Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2022

Новости за 22.05.2022

Ош: суу маселеси качан чечилет?

Azattyk.org 

Ош шаарында таза суу маселеси курч бойдон турат. Катуу жааган жаандан улам 21-майдын таңында өчүрүлгөн бойдон суу берүү 22-майдын кечинде гана калыбына келтирилди. Бул күндөрү мэрия машине менен суу жеткирип, аларда узун кезек күтүүлөр пайда болду. Суунун жоктугу бийликке болгон сынды күчөтүп, Оштун жашоочулары маселени тез арада чечүүнү талап кылып чыгышты. Суу үчүн бөлүнгөн миллиондогон акчалар кайда кетти деп суроо салгандар көбөйдү. Ошто суу эки күндөй жок болду Ошто муздак суу жаан жааган сайын токтоп калганы адатка айланган. Читать дальше...

Бөрү баласы ит болбойт. Ауэзовдун аңгемеси

Azattyk.org 

Казак адабиятынын классиги Мухтар Ауэзовдун “Көк жал” аңгемесин кезинде режиссер Төлөмүш Океев көркөм тасмага көчүргөн. Чыгармада адам менен табияттын карым-катнашы бийик көркөмдүктө чагылдырылган. Бөлтүрүк Айтылуу “Абай жолу” эпопеясы баш болгон бир катар кара сөз, драмалык чыгармалардын автору Мухтар Ауэзовдун “Көк жалы” дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган, көпчүлүк окурмандарга тааныш чыгарма. Анда көчмөндүк доордо казак талаасында өткөн ары трагедиялуу, ары оор турмуш сүрөттөлгөн. Аёо билбес... Читать дальше...

Теңчиликти туу туткан кайрылман үй-бүлө

Azattyk.org 

Давран Асраров жана Муниса Алибаева Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар. Алар азыр төрт баланы тарбиялап жатышат. Үй-бүлө жашаган Чүйдүн Виноградное айылында эки жылдан бери этникалык кыргыздарга гендердик теңчилик боюнча окуулар өткөрүлүп келет. Анда Давран жана Муниса "Мыкты үй-бүлө" сынагын утуп алган.

Австралияда шайлоонун жыйынтыгы менен өкмөт алмашат

Azattyk.org 

Австралияда ишембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өкмөт алмашат. Премьер-министр Скотт Моррисондун Либералдык жана Улуттук партиялардан турган башкаруучу коалициясы шайлоодо утулуп калды. Жеңишти Энтони Албаниз жетектеген оппозициялык лейбористтер алды. Ал министрлер кабинетинин жаңы башчысы болуп калат. Моррисон Албанизди жеңиши менен куттуктады. Добуштарды саноо дагы эле уланууда. Лейбористтер парламенттин 151 орундуу төмөнкү палатасында абсолюттук көпчүлүктү али кепилдей элек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *