Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2023

Новости за 06.06.2023

ЖТРКнын кызматкерлери эки айдан бери айлык берилбей жатканын айтып чыгышты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын жамааты эки айдан бер маянасын ала албай жатканын социалдык түйүндөр аркылуу билдирип, жазып жатышат. “Азаттык”  6-июнда аталган телерадиоканалдын башкы директору Союзбек Абдурасуловго кайрылганда ал төмөнкүлөрдү билдирди: «Эки айдан бери айлык алган жокпуз. Мурда облустук каналдар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш иет эле, кийин Улуттук телерадио корпорациясына (УТРК) өткөн. Ошондуктан каржы маселесин тактап жатышкандыктан маяна токтоп турат. Читать дальше...

"Азаттык" иши: Депутат Түлөбаев сөз эркиндигин муунтуу жакшылыкка алып келбесин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев «Азаттык» радиосунун жабылышына, "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамга каршы экенин 5-июнда "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштешине бирдей шарт түзүшү керектигин белгиледи: “ЖМК мыйзамына өзүмдүн ой-пикирим бар, ага алымча-кошумча сунуштарымды берем. Агенттер боюнча мыйзамга каршымын, мен ага добуш бербейм. Басма сөз эркиндигин, пикирлерди муунтуу жакшылыкка алып келбейт. Өзгөчө Кыргызстанда. Биз ар бир революция сайын жаңы кадам таштап... Читать дальше...

Бишкек–Ош жолундагы кырсыктан алты өмүр кыйылды

Azattyk.org 

Бишкек–Ош автожолунун Суусамырдын тушундагы тилкесинде бүгүн 6-июнда эртең менен болгон жол кырсыгы алты адамдын өмүрүн алды. Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан 14 адам жабыркаганын, алардын төртөө ошол жерден мерт кеткенин, экөө ооруканага жеткирип баратышканда үзүлгөнүн, сегизи Жайыл райондук ооруканасына жаткырылганын билдирди. Чүй облустук милициясынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө мекемеси кырсык болжол менен саат 07:00 чамасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун 178-чакырымында болгонун, рулу... Читать дальше...

Алматыда кыргызстандык ишкер камакка алынды

Azattyk.org 

Кыргыз жараны, Казакстандын Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев эки айга полициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын бүгүн 6-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди. Анын айтымында, Маркабаевге байланыштуу окуя 2-июнда болгон, ал тууралуу консулдукка дароо маалымат түшкөн. Бөгөт чарасы сотто кечээ каралды, учурда ага укуктук жардам берүү боюнча бардык аракет көрүлүүдө: “Базардын юристтери, адвокат иштеп жатышат. Читать дальше...

ЖК: президентке сыйлык-наамдарды кайтарып алуу укугун берүү колдоо тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети 6-июндагы жыйынында "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый-акылар жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү долбоорун биринчи окууда карап, аны кабыл алды. Анда юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов баяндама жасап, документте бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди. Ага ылайык, ушул кезге чейин берилген сыйлыктар соттун чечими менен гана кайра алынып келсе, мындан ары ушундай укукту президентке дагы берүү сунушталып жатат. Читать дальше...

ЖК комитети прокурорлорго кенемте берүү мыйзам долбоорун карады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети 6-июндагы жыйынында "Прокуратура тууралуу" конституциялык мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду биринчи окууда карап, аны көпчүлүк добуш менен кабыл алды.  Документти Финансы министирлиги даярдаган жана негиздемесинде ал президенттин тапшырмасы менен иштелип чыкканы көрсөтүлгөн. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатып курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө... Читать дальше...

УКМК бийликти күч менен басып алууга айыптап бир нече адамды камады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген айып менен бир канча адам камалганын билдирди. Анда атайын кызмат ондогон адам калайман каршылык акцияларын уюштурууга даярданып жүргөнүн, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлганын кабарлады. Негизги уюштуруучусу "Элдик кеңеш" саясий партиясынын жетекчиси экени аныкталды деп билдирди. "Соттун санкциясы менен чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду. Аталган кылмыштуу топ жыл бою тарапкерлерди... Читать дальше...

Садыр Жапаров ЕККУну долбоорлорун улантууга чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Хельга Мария Шмид менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар өз ара алака-катышты бекемдөө, аны андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жапаров  уюмду Кыргызстандагы долбоорлорун мындан ары дагы улантууга чакырды.  "Садыр Жапаров ЕККУнун баш катчысына Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, коопсуздукту чыңдоого, сот жана укук коргоо органдарына... Читать дальше...

"Эти Бакыр Терексай" жөнүндө инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июнда Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын директорлор кеңешининин башчысы Шереф Женгиз баштаган өкүлдөрү менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда "кыргыз-түрк ишканасындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды". "Ишкана жетекчилиги кыргыз өкмөтүнө компанияга Тереккан, Перевальное алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин... Читать дальше...

Энесай Астайы жок жетимсирейт...

Azattyk.org 

Хакас элинин даңазалуу этнограф жана тарыхчы илимпозу, профессор Виктор Яковлевич Астайбек Бутанаевдин (12.3.1946–05.6.2023) элесине арналган тарыхчынын блогу. Хакас элинин чыгаан этнографы, эзелки Барсбектин бүгүнкү даңазалуу урпактарынын бири Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев 5-июнда (кулжанын 5инде) таңда дүйнө салды... Аны 8-июнда Бишкекте өтө турган орто кылымдардын тарыхына арналган эл аралык илимий жыйында башкы баяндамалардын бирин онлайн түрүндө сунуштайт деп камынып жаткан элек...... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *