Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2022

Новости за 20.05.2022

ЕАЭБ президенттеринин Бишкектеги жыйыны онлайн өткөнү калды

Azattyk.org 

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майда Бишкекте пландалган жыйыны видеоконференция форматында өткөнү калды. Бул тууралуу 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев журналисттерге айтты. Ал Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин жолугушуусу эмне себептен онлайн форматта өтөт деп чечилгенине түшүндүрмө берген жок. 19-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Беларустун... Читать дальше...

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси бир айга үй камагына алынды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова бир айга үй камагына алынды. Каракол шаардык сотунун 19-майда кабыл алынган бул тууралуу токтомуна карата Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз берилгенин “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддинов билдирди. Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган жана ага карата тергөө жүрүп жатканын билдирген. Читать дальше...

Орус драмтеатрынын артисттери жетекчисине карата чара көрүүнү өтүнүштү

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жамаатынын атынан Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылуу жолдонду. Бул маалыматты 19-майда “Азаттыкка” театрдын кызматкери, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов тастыктады. Кайрылууга кол койгон артисттер директор Евгений Кузнецовго карата текшерүү жүргүзүүнү өтүнүп, жетекчи болуп иштеп жаткан төрт жыл ичинде ал театрды бардык көрсөкүчтөр боюнча артта калып жаткан жайга айландырганын билдиришти жана айлык... Читать дальше...

Эмгек мигранттарынын укугун коргоо маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Чет өлкөлөргө иштегени кеткен кыргызстандыктардын укугун коргоо маселеси бүгүн 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттар тобунун жыйынында каралат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана абийирсиз иш берүүчүлөрдүн мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу” маселеси боюнча эмгек, тышкы жана ички иштер министрликтеринин жетекчилери маалымат беришет. Жыл сайын миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет өлкөлөргө кетет. Алардын арасында алданып... Читать дальше...

Болот Назаровдун соту уланат

Azattyk.org 

Бүгүн 20-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровго карата козголгон ишти кароо уланат. Иш боюнча алгачкы угуулар 18-майда жабык режимде өткөн. Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен иштешкен Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон. Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Читать дальше...

Инсулин маселеси боюнча түшүндүрмө берилди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги инсулин маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди. АКИpress маалымат агенттиги министрликтин башкы эндокринологу Наталья Добрынинага таянып кабарлагандай, инсулин өлкөгө ташылып келе жатат жана айрым партиялары жетип калды. Анын айтымында, июнь айынын аягына чейин инсулиндин картриж түрүндөгү аналогдору жана актрапид келет, калган инсулиндерди алып келүү мөөнөтү такталууда. Мындан тышкары, 8-июнга чейин Дүйнөлүк саламаттык уюмунан гуманитардык жардам келет. Добрынина билдиргендей... Читать дальше...

Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Azattyk.org 

Дүйшөмбү, 23-майдан тартып Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Евразия экономикалык форумун өткөрүүгө байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары күчөтүлөт. 26-майда өтө турган форумга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчылары катышары пландалууда. Коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого 26-28-май күндөрү 4 миң милиция кызматкери, 200дөй атайын автомашина тартылат. Беларус... Читать дальше...

Геологияны өнүктүрүү фонду «Жаш илимпоз» сынагын жарыялады

Azattyk.org 

Геологияны өнүктүрүү фонду «Жаш илимпоз» сыйлыгына республикалык сынак жарыялады. Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан сынактын максаты геология илимин жана кен байлыктарды геологиялык изилдөөнүн инновациялык технологияларын өнүктүрүү, жаш изилдөөчүлөрдүн кесиптик деңгээли менен кадыр-баркын жогорулатуу экени айтылды. Сынакка геология илиминин жана практикасынын бардык өкүлдөрү катыша алат, сыйлык фондунун жалпы суммасы 200 миң сом деп белгиленди. Катышууну каалагандардын эмгектерин кабыл алуу 1-июнда башталып, төрт ай уланат. Читать дальше...

Таластагы реабилитациялык борбор үчүн кайрымдуулук аукциону өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 20-майда Бишкекте Таластагы майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору үчүн каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук аукциону өтөт. Сатыкка чыгармачыл адамдардын эмгектери коюлат. Чогулган акчага балдардын ден соолугун бекемдөөгө шарт түзүлө турган бөлүм ачылат. “Күн балдарына – күнөстүү балалык” аукционун Кызыл Ай эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлугу уюштурууда. Таласы облусунда майыптыгы бар балдардын расмий катталган саны 2 миңдин тегерегинде. Шаарда Даун синдрому же аутизми бар... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *