Дүйнөлүк Банк бөлгөн 30 млн долларга Отуз-Адыр каналы оңдолот
Дүйнөлүк Банк бөлгөн 30 млн долларга Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр каналы оңдолот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Биринчи радионун “Эл өкүлү” берүүсүндө айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, Дүйнөлүк Банк бөлгөн 30 млн долларга 2026-жылга чейин каналды калыбына келтирүү жумуштары жасалат. Бул ирригациялык система Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн сегизине суу жеткирет. "1945-жылы башталып, курулушу 1949-жылы аяктаган суу каналынын узундугу 52 чакырымды түзөт. Читать дальше...