Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 25-майдагы сессиясында Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 3 млн. долларлык гранттык макулдашууну ратификациялоо тармактык комитетте каралбаганын айтты. Маселени күн тартибинен алып коюуну сунуштады. Сессияда быйыл 31-январда Бишкекте кол коюлган энергетика тармагын модернизациялоо жана өнүктүрүү тууралуу мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилген. Мадумаров парламенттин Эл аралык иштер... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал жандыкка салык салуу демилгесин көтөрүп, 22-майда мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте менчигинде 40 кой-эчки, үч уй, эки жылкысы барлар салык төлөөгө милдеттүү.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев 25-майда Москвада билдиргендей, бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таануунун негизинде Армения менен алакаларды оңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Армения менен Азербайжан отуз жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан кармашып келет. Соңку айлардагы кагылышууларга карабай, Баку менен Ереван тынчтык келишимине кол коюуга кызыкдарлыгын билдиришүүдө. 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы алты жумалык куралдуу жаңжал Москванын арачылыгы менен токтогон. Читать дальше...
Бишкекте буздурулган “Батуми” ресторанынын ээси вице-мэр Нурдан Орунтаевге каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Башкы прокуратурага арыз берди. Ишкер мэрия мүлкүн өзүм билемдик менен талкалады деп эсептейт. Шаар бийлиги “Батуминин” кожоюндары койгон дооматтарды четке кагып, тескерисинче кафенин жетекчилигин айыптады. Коомдо резонанс жараткан окуяга атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев да реакция кылып, бузулган ресторанга барып кетти. "Жумушта эле отурам" Бишкек... Читать дальше...
Абактагы оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалганын анын адвокаты Разак Ашимбаев "Азаттыкка" ырастады. Анын маалыматына караганда, Алимбаеваны түштө УКМКнын кызматкерлери суракка деп алып кетишкен. Адвокат анын тергөө абагына киргизилгенин кечки саат 8ге жакын укканын, ага чейин байланыша албаганын, ал кайсы иштен улам камалганы белгисиз экенин билдирди. Читать дальше...
Казакстанда сот Орусиядагы мобилизациядан качкан Игорь Санжиевдин доо арызын канаттандырган жок. 3-майда Казакстандын Бөкей Ордо шаардык соту Санжиевди Казакстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, беш жылга өлкөгө киришине тыюу салган. Ошондой эле сот аны мекенине депортация кылуу чечимин чыгарган. Буга каршылыгын билдирген Санжиев жогорку инстанциядагы сотко Казакстандан депортациялоо чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Батыш Казакстан облустук... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи айлампасы башталарын билдирди. Ал 24-майда Фейсбуктагы баракчасына жемкорлукка каршы күрөштүн биринчи этабы оңой болбогонун, кийинкиси андан дагы оор болорун жазды. Атайын кызматтын башчысынын соңку билдирүүсү ар түрдүүчө талданып жатат. Transparency International эл аралык уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган жыл башындагы баяндамасында Кыргызстан автократияга ыктап, бийликтегилерге... Читать дальше...
Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев өзүн Улуттук коопсуздук боюнча комитети суракка чакырды деген маалыматтарды четке какты. Ал "Азаттыкка" суракка чакыруу албаганын айтты. "Жок, мен жумушта эле отурам азыр. Эч жакка барган да жокмун. Чакыруу да келген жок", - деди Орунтаев. Жергиликтүү маалымат каражаттары 25-майда күч кызматтарындагы булактарына таянып, Орунтаев Бишкектин Жал кичи районундагы "Батуми" ресторанын буздургандан кийин УКМКга суракка жеткирилгенин жазып чыгышкан. Андан... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкекте бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шек саналып Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну кармалганын билдирди. Ал 24-майда саат 00:46да Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасынын Инстаграмдагы жеке аккаунтуна bombaa195 фейк аккаунтунан №21 адистештирилген мектеп-интернатынын аймагына жардыргыч зат коюу пландалып жатканы жөнүндө жалган маалымат жазган. Мектептен студенттер жана кызматкерлер эвакуацияланган. Текшерүү учурунда жардыруучу зат... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышып жатат. Анда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери каралып жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. ЖЕЭКтин чакан курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары чогуу сүрөткө түштү. Андан кийин жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат. Читать дальше...
Быйыл Кыргызстандын мектептерин 70 миңге чукул окуучу аяктап жатат. Алардын үчтөн бир бөлүгү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуудан баш тарткан. Парламент депутаттары соңку жылдарда мектептердеги билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин мугалимдерге байланыштырып маселе көтөрдү. Депутаттардын айрымдары ЖРТны жоюу же босого баллын төмөндөтүү керектигин айтууда. Ал арада билим берүү министри Каныбек Иманалиев тескерисинче, ЖРТны күчтөндүрүү аракети башталганын билдирди. "Билимдин төмөндөп кеткени... Читать дальше...
БШК Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округунан парламент депутатын шайлоонун алдында билдирүү таратып, добушту электрондук төлөм аркылуу сатып алуу аракеттерине бөгөт коюларын маалымдады. Боршайкомдун 25-майдагы маалыматына караганда, шайлоо күнү Улуттук банк, Банктар аралык процессинг борбору, коммерциялык банктар, төлөм системаларын жүргүзүүчү операторлор жана Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы менен чогуу электрондук төлөмдөргө байкоо жүргүзүлөт. Мындай көзөмөл 2021-жылы Жогорку Кеңештин... Читать дальше...
Жыл башынан бери Кыргызстанда оюн-зоок ишкердигин жүргүзүүгө 5 лицензия берилди. Алардын бирөө кумаркана, калган төртөө букмекердик кантора иштетүүгө уруксат алышкан. Андан бюджетке 126 млн. сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген "Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова кыздарды эле эмес, аскердик кызматын өтөй элек жарандарды өлкөдөн чыгарбоону 25-майда парламент жыйынында сунуштады. Ал муну чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн жаштар көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп, билип-билбей кылмышка кириптер болуп жатканы менен түшүндүрдү: "Орусияга, миграцияга чыгып кеткен кыз-келиндердин саны көбөйүп жатат. Ушул багытта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жер-жерлерде айыл өкмөттөр менен бирге ишканалар менен иш алып барып... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 25-майдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевге суроо берип жатып, вебкам бизнеси жаатында "ачык-айкын иштеп, коомчулукка ишкер катары таанылган" адамдар бар экенин айтты: "Расмий түрдө ошол бизнестин аркасы менен миллиондоп акча тапкан жаран социалдык тармакта ачык эле мактанып жүрөт. Аны жарнама кылбай эле койойун. Аны укук коргоо органдары бүт эле билет. Ал батирди ижарага алып, айып пул төлөп кайра эле ачылып калып жатат деп айтып жатышат. Читать дальше...
Улуттук банк 24-майда валюта базарына 62 миллион доллар сатты. Бул май айындагы алгачкы жүргүзүлгөн интервенция. Буга чейин башкы банк 14-апрелде 46,1 миллион доллар интервенция жүргүзгөн. Ушуну менен быйылкы жыл башынан бери акча базарына сегиз жолу АКШ доллары чыгарылып, жалпы суммасы 502 млн. 540 миң сомду түздү. 2022-жылы Улуттук банк он беш жолу интервенция жүргүзүлүп, 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Читать дальше...
26-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы... Читать дальше...
24-майда Орусиянын элчиси Семен Григорьев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. "Жолугушууда Дүйшөмбү Орусияда тажик жарандары түрдүү шылтоолор менен жапырт кармалган фактыларга тынчсызданып жатканы айтылды", – деп жазылган расмий маалыматта. Билдирүүдө элчи менен 19-майда Комсомольск-на-Амуре шаарында 100дөн ашык тажик студенти сабалган окуя талкууланганы жазылган. Аталган Техникалык университетте окуган 100дөн ашык тажикстандык студентти өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН)... Читать дальше...
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү анын сөзүнө комментарий бербестен, аны маалымат иретинде кабыл алышы керектигин билдирди. Бул тууралуу Пашинян парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Буга чейин Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова Пашиняндын Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берген. "Эгер бул Армениянын ЖККУдан чыгуу боюнча позициясын ишке ашыруу үчүн айтылган болсо... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда 107 медицина кызматкеринин өмүрүн алганы расмий тастыкталды. Бул тууралуу маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланды. Ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны дээрлик 8 миңге чамалаганы, алардын арасында мамлекеттик да, менчик да медициналык жайлардын өкүлдөрү бар экени маалымдалды. Саламаттык сактоо мекемелеринин вирусту жугузуп алганы тастыкталган 3520 кызматкерине 629 миллион 579 миң сом кенемте төлөнүп берилди. Дүйнөлүк... Читать дальше...
Кыргызстандын ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча комитетинин курамын жана Жобосун жаңылоо ишин сектор аралык жумуш тобу аткарарын 25-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жумуш тобун түзүү тапшырмасы Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлдү. Маселе Министрлер кабинетинин алдындагы Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин жаңыланган курамынын өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов өткөргөн алгачкы отурумунда талкууланды. Читать дальше...
Айыл чарба министрлигинин ишин толугу менен кайра карап чыгуу керектиги, ага сентябрь айында тиешелүү баа берилери айтылганын 24-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтин жана тармактын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, бул тармак дээрлик бардык багыттарда «артта калып жатканын» белгиледи. “Балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө “кемчилик” бар. Агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Читать дальше...
Бельгиянын өкмөтү Европарламентке шайлоодо добуш берүү үчүн минималдуу жаш куракты кыскартты. Эми 16 жашка чыккандар Европарламенттин депутаттарын шайлоого укуктуу. Ички иштер министри Аннелиз Верлинден жаштарга кайрылып: "Биз сиздин үнүңүздү, пикириңизди билүүнү, аны эске алууну каалайбыз", - деди. Жаңы эрежеге ылайык, 2024-жылдагы шайлоого 280 миң өспүрүм катышууга мүмкүнчүлүк алды. Добуш берүүнү каалаган өспүрүмдөр алдын ала каттоодон өтүшү керек. Euronews кабарлагандай, Мальта, Германия... Читать дальше...
Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыкканын “Азаттыкка” жабыркаган тараптын адвокаты Мунара Акылбекова бидирди. Анын айтымында, сот айыпталуучуга коюлган киненин баары далилденди деп чечти: “Тергөө мезгилинде 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп... Читать дальше...