Прага советтик маршал Коневди ардактуу жарандыктан ажыратууну чечти
Прага шаарынын кеңеши советтик маршал Иван Коневди ардактуу жарандыгынан ажыратууну чечти. Бул чечимди башкалаанын парламенти жактырууга тийиш. Конев ардактуу жарандыкты 1945-жылдын июнь айында алган. Маршалдын кол астындагы армиянын бөлүгү ошол жылы 9-майда Прагага кирген. Маркумду жарандыктан ажыратуу демилгесин мэр Зденек Хржиб көтөргөн. Мэр 1945-жылкы окуяларды тарыхый контексттен алып кароо керек, Чехословакиянын бийлиги көп жыл бою Коневди Праганын бошотуучусу катары атаган вариантты гана таанып келген деп эсептейт. Читать дальше...