Пакистан: 24 саатта дагы 15 миңдей оогандык депортацияланды
24 саатта 15 миңге чукул ооган качкыны депортацияланганын 5-ноябрда Пакистандын расмий адамдары билдиришти. Расмий статистикага ылайык, Пакистанда 4,4 миллиондой оогандык жашайт. Алардын 1,7 миллиону тиешелүү уруксат кагаздары жок жүрөт. Исламабад мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу өнөктүгүнүн алкагында аларга чыгып кетүүгө 1-ноябрга чейин убакыт берген. Пакистандын Ички иштер министрлиги азырынча 200 миңден ашуун оогандык чыгарылганын ишембиде билдирген. Бул тууралуу Германиянын DPA агенттиги жазды. Читать дальше...