Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2023

Новости за 09.09.2023

Марокко: ооруканалар зилзаладан жабыркагандарга толду

Azattyk.org 

Мароккодогу зилзаладан каза тапкандардын саны 800дөн ашты. Мындай маалыматты өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. АКШнын Геологиялык кызматынын расмий маалыматына ылайык, 8-сентябрь күнү кечки саат 23:00дөн өткөн маалда Марокконун борбордук бөлүгүндө күчү 6,8 баллга жеткен катуу силкинүү катталган. 9-сентябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө карата зилзаладан каза тапкандардын саны кеминде 820 деп эсептелүүдө. Жер титирөөнүн очогу Марракеш шаарынан 71 чакырым түштүк-батыш тарапта, Атлас тоолорунда 18,5 чакырым тереңдикте болгон.

Акылбек Жапаров электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Ал өз кайрылуусун 9-сентябрь күнү Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. “Ооба, чындыгында, быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот. Анткени суу жылдагыдан аз болду. Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюруп, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен, электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Читать дальше...

Мароккодогу зилзалада каза тапкандар 600дөн ашты

Azattyk.org 

Мароккодо 9-сентябрдын түнү катталган зилзалада каза тапкандардын саны 632 кишиге жетти. Дагы 329 киши ар кандай жаракат менен ооруканаларга жаткырылды. Мындай маалыматты Associated Press агенттиги Марокко өкмөтүнө шилтеме кылып жазды. Өлкөнүн Улуттук геофизикалык институту күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө Марокконун Марракеш шаарынан 70 чакырым аралыктагы тоолуу райондо катталганын билдирген. Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы зилзаланын күчүн 6,8 балл деп баалоодо. Reuters агенттиги... Читать дальше...

УКМК Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн четке какты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбековго чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти. Атайын кызмат мындай билдирүүсүн 9-сентябрда таркатты. “УКМК саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду делген боюнча билдирүүсү жалган экендигин маалымдайт. Белгилей кетүүчү нерсе, Равшан Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат”, - деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө. Читать дальше...

Кыргызстанда Комуз күнү белгиленип жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 9-сентябрда улуттук музыкалык аспап болгон Комуз күнү белгиленүүдө. Президент Садыр Жапаров жарандарга куттуктоо жолдоду.  Быйыл Комуз күнү Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине туш келгендиктен, майрамдык иш-чаралар залкар комузчунун мааракесине арналды. Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, майрамдын иш-чаралар Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Анда Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү, Карамолдо Орозов... Читать дальше...

Кайра шайлоо: "жымжырттык күнү" үгүт өнөктүгү токтоду

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-сентябрь Бишкек шаарынын №26 Ленин шайлоо аймагында “жымжырттык күнү”. Мыйзамга ылайык, шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат. Ага ылайык, мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга... Читать дальше...

Мароккодо катуу зилзала жүздөгөн кишинин өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Мароккодо катуу жер титирөө ишембиге караган түнү болду. "Би-Би-Си", "Рейтерс" агенттиктери өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен кеминде 296 киши каза тапканын жазып жатышат. Зилзаланын очогу Марракеш шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Марокконун Геофизикалык борбору 7,2 баллдык зилзала Атлас тоолорунун аймагында катталганын билдирди. АКШнын Геологиялык кызматы зилзаланын күчү Мароккодо 6,8 балл болгонун кабарлады. Зилзаладан жапа чеккен тоолуу район Марракеш шаарынан... Читать дальше...

Мароккодо жер титирөөдөн 300гө жакын адам каза тапты

Azattyk.org 

Мароккодо күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, кыйроодон улам кеминде 296 адам каза тапты. Мындай кабарды Би-Би-Си радиосу Марокконун Ички иштер министрлигине таянып жазды. Марракеш шаарынан 70 чакырым аралыкта катталган зилзаланын күчү 7,2 баллга жеткен. Америка Кошмо Штаттарынын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6,8 балл деп баалаган. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча кечки 23:00дө Марракеш шаарынан 70 чакырым аралыктагы Атлас тоолорунда болгон. Анын күчү Атлантика океанынын жээгиндеги Рабат... Читать дальше...

Мадумаров менен Кутманова абакта ооруп жатканын билдиришти

Azattyk.org 

Убактылуу тергөө абагында кармалып турган саясатчы Адахан Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди. Ал эми экс-министр Динара Кутманова жүрөк кемтиги менен ооруйт. Мындай кабарды Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 8-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагындагыларды кармоо шарты менен таанышып чыккандан кийин таркатты. Адахан Мадумаров экинчи типтеги кант диабети менен ооруп жатканын билдирген. Ага электрокардиостимулятор коюшкан. Ал эми мурдагы Жаратылышты коргоо... Читать дальше...

Абактагы Равшан Жээнбеков ЖАМК жетекчисине кайрылды

Azattyk.org 

Абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков “кемпирабадчыларды” ден-соолугунан ажыратып, басым кылуу үчүн атайылап суук жертөлөдө кармап жатышканын айтып кайрылды. Анын Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевдин дарегине жолдонгон билдирүүсү 8-сентябрь күнү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. “Биздин ным, суук жертөлөдө кармалып атканыбыз адамзаттык, жөнөкөй минималдуу стандартка, гигиена жана санитарияга туура келбесин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комитети, Кыйноолорго... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *