Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2023

Новости за 08.09.2023

Бекназаровдун Фейсбук баракчасынан жалган маалымат таратууга айыпталган жаран камалды

Azattyk.org 

Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу "массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалымат таратууга" айыпталган Нишанбай Иманкулов 25-сентябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 7-сентябрда Жалал-Абад шаардык сотунда каралганын адвокаты Зарылбек Маматов “Азаттыкка” билдирди. Сотто Иманкуловдун кармалышы мыйзамдуу деп табылып, аны эки айга камакка алуу өтүнүчү берилген. Судья тергөөнүн бул өтүнүчүн толук канааттандырган эмес. Иманкулов Улуттук... Читать дальше...

"Нан алганы Ашхабадга барабыз". Түркмөнстандагы тамак-аш тартыштыгы

Azattyk.org 

Түркмөнстанда Ашхабадга жакын жерде жайгашкан Ахал аймагынын тургундары нан жана ун сатып алуу үчүн баш калаага чейин барууга аргасыз. Буга айылдарды ун менен камсыздоонун начарлашы себеп болгон. Түркмөнстан Орусиядан ун импорттоону көбөйткөнү кабарланганы менен, дан азыктары дагы деле жетишсиз. Ошондой эле Ашхабадда соңку күндөрү айрым азык-түлүктөрдүн, анын ичинен жашылча-жемиштердин баасы эки эсе кымбаттаганы байкалууда. "Ким эрте барса, ошол алып кетет" "Азаттыктын" түркмөн кызматынын аймактагы... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы эс алуу жайында бирөөнү бычактаган шектүү кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында эс алуучу жайлардын биринде 35 жаштагы жаранды сегиз жолу бычак менен сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 7-сентябрга караган түнү болгон. Жабырлануучу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ыкчам-иликтөө... Читать дальше...

Умбриэль Темиралиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагына жетекчи болду

Azattyk.org 

Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 8-сентябрда билдирди. Дээрлик бир жылдан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп келген Темиралиев 7-сентябрда кызматтан алынган. Анын ордуна мурдагы санарип өнүктүрүү министри Талантбек Иманов дайындалган. “Бишкек” эркин экономикалык аймагын буга чейин Алмамбет Шыкмаматов жетектеп турган. Ал 5-сентябрда... Читать дальше...

Ысык-Ата: Атайын операцияда үйү күйгөн жаранга жатаканадан бөлмө берилген

Azattyk.org 

Ысык-Ата районунун акимчилиги Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналаган адамды кармоо учурунда үйү өрттөнүп кеткен Айнагүл Мусаевага Кант шаарындагы жатаканадан узак мөөнөткө бөлмө берилгенин кабарлады. Бул тууралуу акимчиликтин Фейсбуктагы баракчасына маалымат жарыяланды. “Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Алмазбек Осмоновдун тапшырмасы менен эки ай мурун жабырлануучуга Кант шаарынын N1 жатаканасынан узак мөөнөткө убактылуу баш калкалоого бөлмө бөлүнүп берилген. Айнагүл Мусаева жатаканага келип... Читать дальше...

ТИМ: Литванын чек арасында 90го чукул кыргыз жараны тыгында калды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-сентябрда Литванын Беларус менен чектешкен эки – “Шумскас-Лоша” жана “Твярячюс-Видзы” бекеттери жабылып, чек арада Кыргызстандын 90го чукул жараны жана 70 жүк ташуучу автоунаа тыгында калганын билдирди. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси ошол эле учурда Беларус тарапта эч кандай чектөө жана тыгын жок экенин кошумчалады. ТИМдин маалыматы боюнча, ушул тапта Литва менен Беларустун чек арасында “Лаворишкес Литва - Котловка”, “Мядининкай Литва - Каменный лог”... Читать дальше...

Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитети энергетикалык ишканалар 2022-жылы 13,9 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүргөнүн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,3% аз экенин билдирди. Былтыр Кыргызстан 16,1 млрд кВт/саат электр жарыгын керектеп, 550,0 млн кВт/саат электр энергиясын сыртка экспорттоду. Статистика комитети өткөн жылы электр жарыгынын жалпы жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат болгонун, анын 95,2% техникалык жоготууларга туура келерин кошумчалады. Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт... Читать дальше...

ТИМ АКШ менен виза мөөнөтү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарына айрым категориядагы, анын ичинде окууга баргандарга берилген визалардын мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик АКШ менен кандайдыр бир чечимге жетишкенде кошумча маалымат берилерин, Кыргызстандын жарандары АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин так сактаса, виза боюнча сүйлөшүүгө да оң таасир этерин кошумчалады. Жогорку Кеңештин төрагасы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *