   Ташиев үйдүн он батири колу жука үй-бүлөлөргө берилип, калганы УКМК кызматкерлерине... Читать дальше...

Ашхабад түркмөн-ооган чек арасын бекемдей баштады

Azattyk.org 

Расмий Ашхабад түркмөн-ооган чек арасына оор артиллерия, аскердик тик учактарды жана учактарды тартууда. Ошондой эле запастагы аскерлерди даярдыкка келтирди. Ооганстанда "Талибан" кыймылы чабуулдарын күчөтүп, улам бир аймакты көзөмөлдөп жатышы Борбор Азия мамлекеттеринде тынчсыздануу жаратты. Түркмөнстандын тынчсыздануусу Түркмөнстандын коопсуздук агенттигиндеги жогорку даражалуу аткаминерлердин бири "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, Мары шаарынын жака белиндеги гарнизондогу аскерлер чек арага жөнөтүлдү. Читать дальше...

Sinopharm вакцинасы 12-июлда бүт аймактарга жеткирилет

Azattyk.org 

Sinopharm вакцинасы 12-июлда бүт аймактарга жеткирилет. Бейтапканалардан тышкары мектептерде, маданият үйлөрүндө, соода борборлорунда жана парктарда да вакцина алуучу жайлар уюштурулду. Препараттар атайын термоконтейнерлерде сакталат. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова “Азаттыкка” билдиргендей, өлкө боюнча 847 эмдөө пункту иштейт. Кыргызстанга 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинди. Анын 150 миңин Бээжин жардам иретинде акысыз берген... Читать дальше...

"Реформа" партиясы Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Azattyk.org 

"Реформа" партиясы 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу партия "Фейсбуктагы" расмий баракчасында билдирүү таратып, саясий өнөктүктө айрым партиялар добуш сатып алганын, админстративдик ресурс колдонулганын жүйө келтирди. "Реформа" Борбордук шайлоо комиссиясын жана башка компетенттүү органдарды шайлоодогу мыйзам бузууларды тыкыр иликтөөгө чакырды. Бирок партиянын билдирүүсүндө кайсы партиялар мыйзам бузганы ачык көрсөтүлгөн жок.   "Туран"... Читать дальше...

Токмок: алдыга чыккан партиялар бири-бирин айыптоодо

Azattyk.org 

Автоматтык эсептөө системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо алты партиянын бешөө 7% босого чектен өттү. Шайлоого катышуу 44,55 % (16 973 шайлоочу) түздү. 11-апрелде өткөн мурдагы шайлоодо 16 018 шайлоочу добуш берген. Токмок шаарында жалпы 38 100 шайлоочу бар. Автоматтык эсептөө системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешине ат салышкан алты партиянын бешөө шайлоо босогосунан өттү. Алар: "Бирге", Эмгек", "Асыл мурас-жаштар", "Патриот ынтымагы" жана "Эл биримдиги" партиялары. Читать дальше...

БШКнын сайтына 130 киберчабуул болду

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) сайтына 130 кибер чабуул аракети болду. Бул тууралуу БШКнын төрайыма 11-июлдагы шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенде айтты: -Киберчабуулдар он мамлекеттен жасалды. Коопсуздук системасы аркылуу бул чабуулдар ийгиликтүү жоюлду, - деди Шайлдабекова. БШКнын сайты Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу иштелип чыккан. Ошондой эле сайтты өнүктүрүүгө ондон ашуун эл аралык уюмдар өнөктөштүк колдоо көрсөткөн. 11-июлда Бишкек... Читать дальше...



Үч чоң шаардагы шайлоодо интрига күчөдү

Azattyk.org 

- Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайталанып өткөн шайлоо жыйынтыкталды. - Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берип, 100 миллион сом талап кылууда.  - Ошентип футбол боюнча Европа чемпионатынын финалы кирип келди.

Шайлоого катышуудагы эң төмөн көрсөткүч Бишкекте болду

Azattyk.org 

Үч шаардагы кайра шайлоого кечки саат сегизге чейин 188 396 адам катышып, көрсөткүч 30,51% түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык добуш саноонун жыйынтыгына таянып билдирди. Үч шаарда 617 миң 517 шайлоочу бар. Алардын 427 миңдейи Бишкекте, 153 миңге жакыны Ошто, 38 миңден ашууну Токмокто.  Токмок шаарында катышуу 44,5% түздү. Ошто 43,6%, Бишкекте 24,5% болду.  11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өтүп, 26 партиядан 2200дөн көп талапкер ат салышты. Баштапкы эсепке ылайык... Читать дальше...

Токмоктогу шайлоодо "Бирге-Вместе" партиясы алдыга чыкты

Azattyk.org 

Токмок шаардык кеңешине шайлоодо "Бирге-Вместе" партиясы башкаларга караганда көбүрөөк добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы эсебине ылайык, бул шаарда ат салышкан алты партиянын ичинен бийликчил "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясынан башкаларынын баары жети пайыздык чектен ашты. Саат 21:00гө карата жыйынтык төмөнкүчө: "Бирге-Вместе" - 28,27%, -"Эмгек" партиясы - 24,82%, -"Асыл мурас - жаштар" партиясы - 16,66%, -"Патриот ынтымагы" - 13,69%, -"Эл биримдиги" - 12,13%, -"Ата-Журт - Кыргызстан" - 1,65%. Читать дальше...

Ош: "Ата Журт-Кыргызстан" партиясы алдыда келе жатат

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын арасынан "Ата Журт - Кыргызстан" алдыга чыкты. Бул кечки саат тогузга карата расмий маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы эсеби төмөнкүчө: -"Ата Журт - Кыргызстан" - 38,80%; -"Биздин Кыргызстан" - 31,69%; -"Улуттар биримдиги" - 15,42%; - "Бир бол" - 8,72%. Шаардык кеңеште 45 мандат бар. Ага сегиз партия ат салышты. 7%  чектен ашкан партиялар шаардык кеңешке келет. Ош шаарында 153 миңдей шайлоочу катталган. Саат 18:00гө карата алардын 40% жакыны добуш берген. Читать дальше...

Бишкектеги шайлоодо "Эмгек" партиясы алдыда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын арасынан "Эмгек" партиясы алдыга чыкты. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынан сайтындагы саат 21:00гө карата маалымат. Автоматтык эсепте добуштардын 18% ашууну "Эмгек" партиясына ыйгарылды. -"Ата-Журт - Кыргызстан" - 14,07%, -"Ишеним" - 12,42%, -"Ынтымак" - 10,78% -"Өнүгүү-Прогресс" - 8,14%, -Социал-демократтар - 8,13%. Башка партиялардын көрсөткүчү азырынча 7% төмөн. Шайлоодо утуп чыгуу үчүн партиялардын топтогон добушу 7% чектен ашууга тийиш. Читать дальше...

Кайра шайлоо: добуш берүү аяктады

Azattyk.org 

Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерин шайлоо саат 20:00дө аяктады. Автоматтык саноочу урналардан алынган баштапкы жыйынтыктар жакынкы сааттарда аныкталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 11-июлда үч шаардагы саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү. Кечки саат алтыга чейин 155 707 адам (25,22%) келип, Ош менен Токмокто жарандар Бишкекке салыштырмалуу жигердүү катышканы расмий кабарланган. 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык... Читать дальше...

Кыргыз аскерлери менен ооган чек арасына сапарым

Azattyk.org 

Жалпыга маалымдоо каражаттары учурда Ооганстан менен чектеш аймакта кырдаал опурталдуу болуп жатканына көңүл бурууда. Ошого байланыштуу ушул блогду жазууну туура көрдүм. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын соңунда Кыргыз Республикасынын алгачкы аскер күчтөрү тууралуу ( "Тынч эмес күндөр" аттуу) даректүү тасма тартып жүрүп, Ооганстан менен чектеш аймакта болгом. Ошол мезгилде Ооганстан менен чек ара маселеси опурталдуу болуп турган учур эле. Кыргызстандын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов... Читать дальше...

Боомдогу жол кырсыгында алты бала жеңил жараат алды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Боом капчыгайындагы жол кырсыгында алты бала жараат алганын билдирди. Анда балдардын денелери көгөргөнү, аларга “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөнү айтылат. Боомдо Ысык-Көлдөгү лагерден балдарды Бишкекке ташып келе жаткан үч автобус кырсыктаган. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын билдиришинче, автобустарды коштогон патрулдук милиция алдындагы бир машина аварияга кабылганы үчүн токтогон. Читать дальше...

Кайра шайлоо: үч шаарда 155 миңден ашык адам добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы үч шаардагы кайра шайлоого кечки саат 6га чейин 155 707 адам (25,22%) катышканын билдирди. Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 85 411 (20.02%), Ошто 56 610 (37,07%), ал эми Токмокто 13 686 ( 35,27%) шайлоочу келди. Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышып жатат. 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

"Манас" аба майданы: машина токтогон жайда акысыз 15 мүнөт жоюлат

Azattyk.org 

"Манас" эл аралык аба майданы анын алдындагы машина токтоочу жай 20-июлдан тартып толугу менен акы алууга өтөөрү тууралуу түшүндүрмө берди. Анда бул жай аутсорсингге берилгени, келишимге ылайык бааны аутсорсинг компаниясы гана аныктары айтылат. “Ижарага алган компаниянын маалыматына ылайык, учурда тарифтер: саатына 60 сом, алгачкы 15 мүнөт бекер жана суткасына 360 сомду түзөт. Ал эми 20-июлдан тартып акысыз 15 мүнөт алынат", - деп жазылган маалыматта. "Манас" аэропорту жолдун аркы бетинде машина токтото турган акысыз жай бар экенин... Читать дальше...

Якутиянын токойлорун өрт каптады

Azattyk.org 

Орусиянын Якутия (Cаха республикасы) жумуриятында он эки райондо токойлор өрттөндү. Борбор Якутск шаарын дагы түтүн каптады. Жергиликтүүлөр көчөгө зарыл иштери менен гана чыкпаса, терезе-эшиктерди ачууга мүмкүн болбой калганын айтышууда. Бийлик июнь айынын соңунда эле өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Якутиянын башкы токойчусу Сергей Сивцевдин айтымында, учурда 397 гектар токойду каптаган тилсиз жоо менен күрөш уланып жатат. Ага  700дөн ашык адам тартылды. Сивцев өрттү өчүрүү үчүн авиатехника жетишсиз болуп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

"Үгүтү аз, чуусу көп шайлоо болду"

Azattyk.org 

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге шайлоо Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор жана аны жугузуп алгандардын саны эселеп көбөйгөн учурга туш келди.

Өзбекстан: мектептерде хижаб кийүүгө уруксат берилбейт

Azattyk.org 

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги мектепте хижаб кийүүгө уруксат берилбей турганын дагы бир ирет эскертип, муну мектеп формасы тууралуу жобо менен түшүндүрдү. Ал жобого ылайык, орто мектепте окуган балдарга сакал коюуга, чачын өстүрүп, ачык түстөргө боёого жана дененин ачык жерлерине пирсинг жасатып, тату тарттырууга тыюу салынат. Ал эми кыздарга ачык түстөр менен макияж жасоого, тырмактарын өстүрүүгө, чачын ачык түскө боёого, бирден көп сөйкө жана шакек тагынууга, пирсинг, тату тарттырууга уруксат берилбейт. Читать дальше...

Британиялык миллиардер Ричард Брэнсон космоско учат

Azattyk.org 

11-июлда британиялык миллиардер Ричард Брэнсон өзүнүн Virgin Galactic компаниясы курган аппарат менен космоско учат. Андан тышкары космос кемесинин ичинде эки учкуч жана компаниянын үч өкүлү болот. Муну менен 70 жаштагы Брэнсон анын компаниясы космоско адамдарды коопсуз алып барып келерин далилдегенге үмүттөнүп жатат. Эгер баары пландагыдай өтсө, VSS Unity кемеси жерден 90 чакырым бийиктикке көтөрүлөт. Бул бийиктик Жердин атмосферасы менен космос чектешкен чийин деп саналат. 2022-жылы космоско... Читать дальше...

Бишкекте добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдиргендей, кармалгандардын жанынан 20 миң сом табылды. Макилов канча адам кармалганын тактаган жок. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө-иликтөө уланып жатат. Милициянын маалыматына ылайык, добуш сатып алууга байланыштуу Бишкекте 11, шайлоочуларды ташуу тууралуу үч арыз түшкөн. Токмокто болсо шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу тогуз, ал эми Ошто беш билдирүү алынган. Алардын айрымдары кылмыштын курамы жок деген негизде иликтенген эмес.

Үч шаарда саат төрткө чейин шайлоочулардын 21,40% добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы  үч шаардагы кайра шайлоого саат төрткө чейин 132 139 адам (21,40%) катышканын билдирди. Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 71 619 (16,70%), Ошто 48 977 (32,07%), ал эми Токмокто 11 533 ( 30,27%) шайлоочу келди. Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышып жатат. БШКнын эсебине караганда, үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 шайлоочу киргизилген. Бишкекте 426 миң 699, Ошто 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу.​ 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык... Читать дальше...

Тбилиси: ЛГБТ жүрүшүнө каршы акцияда сабалган оператор көз жумду

Azattyk.org 

Тбилисиде ЛГБТ жүрүшүнө каршы чыккандардын ур-токмогуна кабылган телеоператор Лексо Лашкарава көз жумду. Бул тууралуу "Пирвели" оппозициячыл телеканалы билдирди. Телеоператорду "Позор" деп аталган бейөкмөт уюмга 5-июль күнү кол салгандар уруп-сабашкан. Анын мээси чайкалып, бети-башы жабыркаган. Телеоператордун өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз. Грузиянын журналисттер коомчулугу жана оппозициячыл партиялар Лашкараванын өлүмү үчүн бийликти күнөөлөп, борбордогу Шота Руставели аянтында болгон окуялар үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн айтышууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *