Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 28.01.2019

Азия кубогу: Жапония финалга чыкты

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалдык оюндары жүрүүдө. 28-январдын кечинде жарым финалдын биринчи жубу – Жапония менен Иран футболчулары ойношту. Бул мелдеште жапон футболчулары ирандыктарды 3:0 эсебинде утуп, финалга чыккан алгачкы команда болду. 29-январда кубоктун алкагында Катар жана Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары ойношот. Бул жуптун утканы финалда Жапония менен биринчи орунга ойномокчу. Катар – БАЭ оюну Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00дө башталат. Читать дальше...

Куинджинин уурдалган сүрөтү табылды, шектүү кармалды

Azattyk.org 

Подмосковьенин Одинцовский районунда бир күн мурда Третьяков галереясынан уурдалган сүрөтчү Архип Куинджинин "Ай-Петри.Крым" сүрөтү табылды. Ички иштер министрлигине таянып орус маалымат каражаттары уурулукка шектелген киши кармалганын жазышты. Сүрөт "жаңы курулуп жаткан объекттин аймагында" табылганы кабарланды. Ысымы аталбаган 31 жаштагы шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал мурда да мыйзамсыз маңзат сактаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды. Орусиянын Ички иштер министрлиги жарыялаган видеодо шектүү"Ай-Петри. Читать дальше...

Facebook шайлоого кийлигишүүгө каршы жаңы чараларды киргизет

Azattyk.org 

Facebook социалдык тармагы шайлоого кийлигишүүгө каршы күрөшүү максатында жаңы чараларды киргизерин жарыялады. Мындай билдирүү Европарламентке боло турган шайлоону утурлай жасалды. 28-январда компаниянын расмий өкүлү Николас Клегг март айынын соңунан тарта саясий жарнаманы жайгаштыруу үчүн авторизация керектигин билдирди. Клеггдин айтымында, жаңы эрежелер өз алдынча талапкерлердин, саясий партиялардын жарнамаларына тийиштүү. Ошондой эле коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан, мисалы миграция сыяктуу темаларга да жайылтылары маалым болду. Читать дальше...

Одри-Аида: кыргыз көйнөк кийгенди жактырам

Azattyk.org 

Америкалык үй-бүлө асырап алган Одри-Аида 11 жыл дегенде өз мекенине келип кетти. Ысыккөлдүк дыйкындардын кампасында чириген тонналаган картөшкө. Мигрант кызынын кызын баккан таене. Төө куштун жумурткасын 3000 сомдон саткан чүйлүк чарбагерлер. "Данисте" телетоптомунан ушул темалар тууралуу айтып беребиз.

Кытайлык казактар Путин менен Трамптан жардам сурашты

Azattyk.org 

28-январда Алматыда Кытайдын Баркөл-Казак автоном облусунан келген этникалык казактар Шинжаңдагы "саясий тарбиялоочу лагерлерде" кармалып жаткан туугандарына жардам берүүнү суранып, маалымат жыйынын өткөрүштү. "Ата журт ыктыярчылары" деп аталган коомдук уюмдун кеңсесинде өткөн жыйындын катышуучулары АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путинге орус жана англис тилдеринде сүйлөп, жардам берүүнү суранып кайрылышты. Жыйынга отузга чукул адам катышты. Алардын айрымдары туугандары... Читать дальше...

Матраимов кызматына кайтканы калдыбы?

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Райымбек Матраимовдун буга чейинки ишин жогору баалап, ал соттон утуп келсе кызматына кайра коюларын билдирди.

NYT: "Талибан" менен АКШ макулдашуунун жалпы шарттарын келишти

Azattyk.org 

«Нью-Йоркс таймс» басылмасы АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзадга шилтеме жасап, Катарда өткөн беш күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкенин жазды. «Нью-Йорк таймска» 28-январда курган маегинде Халилзад «Бизде макулдашуунун шарттары бар. Аларды биз макулдашуу өзү кабыл алынганча тактап алышыбыз керек» деди. Сөз болуп жаткан шарттарга ылайык, «Талибан» кыймылы эл... Читать дальше...



Орус абагында жаткан тажиктер

Azattyk.org 

Венесуэлага Орусиянын жалданма аскерлеринин чоң тобу барганы кабарланып, бирок Москва бул маалыматты расмий ырастаган жок. Казакстанда миңдеген кайрылман расмий кагаздарынын мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн казак жарандыгын ала албай жүрүшөт.

"Кара кабылан" Киноактерлор гилдиясынын башкы сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Жекшембиде Лос-Анжелесте АКШнын Киноактерлер гилдиясынын сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. 25-жолу өткөрүлгөн салтанатта башкы сыйлыкты "актерлордун мыкты курамы үчүн" "Кара кабылан" тасмасы жеңди. Андан тышкары бул тасма каскадерлердун трюктары үчүн да сыйлыкка арзыды.  - "Силерге экранда да, сахнада да орун жок" деген сөздөрдү угуп, билип турсак да дүйнөгө өзгөчө бир нерсе тартуулоо максатында өз ишибизди кыла бердик. Биз өзүбүз каалаган дүйнөнү кура аларыбызга көзүбүз жетти, - деди тасмадагы башкы... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы "тескери" аңчылык

Azattyk.org 

Жалал-Абадда ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынганы менен адистер иш жүзүндө мораторий иштебей жатканын айтып жатышат. Мындан сырткары карышкыр жана чөө сыяктуу жырткыч жаныбарларды атууга бөлүнгөн каражат да мергенчилерге жетпей келүүдө.

Саясий айдыңдагы ала булуттар

Azattyk.org 

Кыргызстандын эли 2019-жыл жаңыргандан бери «санарип өлкө» реформасына үмүт артып, «түкүрүктөн» кийин эске келген жаңы мыйзам, кодекстердин жаңжалына кейип, кыргыз футболчуларынын эрдигине кубанып, шерденип жаткан кербези.

Дарыгерлер башчысына нааразы

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн дарыгерлери Ак үйдүн алдына пикетке чыгышып, бөлүмдүн башчысы Салтанат Иманбаеваны кызматтан алууну талап кылышты. Алар буга С.Иманбаеванын грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууларды өзү жалгыз ээлеп алып, жамаат менен иштеше албай калганы жана оорулууларды жеке менчик клиникасынан текшертүүгө мажбурлап жатканы негиз деп жарыялашты. Бөлүм башчы С.Иманбаева буга чейин ушундай негизде кызматтан алынышын мыйзамсыз деп сотко арызданып... Читать дальше...

Министрлик: Иманбаеванын ишин эки комиссия иликтеп жатат

Azattyk.org 

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын ишин эки комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев кабарлады:  - Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн кызматкерлеринин кайрылуусунун негизинде министрликте комиссия түзүлүп, айтылган маселелер боюнча иштеп жатат. Андан тышкары алар Улуттук госпиталга да кайрылып, ал жакта да бир комиссия иштеп жатат. Комиссиялардын жыйынтыгы чыккыча биз эч нерсе деп айта албайбыз. Читать дальше...

Токмоктогу атышуу боюнча ача маалымат

Azattyk.org 

Чүй милициясы "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанындагы чуулгандуу окуяны "Бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергей баштады.

Макрондун Египеттеги расмий сапары уланып жатат

Azattyk.org 

Франциянын президенти Египеттеги расмий сапарын улантып жатат. Эммануэл Макрон президент Абдел Фаттах ал-Сиси менен айрым маселелелерди, анын ичинде камактагы диссиденттердин тагдырын талкуулай тургандыгын билдирди. "Адам укуктарын урматтоо президенттин жана Египеттин кызыкчылыгына төп келет," - деди француз лидери.  2013-жылы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Сисинин тушунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы катуу сынга кабылып келатат.  Сапардын алкагында президенттер бир нече макулашууга кол коюшу күтүлүүдө. Читать дальше...

Халилзад ооган президенти менен жолукту

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын атайын чабарманы Залмай Халилад "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге жана өкмөттүн өкүлдөрүнө айтып берди. Бул тууралуу ооган президентинин кеңсеси кабарлады. 28-январда таратылган билдирүүгө караганда, Халилзад сүйлөшүүлөрдө ок атышууну токтотуу боюнча сөз болгонун, бирок азырынча эч нерсе так макулдашыла элек экенин айткан.  Халилзад ошондой эле чет элдик аскерлердин чыгып кетиши боюнча эч кандай макулдашуу кабыл алынбаганын да ырастаган. Читать дальше...

Малабаев кырсыктаган автоунаада УКМКнын кызматкери болгон

Azattyk.org 

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылган автоуанаада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери да болгон. Муну “Азаттык” радиосуна УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов тастыктады. Бирок Сулайманов ал ким экенин жана кайсы кызматта иштей тургандыгын ачык айткан жок.  - Кырсык дем алыш күнү болуп атат. Рулда отурган каза болгон жигит мурда бизде иштеп, кызматтан кеткен. Машинеде УКМКнын кызматкерлеринен бирөө эле болгон. Ал ооруканада жатат. Читать дальше...

Бажы кызматынын төрагасы Райымбек Матраимовдун ишин жогору баалады

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Райымбек Матраимовдун буга чейинки ишин жогору баалады. Ал бүгүн, 28-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Матраимов бул мекеменин төрагасынын орун басары болуп иштегенде да, Ош бажысын жетектеп турганда да бажыдагы көрсөткүчтөр жогору болгонун айтты:  - Райымбек Исмаилович Матраимов Ош бажысынын жетекчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ал иштеген убакта Ош бажысында да, жалпы эле бажыда көрсөткүчтөр өскөн. Читать дальше...

Ысмайыл карыянын ибараты

Azattyk.org 

"Карынын сөзүн капка сал" деп айтылат элибизде. Өзгөндүк Ысмайыл Мурзабаев кесипке бышкан адис жана турмуштун ачуу-таттуусун көп таткан санжыргалуу кексе карыялардын бири эле.

Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Австрия, Словакия жана Болгарияга аттанды

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи Европанын үч өлкөсүнүн бийлик өкүлдөрү менен саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында бүгүн эртең  менен Австрия, Словакия жана Болгарияга жөнөп кетти.

Депутаттар жаңы кодекстерди иштеп чыккан жумушчу топ менен жолугушууда

Azattyk.org 

Парламентте өтүп жаткан жыйынга Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын өкүлдөрү, тиешелүү комитеттердин мүчөлөрү катышууда. Жаңы мыйзамдарды иштеп чыккан жумушчу топтун өкүлдөрү аларга кодекстер кантипй иштелип чыкканын жана аны талкуулоого кимдер катышканын айтып беришти.  Жыйындын алдында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев мыйзамдарды тартипке келтириш үчүн кеминде жарым жыл керек болорун айтып, айрым мыйзамдар Конституцияга туура келтирип өзгөртүлөрүн билдирди. Читать дальше...

Бразилия: кенде каза тапкандардын саны 60ка жакындады.

Azattyk.org 

Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы кенде болгон кырсыкта каза тапкандардын саны 60 кишиге жакындады.  300дөн ашык кишинин дайыны белгисиз. 25-январда кечинде кендеги дамба жырылып, ылай аралаш сел жүздөгөн жумушчу тамактанып жаткан кафени басып калган. Кырсыктан төмөнүрөөк жерде жайгашкан дагы бир дамба бузулуп, баткактын агымы дыйкандардын чарбаларын, кенчилер жашаган үйлөрдү каптаган. Сырткы дүйнөдөн кесилип калган жергиликтүү тургундарды тик учактар менен тиешелүү кызматтар коопсуз жайларга көчүрүштү. Читать дальше...

Жаңы кодекстердеги өзгөрүүлөр жана кемчиликтер

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин айланасындагы талкуу токтой элек. Беш кодекс жана эки мыйзам боюнча бир катар сын айтылып, алардын айрымдарын өкмөт менен парламент өзгөртүү боюнча сунуш киргизе баштады. Жаңыдан киргизилген мыйзамдар өлкөдө укуктук башаламандыкка жараткан жокпу жана учурдагы кырдаалдан кантип чыгууга болот? Бул суроолорго “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *