Сүйүүдөгү, өмүрдөгү "Өксүк”
Жунай Мавляновдун "Өксүк" аңгемесинде кысталыш кырдаалдагы жашоо-турмуш сүрөттөлгөн. Чыгармада оор жагдайга кириптер болгон келиндин арманы менен бактысы баяндалган. “Кыргыз аңгемесинин классикасынан” Жунай Мавляновдун чыгармасында сүрөттөлгөн жаш адамдардын мамиле-катнаштары тууралуу айтып беребиз. Жайдары келин Бойго жеткен Саткынайды жакшы жердин кызы деп Токторбекке алып беришкен. Эмне дешмек, экөө эл катары жашап жатышкан. Ортолуктагы салкын-суз мамиле бири-биринен алыста жүрсө жибип кетеби... Читать дальше...