Евробиримдик менен Польша Страсбургда бири-бирин сындады
19-октябрда Европарламенттин Страсбургдагы жыйынында Евробиримдиктин менен Польшанын расмий жетекчилеринин ортосунда мыйзам үстөмдүгүнө байланыштуу кайчы пикирлер жаралды. Буга октябрь айынын башында Польшанын Конституциялык сотунун Евробиримдик менен келишимдердин айрым шарттарын четке каккан чечими себеп болду. Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен соттун өкүмүн Евробиримдиктеги ынтымакка доо кетирген маселе катары мүнөздөдү. Ал расмий Брюссел Варшаванын Евробиримдиктин баалуулуктарына шек келтиришине каршы чара көрөрүн айтты. Читать дальше...