Прокурор таза суу талап кылган акцияда кармалгандарды камоону сурады
16-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаковдун, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун ишин карады. Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сотто айыптоочу тарап Искаковду беш жылга, Балбаев менен Бекболотовду төрт жылга эркинен ажыратууну сурады. Кийинки отурум 20-ноябрда болот. Быйыл июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп... Читать дальше...