Бишкекте Молдо Кайыптын алгачкы китебинин бет ачары өттү
25-ноябрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун “Казал-мурас” китебинин бет ачары өттү. Ага Кыргызстандагы белгилүү акын-жазуучулар, тарыхчы, филолог жана адабиятчы окумуштуулар, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, изилдөөчүлөр, журналисттер, Молдо Кайыптын урпактары жана башкалар катышты. Алгач Молдо Кайыптын ырларын жыйнаган Кыргыз Эл акыны Маркабай Ааматов жалпы маалымат берип, китептеги чыгармалар Кол жазмалар фондунан... Читать дальше...