Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиону болду (видео)
Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алтын медал утту. Ал бүгүн, 7-октябрда финалда жапониялык Рин Мияжини 1-айлампада далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды (4:0). Рин Мияжи 21 жашта, 2019-жылы жаштар арасында Азия чемпионатында күмүш байге алган. Ал жарым финалда Токио Олимпидасынын чемпиону, Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси, америкалык Тамира Менсаны жеңип чыккан эле. Читать дальше...