Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2023

Новости за 22.08.2023

Кыргызстанда насыя алгандар 17% көбөйдү

Azattyk.org 

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 350 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан насыя алды. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17% көп. Муну менен 24 млрд. сомго жакын каражат же 35,5% көп насыя берилди. Насыя алгандардын көбү Ош (21% жакын) жана Жалал-Абад облустарына (17% ашык), андан кийин Бишкек шаарына (16% жакын) туура келет. Насыянын 46% турмуштук керектөөгө, 25% көбү айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12% жакыны соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө... Читать дальше...

Киров суу сактагычында 14,5 миллион куб метр суу калды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Таластагы Киров суу сактагычында 22-августка карата 14,5 млн. куб метр суу калганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,1 млн. куб метрге аз экенин билдирди. Ушул тапта суунун келиши секундасына 0,7 куб метр экенин жана суу көбөйбөгөнүн кошумчалады. 2022-жылы суунун келиши секундасына 13,7 метр кубду түзгөн. Маалымат боюнча, Киров суу сактагычынан 21-апрелден тарта суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. куб метр жана суу Кыргызстан... Читать дальше...

Спикер кыргыз тили жөнүндө долбоордун өкүлдөрү менен жолукту

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилин жайылтууга багытталган “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүлөрү Тилек Нурдинов, Нуржигит Асанов жана Муслим Таалайбек уулу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Спикер мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаштардын сунуш-пикирлерин угуп, 200 миң сомдук сертификат тапшырды. Шакиев жакында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды ишке ашырууда ушундай долбоорлор керек экенин айтты. Читать дальше...

Ысык-Көлдө самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда эркектер, кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды. Мелдешке 11 өлкөдөн спортчулар катышып жатканын Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.   Мелдештин программасына ылайык, 22-августта спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм салмактарда, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 килограмм, 65 килограмм, 72 килограмм салмакта беттештер өтөт. Читать дальше...

Чүйдө ирригациялык системаны оңдоого 25 млрд. сом керектелери маалым болду

Azattyk.org 

Чүй облусунун ирригациялык системасын модернизациялоого 25 млрд. сом керектелет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда кургакчылыкты алдын алуу үчүн ирригациялык тармактарды оңдоо жана жаңы гидротехникалык объектилерди куруу зарыл. Мекеме ирригациялык системаны оңдоо жөнүндө кенен маалымат берген жок. Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Читать дальше...

Кыргызстан АКШда өткөн аскердик машыгууга катышты

Azattyk.org 

Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы башка өлкөлөр менен катар АКШда өткөн аскердик машыгууга катышканын Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Аймактык кызматташтык 2023” деп аталган машыгуу Монтана штатындагы авиациялык машыгуу борборунда өттү. Ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн барган аскер кызматкерлери катышып, америкалык кесиптештери менен бирге машыгуу жүргүзүштү. «Аймактык кызматташтык ... Читать дальше...

Төлөн уулу Бектемир "кастыкты козутуу" иши боюнча бүгүн да суракка чакырылганын айтты

Azattyk.org 

Кастыкты козутуу тууралуу кылмыш ишинин негизинде милицияга жеткирилген Төлөн уулу Бектемир бүгүн 22-августта да суракка чакырылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 21-августта үйүнөн эки милиционер алып кеткен, суракка адвокаты да катышкан: “Фейсбукка мыйзамга туура келбеген нерселерди жазыпсыз деп чакырышты, принтерге басып чыгарып көрсөтүштү. Анын көпчүлүгү мен жазган эмес, бирөөлөрдүн жазганын бөлүшкөн посттор экен. Мен жазгандар да бар экен. 2-3 саат сурап, бара бериңиз, эртең келиңиз дешти. Читать дальше...

Казакстандын Түркстан облусунда 11 адам сууга чөгүп каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Түркстан облусунун Атырау районунда Сырдарыяга 11 адам чөгүп каза болду. “Азаттыктын” казак кызматы кырсык 21-августта болгонун, сууга чөгүп кеткендердин ичинен бешөө балдар экенин жазды. Сегиз адамдын сөөгү табылганы жана дагы үч кишинин сөөгүн издөө иштери уланып жатканы кабарланды. Алардын экөө балдар. Жергиликтүү бийлик өкүдөрү окуя автоунаалар өткөн көпүрөгө жакын жерде болгонун, ал аймакта сууга түшүүгө болбой турганын билдирди. Куткаруучулардын маалыматына караганда, Сырдарыянын жээгинде төрт үй-бүлө... Читать дальше...



Маңзат иши боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен үч милиция кызматкери кармалганын билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Орусиянын жараны милиция кызматкерлери жана дагы бир адам 20-апрелде Бишкекте кафелердин биринде ага “гашиш” делген баңгизатын ыргытып, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын айтып арыз жазган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

Депутат соодалашкан көмүр кендеги чыр

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу аралашкан Кадамжай районундагы көмүр кендин чыры аяктай элек. Кенди иштетүүгө лизенция алган “Уу-Таш” ишканасынын кожоюндарыбыз деген жарандар депутат, милиция кызматкери аралашып, көмүр кенин тартып алганын айтууда. Азыр соттук териштирүү уланууда.

Түп районунун акими Каныбек Адиев да кызматтан кетти

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Ал жаңы жетекчи качан дайындалары азырынча белгисиз экенин айтты. Каныбек Адиев бул кызматка президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын май айында дайындалган. Буга чейин алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилген. ... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасындагы машинелердин кезеги дагы узарды

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турган жүк ташуучу автоунаалардын кезеги дагы узарды. Чек арада турган айдоочулар “Азаттыктын” кабарчыларына Казакстан күнүнө 5-6 гана машинени өткөрүп жатканын, ушул тапта 500гө чукул жүк ташуучу автоунаа кезекте турганын айтып беришти. Кыргызстандын Чек ара кызматы 21-августта 370тей машине Казакстанга өтө албай, кезекте турганын билдирген. Мекеме кыргыз тарап автоунаалардын жай өтүшүнүн себептерин... Читать дальше...

Ак-Сууда коңшусу зордуктаган деген аялдын экспертизасы чыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда кошунасы кол көтөрүп, зордуктаган деген аялга жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, жабырлануучу аял зордукталганы ырасталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү укук коргоочу Камил Рузиев билдирди. “Жабырлануучу кыйноо фактысы боюнча Стамбул протоколун толтурган. Кылмышка шектүүгө кошумча “Кыйноо” беренеси менен айып коюу боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жөнөтүлдү. Шектүү зордуктоо жана денеге оор залал келтирүү боюнча айыпталууда”, - деди укук коргоочу. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Жеңиш Молдокматов сот ачык өтүшүн талап кылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков иштин материалдарынын биринчи жана 50-тому менен шектүүлөрдү тааныштырбай жатканын билдирди. Бул тууралуу анын кайрылуусу Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. “Эми сотто иш менен таанышалы десек, судья Марат Сыдыков мыйзамга ылайык соттук процессте бардык тараптардын катышында иш менен таанышуу чечимин кабыл албастан, өзү каалагандай чечип бизди токтом менен тааныштырган... Читать дальше...

Орусиялыктар кыргыз жарандыгын алууну улантып жатат

Azattyk.org 

Теги москвалык финансист Михаил Жуховицкий орусиялыктар Кыргызстандын жарандыгын алууну улантып жатканын кабарлады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырып, 13 досу Кыргызстандын жараны болгонун жазды. Бирок аны текшерүү мүмкүн эмес экенин, себеби жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин жарлыгы журналисттердин айынан жашырылганын кошумчалады. Михаил Жуховицкий өзү да кыргыз жарандыгын алган. Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы 18-августта Садыр Жапаров Кыргызстандын... Читать дальше...

Айылда алыш күрөшүн тандаган кыздар

Azattyk.org 

Кыргызстанда, айрыкча айыл-кыштактарда алыш бел боо күрөшү менен алектенген кыздар көбөйдү. Балбан кыздар үй оокатын жасап, окуп, машыгып эле тим болбостон эл аралык мелдештерде да ийгилик жаратууда. "Азаттык" Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Каба айылында алыш күрөшү менен алектенген чемпион кыздар тууралуу баяндайт. Айылдык кыздар София, Мадина жана Арууке алыш бел боо күрөшү менен машыгат. Кыздардын эң уулусу София Заирова (сүрөттө оңдо-ред.) - спорттун бул түрү боюнча Кыргызстанда өткөн чемпионатынын күмүш... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *