Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 2-январда өлкөдө түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда бир аз кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12 градус болот.
2-январда Бишкек шаарында бир аз кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° болот. (BTo)