Орунбеков Кадыр Кошалиевдин маегин саясатташтыруунун кереги жок деп билдирди
Президент Садыр Жапаровдун маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 22-майда журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегине байланыштуу маалымат таратты. Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүдө Орунбеков Кадыр Кошалиевди Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабына минтип жооп берген: "Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Демек... Читать дальше...