Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2023

Новости за 12.05.2023

"Айыл чарба реформасынын кемчилигин ачык айткам"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, советтик-партиялык кызматкер Азим Карашев болду. Ал маегинде советтик чарбадагы “жел козулар”, айыл чарба реформага мамилеси, кантип районго жетекчи болгону, баласы Аалыга таасири, Баекова менен туугандык байланышы, Жээнбековдун президенттик дарамети ж.б. суроолорго жооп берет. - Азим Карашевич, илгери совет заманында 100 тубар койдон 180-190дон козу алуу деген “социалисттик мелдеш” курулай убада... Читать дальше...

УКМК: "Мурас" мүнүшкөр борбору 7 млн. сомдон ашык зыяндын ордун толтурду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Мурас" мүнүшкөр борбору мамлекетке 7 милилон 700 миң сомдук зыян келтиргени аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталаган уюм 2020-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылында президенттин иш башкармалыгына караштуу "Аңчылык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айылында бак-дарактар мыйзамсыз кыйганы,  жайыт жерлердин топурактарык иштеткени аныкталган. "Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Мурас" борборунун жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып... Читать дальше...

Кызылча, кызамык менен ооругандар үч жүздөн ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда кызылча (корь) менен ооругандар быйыл жыл башынан бери 313кө жеткенин бүгүн 12-майда "Азаттыкка" Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Алардын көбү (158) Ош облусунда. Былтыр бул оору менен бир жыл ичинде бир гана бейтап катталганы расмий маалымдалган. Ал эми кызамык (краснуха) оорусу быйыл жыл башталгандан бери 158 адамда аныкталды. Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер. Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Читать дальше...

Кара-Суу: Депутат бычактан жараат алган окуя иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү депутат бычактан жараат алган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-берениси (“Бейбаштык») менен тергелип жатканын бүгүн 12-майда “Азаттыкка” облустук милициядан билдиришти. Алгач социалдык түйүндөрдө “Криминалдык топтордун мүчөлөрү бычакташты” деп тараган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экени аныкталганы кабарланды. Милициянын маалыматына караганда, эки киши бирине бири бычак сайган окуя быйыл 6-майга караган... Читать дальше...

“Илимдеги кыздар” долбоору аймактарда уланат

Azattyk.org 

Өспүрүм кыздарды илимге тартып, алдыңкы технологияларга кызыктырууну максат кылган долбоордун экинчи баскычы эки жылга созулуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарында тандалып алынган 50 пилоттук мектеп менен ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу бүгүн 12-майда Бишкекте "Илимдеги кыздар" долбооруна арналып өткөн жыйында айтылды.  Аталган долбоордун алкагында илим, технология жана креативдүү тармактарда ийгилик жарата алган белгилүү айымдар 7-11-класстын окуучуларына менторлук кылышат. Читать дальше...

АКШ түштүк чек арасын мыйзамсыз миграциядан коргоону күчөттү

Azattyk.org 

АКШнын ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас Мексика менен АКШнын чек арасында мигранттар менен күч органдары кагылышканын кабарлады. Чек арадагы чыңалуу коронавирус пандемиясы маалында киргизилген чаралар алынгандан кийин күчөгөн. Майоркас чек арадан АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылуунун кесепети оор болорун эскертти. "Биздин чек ара ачык эмес" деп эскертти министр бейшембидеи Ак үйдө журналисттер менен жолугушууда. Ал чек арадан мыйзамсыз өтүп келген мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү 30 күн ичинде депортацияланышы ыктымал экенин айтты.

Кемпир-Абад иши: алты ай жүргөн тергөө, "жашыруун" грифинин таасири

Azattyk.org 

Дээрлик жарым жылдан бери күн тартибинен түшпөй келген Кемпир-Абад иши боюнча тергөө алты айдан кийин жыйынтыкталганы турат. Абакта жаткан саясатчы, укук коргоочулардын жактоочулары соттук жараян июнь айында башталышы мүмкүн экенин айтса, ИИМ буга үн ката элек. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта жаткандардын иши алар камалгандан алты айдан ашык убакыттан кийин тергелип бүтүү алдында турат. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Автандил “Азаттыкка” билдирди. “Кошумча айыптар коюлуп, эми тергөөнүн бүткөнүн жарыялоо алдында турат. Читать дальше...

ИИМ: эки айда мас абалында машина айдагандар дээрлик 50% азайды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы соңку эки айда өлкөдө мас айдоочулардын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 49,7,% азайганын кабарлады. Ага ылайык, 8-марттан тартып 728 адам машинасын мас абалында айдаганы аныкталган. Былтыр ушул маалда 1448 айдоочу болгон. Быйыл 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирген. Жаңы эрежеге ылайык, мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса... Читать дальше...

Байсалов өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы турарын билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Конституцияга өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы турарын билдирди. Ал бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазды. "Өлүм жазасынан баш тартуу - бул бир катар элдик добуш берүүлөр аркылуу ырасталган негизги конституциялык нормалардын бири. Бул убактылуу мораторий эмес, Бул аң-сезимдүү чечим! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдик демилгелерден коргоодо бекем турат",-деп жазды Байсалов. Мунун алдында Жогорку Кеңештеги... Читать дальше...

Төрөбаев кытай элчиси менен "Бедел" өткөрмө бекетин ачууну талкуулады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 11-майда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, анда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну, көзөмөл бекеттеринин ишин жакшыртууну, соода-логистикалык борборлорду түзүүнү жана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону жана кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуруу сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады. Андан сырткары, жолгушууда Ысык-Көл... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *