Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Август
2023

Новости за 28.08.2023

"Курсактагы баламдан айрылдым". Күйөөсүнөн бычак жеген келин ооруканада

Azattyk.org 

Ошто 23-августта 33 жаштагы келин күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы беш айлык баласынан айрылган. Бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарып, коомчулукта талкуу жаратты. Жабыркаган келин жана жакындары шектүүнү катаал жазага тартууну талап кылып жатат.

"Дин аркылуу упай топтоо". "Райым миллиондун" муфтиятка жардамы

Azattyk.org 

Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышканы коомчулукта талкуу жаратты. Сындагандар Матрамовдун бажыда коррупциялык схема түзгөнүн, саясаттагы таасирин эске салды. Каржысы күмөндүү бажычынын кайрымдуулугу Бажыда коррупциялык схема түзгөн деген айып менен соттолуп, акча төлөп абактан чыккан Райымбек Матраимовдун "Исмаил ата" фонду Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы... Читать дальше...

"Эл үмүтү" стипендиясы быйыл 17 адамга тапшырылды

Azattyk.org 

28-августта жаштардын чет жакта билим алуусуна колдоо көрсөтүүнү көздөгөн президенттик “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын кезектеги жеңүүчүлөрүнө сертификат тапшырылды. Ага катышкан өкмөт башчы Акылбек Жапаров “билимге, саламаттыкты сактоого жана маданиятка салым кошуу адамдык капиталды өнүктүрүү аркылуу эң жакшы инвестиция” экенин белгиледи.   Республикалык комиссиянын элегинен өткөн 17 жаран 2023-2024-окуу жылында дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларга магистр жана докторлук даражаны алуу үчүн кетет. Читать дальше...

Астана акими жармаңкедеги талап-тоноону сындады

Azattyk.org 

Казакстандын баш калаасы Астананын акими Женис Касымбек дем алыш күндөрү тажикстандык жер-жемиштердин жармаңкесинде шаардыктар маданиятынын деңгээлинин төмөндүгүн көрсөттү деп билдирди. Шаар башчысынын айтымында, айрымдар декорацияларды бузуп, жер-жемиш тизилген текчелерди талкалаган. "Бул - маданияттын төмөндүгүнүн, бирөөнүн эмгегин баалабастыктын көрсөткүчү. Айрымдардын жосунсуз иш-аракеттеринен улам Астананын бардык тургундарына көө жабылды", - деп жазды аким Фейсбуктагы баракчасына. Социалдык... Читать дальше...

"Өзүмдүн акчам, пара эмес". Аспеков менен УКМКнын айтышы

Azattyk.org 

Атайын кызмат 28-августта Садыр Жапаровдун тарапташы, быйыл жазында президенттин ырайымы менен абактан чыккан Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди. Мекеме Аспековдун үйүнөн табылган 10 миң доллардан ашуун акча козголгон кылмыш ишинде далил катары саналбагандыктан ээсине кайтарылган. "Акчамдын кайтарылышы күнөөмдүн жоктугунун бирден бир далили" Мелис Аспеков 27-августта Фейсбуктагы баракчасына атайын кызмат өзүн кармаган учурда үйүндө акча болгонун, аны өз ыктыяры менен күч органдарына... Читать дальше...

Франция мектептеринде мусулмандардын көйнөгү - абаяларга тыюу салынат

Azattyk.org 

Франциянын бийлиги мамлекеттик мектептерде мусулман кыз-келиндер кийген узун, балбыраган, кенен чапан-көйнөктөр-абаяларга тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу Франциянын билим берүү Габриэль Атталь 27-августта билдирди. «Класска киргенде окуучуларды карап алардын кийиминен диний ишенимдерин аныктай албагандай болуш керек», - деп айткан буга чейин Атталь. Мындай чечим абаяны кийүү боюнча бир нече айга созулган талаш-тартыштан кийин кабыл алынды. Өзгөчө оңчулдар жана ашынган оңчулдар мектептерде... Читать дальше...

"Медуза": Кремль шайлоодогу Путиндин ыктымал атаандаштарын аныктады

Azattyk.org 

Кремль 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин "атаандаштары" кимдер болорун аныктады. Мында биринчи кезекте ыктымал талапкерлердин жаш курагына көңүл бурулган. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы президенттик администрацияга жакын булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, талапкерлердин жаш курагы элүүгө чейин болсо, орусиялыктар 70 жаштагы Путин менен салыштырып, ойлорун кескин өзгөртүшү мүмкүн. Кремль Путинден башка КПРФ, ЛДПР жана "Жаңы адамдар" партиясынан үч талапкер ат салышарын боолгоп жатат. Читать дальше...

Бишкекте эхинококкоз оорусуна каршы эл аралык жыйын өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн 28-августта Бишкекте эхинококкоз оорусуна каршы кызматташтыкты талкуулаган эл аралык жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, жыйынга жыйырмадан ашуун өлкөдөн жана уюмдан келген өкүлдөр, адистер катышып, бул ооруну алдын алуунун, ага каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын, жалпы эпидемиологиялык абалды талкуулап, тажрыйба алмашып жатышат: “Бул... Читать дальше...



Караколдо мурдагы жубайлардын өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда милиция төрт ай мурда ажырашып кеткен мурдагы жубайлардын өлүмүн иликтеп жатат. Облустук милициядан “Азаттыкка” 28-августта кабарлашкандай, материалдар каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 23-августта Каракол шаарында болгон. 42 жаштагы жергиликтүү тургундун сөөгү сарайда асылган абалда, ал эми 41 жаштагы келиндин сөөгү үйдүн ичинен табылган. Алар мурда түгөйлөр болгону, быйыл апрель айында сот аркылуу ажырашып, чогуу жашабай жүрүшкөнү аныкталды. Читать дальше...

УКМК ири ресторандарга ээлик кылган мурдагы айыл өкмөт кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы камалган жагдай тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Ш.Н.Ш. Кылмыш-жаза кодексиндеги "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу" беренелери менен козголгон кылмыш иштин  алкагында 25-августта кармалган. "Ал Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, кайсы бир кызыкдар тараптардын кызыкчылыгын коргоп... Читать дальше...

Орусия: "Сахарово" борборунда 200дөн ашык кыргыз жараны кармалып турат

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва облусундагы "Сахарово" миграциялык борборунда кармалып турган кыргызстандык жарандардан кабар алды. Омбудсмен институтунан кабарлашкандай, ал айрым учурларды өз көзөмөлүнө аларын билдирди. "Акыйкатчы бул борбордо убактылуу кармалып турган кыргыз жарандары менен жолугуп, аларды кармоо шарты менен таанышты. Жаманбаева барган маалда миграциялык мыйзамдарды бузууга шек саналып кармалган 209 кыргызстандык болгон. Алардын айрымдарынын ишин, жагдайын... Читать дальше...

Кара-Тегиндеги өзгөргөн жер-суу аталыштары: жер тагдыры – эл тагдыры

Azattyk.org 

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.   Жер-суу аттары кылымдардан бери ошол жерди мекендеп келе жаткан элдин тагдыры, тарыхы, өтмүшү менен тыгыз байланышкан. Бул мааниден алганда жер-суу аттары да ар бир улуттун же элдин тили, маданияты, каада-салты, үрп-адат-жөрөлгөлөрү сыяктуу эзелки, түпкүлүктүү эл менен жашташ, тагдырлаш, тамырлаш. Дагы да тагыраак айтсак, жер-суу аттары – ар бир элдин тили сыяктуу эле ошол элдин эн тамгасы... Читать дальше...

БУУ "Ислам мамлекети" Борбор Азияга коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эскертти

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши "Ислам мамлекети" террордук тобунун "Хорасан" канатынын ишмердүүлүгүнө тынчсыздануусун билдирип, ал Ооганстанга жана Борбор Азия мамлекеттерине "олуттуу коркунуч" туудурушу мүмкүн экенин эскертти. Уюмдун "Ислам мамлекети" радикал тобунан тараган коркунуч тууралуу баяндамасында бул топтун жоочуларынын саны 4 миңден 6миңге чейин экени (үй-бүлө мүчөлөрү менен бирдикте) белгиленген. Маалыматка караганда, террорчулардын "Хорасан добушу" басылмасы аймактан жаңы адамдарды азгыруу максатында атайын пуштун... Читать дальше...

Кызыл-Кыя: жолбун ит капкан сегиз адамдын алтоо ооруканадан чыкты

Azattyk.org 

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит каап алган сегиз адамдын алтоо 28-августта ооруканадан чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка"  аталган аймактагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциялык оорулар башкармалыгынын кабарлашты. Жолбун ит капкан сегиз адам 25-августта ооруканага жаткырылган. Саламаттык сактоо министрлиги аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалганын, инфекциянын жайылытпоо үчүн эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар уланып жатканын билдирген. Читать дальше...

Кыргызстанды баккан жеңил өнөр жай

Azattyk.org 

Жеңил өнөр жайы - Кыргызстандагы приоритеттүү, социалдык мааниси чоң тармак. Өлкө эгемендик алган алгачкы жылдарда жеңил өнөр жайындагы ири ишканалар талкаланып, миңдеген жумушчу орундар жоюлуп кеткен. “Данисте” бул жолу жеңил өнөр жайын ичинен көрсөтүп берет.

АКШ менен Кытайдын соода министрлери Бээжинде жолугушту

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын соода министри Жина Раймондо Бээжинде кытайлык кызматташы Ван Вэнтао менен 28-августта жолукту. Раймонд соңку эки ай ичинде Бээжинге барган Байдендин администрациясындагы төртүнчү жогорку даражалуу аткаминер. Буга чейин мамлекеттик катчы Энтони Блинкен, каржы министри Жанет Йеллен, АКШнын климат маселелери боюнча атайын чабарманы Жон Керри Кытайда болгон. Раймонддун сапары 30-августка чейин созулат. Вашингтон учурда дүйнөнүн алдыңкы эки экономикасынын ортосундагы чыңалууну жайгаруунун үстүнүн иштеп жатканы кабарланып келет.

Прокуратура "Клооп" басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жоюу боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда, “Клооп” басылмасы жарыялаган материалдарында “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылары” жазылган. Читать дальше...

Тажикстанда суу ташкыны 13 кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Тажикстанда бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жаандан кийин башталган суу ташкындан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 28-августта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди. Адам өмүрүн алган кырсык башкалаа Дүйшөмбүнүн чыгыш жана түштүк тарабында жайгашкан Вахдат жана Рудаки райондорунда болгон. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүүнү жана кесепеттерин жоюну тапшырды. Баш калаа Дүйшөмбүдө... Читать дальше...

Бишкек прокуратурасы "Клооп" басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Бул маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда, “Клооп” басылмасы жарыялаган материалдарында “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү жарыялары басымдуулук кылары” жазылган. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

28-29-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 28-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°... Читать дальше...

Иранда белгилүү ырчыга хижабга каршы чыгармасы үчүн кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Ирандын соту белгилүү ырчы Мехди Яррахиге кылмыш ишин козгоду. 27-августта таратылган билдирүүдө “ислам коомунун салт-санааларына каршы мыйзамсыз ырын чыгаргандан кийин ага карата кылмыш иши козголгону” белгиленет. 25-августта Яррахинин “Сенин башыңдагы жоолугуң” деген аталыштагы чыгармасы жарык көргөн. Анда ырчы кыз-келиндерди жоолукту чечүүгө үндөгөн. Яррахи азырынча камакка алына элек. Иранда бардык аялдардын башын жана моюнун жаап жүрүүсүн талап кылган мыйзам бар. Адеп-ахлак полициясы эреженин сакталышын көзөмөлдөп... Читать дальше...

Салыктык текшерүүлөрдүн мораторийи жоюлду

Azattyk.org 

Кыргызстанда салык органдарынын текшерүүлөрү убактылуу мораторий киргизилген текшерүүлөр тизмесинен чыгарылды. Өкмөттүн бул тууралуу токтому 14-августта кабыл алынганы “Токтом” маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды. Ошентип, салык органдарына бизнести текшерүүгө тоскоолдук болуучу талап жоюлду. Кыргызстанда бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан жана Кумтөрдөн түшкөн каражат түзөт. Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда быйылкы жылдын беш айында Кумтөр алтын кенинен мамлекеттик бюджетке түшкөн... Читать дальше...

Сокулукта жер коррупциясына шектүү 26 кишинин иши сотко өттү

Azattyk.org 

Чүйдө ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп сатууга шектүү 26 адамга козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 28-августта Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Сокулук районунда “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон, алар жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүп... Читать дальше...

Кемпир-Абад: дагы үч киши үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев 28-августта “Азаттыкка” билдирди. Алардын бөгөт чарасы 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды. Турдалиев бул иш боюнча абакта жаткан башка кишилердин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылганын айтты. Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан алты киши - Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов... Читать дальше...

Өзбекстанга Кыргызстандан алты айда 913 миңдей адам барып келди

Azattyk.org 

Өзбекстандын Статистика агенттиги соңку алты айда өлкөгө келип-кеткен чет өлкөлүк туристтер тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Өзбекстанга эң көп каттаган тажик жарандары болуп, алардын саны 1,1 миллиондон ашкан. Экинчи орунга Кыргызстан чыккан жана барып келгендердин саны 913 миңге чамалаган. Андан кийинки орунда Казакстан турат жана Өзбекстанга 880 миңдей казак жараны кирип-чыккан. Келерки айдан тартып Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкөнүн ортосундагы чек арадан ID паспорт менен өтө алат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *