Астероидден алынган кум ааламдын сырын ачабы?
Бенну астероидинин кыртышынан алынган бир чөйчөктөй кум-шагыл салынган капсула Жерге ийгиликтүү конду. Окумуштуулардын айтымында, бул үлгүлөр Күн системасынын жана Жердин кантип жаралганын түшүнүүгө жардам бере алышы мүмкүн. АКШнын космостук агенттиги НАСА Бенну астероидинин кыртышынан алынган үлгүлөр салынган капсула 24-сентябрда АКШнын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити шаарынын батышындагы чөлдүү аймакка кантип конгонун түз эфирде көрсөттү. Капсуланы Жерге OSIRIS-REx робот-космостук аппараты 100... Читать дальше...