Ош-Эркечтам жолунда үч студент кыз каза тапты
20-сентябрда Ош - Сары-Таш - Эркечтам эл аралык автоунаа жолундагы Каратай айылындагы жол кырсыгында үч адам каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кайгуул кызматы “Азаттыкка” кабарлагандай, каза болгондордун баары студент кыздар. Мекеме билдиргендей, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу кыз каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жеңил автоунаадагы алты адамдын үчөө көз жумган, калган үч киши ооруканага түшкөн. Жараат алгандардын абалы тууралуу маалымат бериле элек. Читать дальше...