Румыниядагы жарылууда жабыркаган дагы бир киши каза болду
Румыниядагы газ-май куюучу станциядагы жарылуудан каза болгондордун саны экиге жетип, 57си жараат алды. Жабыркагандардын 39у өрт өчүрүүчү, төртөө полиция кызматкери экенин, көбү катуу күйүк алганын "Азаттыктын" румын кызматы жазды. Оор абалдагы жети адам дарылануу үчүн Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Окуя борбор калаа Бухаресттен 30 чакырым алыстагы Креведия деген жерде 26-августта кечинде болгон. Румыниянын президенти Клаус Йоханнис муну "трагедия" деп сыпаттап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Читать дальше...