Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 15.01.2019

Крестинин: Азия кубогунда Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору

Azattyk.org 

Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунун кийинки баскычына чыгышы мүмкүн. Ал үчүн кыргыз футболчулары тайпалык баскычтагы акыркы оюнунда Филиппин курама командасын жеңиши керек. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин 15-январда журналисттерге билдиргенине караганда, Филиппин менен боло турчу оюн Кыргызстандын мелдештеги тагдырын чечет.  - Албетте жүз пайыз мүмкүнчүлүгүбүз бар, тайпадан чыгабыз деп айта албайм. Бирок башка командаларга караганда мүмкүнчүлүгүбүз жогору. Эгер биз Филиппин курама командасын жеңсек... Читать дальше...

Трюдо Кытайда канадалык жаранга чыккан өкүмдү айыптады

Azattyk.org 

Кытайда баңгизат аткезчилигине шектелип кармалган Канаданын 36 жаштагы жараны Роберт Ллойд Шелленбергге чегерилген өкүм өзгөрүлдү. Сот абакка кескен мурунку өкүмүн өлүм жазасына алмаштырды.   Канадалык жарандын үй-бүлөсү соттун чечимин “адамкерчиликсиз” деп баалады. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо кытай бийлигин өлүм жазасын “туш келди колдонуп жатканы” үчүн сындады.   “Кытайдын өлүм жазасын туш келди колдоно бергени бизди өтө тынчсыздандырат” – деп Трюдо соттун чечимин комментарийледи. Читать дальше...

Беларуста биринчи криптовалюта биржасы ачылды

Azattyk.org 

Беларустун Currency.com деген криптобиржасынын колдонуучулары эми виртуалдык валютаны ээн-эркин сатып алып, аны менен инвестиция да жасай алышат. Бул долбоорго Лондондо турган беларус ишкери Виктор Пракапения жана орусиялык ишкер Саид Гуцериев финансылык колдоо көрсөтүшкөн.   Кардарлар он-лайн биржа аркылуу ар түрдүү криптовалютаны сатып алып жана аны беларус рублине айырбаштай алышат. Президент Лукашенко криповалютаны мыйзамдаштырган "Санариптик экономиканы өнүктүрүү жөнүндө" декретке 2017-жылдын декабрында кол койгон. Читать дальше...

Кыргызстандын төрт өлкөдөгү элчилери дайындалды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун 15-январдагы жарлыгы менен Орусияга Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореяга  Динара Кемелова, АКШга Болот Отунбаев, Кытайга Канайым Бактыгулова элчи болуп дайындалды.  Алардын талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштап, аны Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети колдогон.

“Саясий лагерлердин мусулман туткундары"

Azattyk.org 

“Чалкыган биздин кең мекен” – деп Шинжаңдагы Бээжин “саясий тарбиялоочу лагерь” деп атаган жайда кармалгандар шаңдуу ырдап жатышат. Чет элдик журналисттердин чакан тобу мындай жабык жайларга кирип, ичинен эмнени көрүштү?

Трамп Ак үйгө келгендерди фастфуд менен сыйлады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйгө келгендерди шам-шум этчү тамак-аш (фастфуд) менен коноктоду. "Пицца, 300 гамбургер жана картофель фри бар. Баары сүйүктүү тамактарыбыз" деди президент "Clemson Tigers" командасынын оюнчуларына. Алар америка футболу боюнча коллеждер арасындагы чемпионатты уткан үчүн Ак үйгө чакыруу алышкан. Демейде президенттик сый тамакта фастфуд берилбейт. Бирок "шатдаунга" же федералдык программаларга каражат берилбей жабык турганына байланыштуу Ак үйдө ашпозчулардын көбү ишке чыккан эмес. Читать дальше...

Бээжин Айда пахта өстүрүп баштады

Azattyk.org 

АКШ президенти спортчуларды фастфуд менен коноктоду. Шатдаундун айынан өлкөдө жүз миңдеген мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Ак үйдөгү ашпозчулар да ишке чыга элек. Айдын аркы бетинде пахта өстүрүлүүдө. Акыркы сүрөттөр Кытайдын биологиялык эксперименти ийгиликтүү болуп жатканын көрсөттү. Чеченстанда кумсаларды куугунтуктоо өнөктүгү кайра жанданып, 40тай киши кармалганы, анын экөө өлгөнү кабарланууда.



Аба кодексине өзгөртүү киргизилди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.   Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.  Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алган. Анын максаты - жарандык авиацияны өнүктүрүү, аба аркылуу жүргүнчү жана жүк ташууну көбөйтүү, «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу, кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба каттамдары менен билеттерди жеткиликтүү кылуу. Читать дальше...

Ишенбай Кадырбеков: Азыр Баш мыйзамды өзгөрткөнгө бир да негиз жок

Azattyk.org 

Коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков Конституциядагы карама-каршы маселелерди оңдоп-түзөө жетиштүү деп эсептейт. Ал референдум өткөрүү боюнча демилгени шашылыш жана опурталдуу деп баалап жатат.

Азимбек Бекназаров: Жети суроо коюп жатабыз

Azattyk.org 

Курултайды уюштуруучулардын бири, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун айтымында, жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоорунда референдумду ушул жылдын 24-ноябрына белгилөө сунуш кылынган.

Өкмөттү "өкчөгөн" кодекстер

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 1-январдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизет. Алардын айрымдары иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында жарыялады.

Сузактагы билим берүү бөлүмүнүн чыры

Azattyk.org 

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө кылмышка шектүү адамдын дайындалышы мугалимдер арасында жана коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Бахадыр Кочкаров быйыл да футбол беттештерине калыстык кылат

Azattyk.org 

Кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) 2019-жылдагы калыстар тизмесине кирди. Анда ал ассистент катары көрсөтүлгөн.  49 жаштагы Бахадыр Кочкаров 1997-жылдан бери тизмеден түшпөй келатат. Ал Түштүк Африка Республикасындагы, Бразилиядагы дүйнө чемпионаттарында, 2012-жылы Лондондогу Олимпиадада беттештерди тейлеген.  Ош шаарында туулуп-өскөн эл аралык адис мындай жетишкендикке карандай мээнети, талбаган эмгеги менен жеткенин айтып жүрөт.  Бахадыр Кочкаров жөнүндө фильм... Читать дальше...

Пакистанда ооган талибдеринин таасирдүү өкүлү кармалды

Azattyk.org 

“Азаттыктын” ооган кызматына атын атагысы келбеген булак билдиргендей, "Талибан" кыймылы бийликте турганда дин иштери боюнча министрдин кызматын аркалаган Хафиз Мохибулла Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында кармалды. Пакистан бийлиги азырынча бул маалыматты ырастай элек. "Талибандын” жогорку даражадагы өкүлү АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Пакистанда жүргөндө кармалды. Теги ооган Халилзад аймакты кыдырып, 17 жылдан берики ооган согушун басуу үчүн тынчтык сүйлөшүүсүн баштоонун жолун издеп жүрөт. Читать дальше...

Кытай Канаданын жаранын өлүм жазасына кести

Azattyk.org 

Кытайда баңгизат аткезчилигине шектелген канадалык жарандын өлүм жазасына кесилиши Оттава менен Бээжиндин кайым айтышуусун күчөттү. Канаданын премьер-министри Кытайды өлүм жазасын негизсиз колдонуп жатат деп сындады. Расмий Бээжин аны Кытайдагы мыйзам үстөмдүгүн сактоого чакырды.

Тажикстандык журналист азырынча мекенине кайтпайт

Azattyk.org 

Тажикстандык журналист жана жергиликтүү КВН лигасынын жетекчиси Хайрулло Мирсаидов азырынча Грузиядан өз мекенине кайтууну көздөбөйт. Журналист “Настоящее время” телеканалы менен болгон маегинде Хожент шаардык сотунун өкүмү "мекенине жолду жапканын" билдирди. Өткөн аптада Хоженттин соту "уруксатсыз өлкөдөн чыгып кеткен" деп журналистти сыртынан сегиз ай абакка кескен. Андан мурда Мирсаидов "мамлекеттин каржысын кымырган" деп 12 жылга соттолгон. Бирок коомчулуктагы нааразылыктан соң өкүм коомдук... Читать дальше...

Президент Дача-СУда курман болгондордун балдарына белек таратты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков эки жыл мурун Чүй облусунун Дача-СУ айылында болгон учак кырсыгында жакындарынан ажыраган балдар менен жолукту. Шейшембиде президент менен жолугушууга Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурлан уулу, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева жакын туугандарынын коштоосунда келишти. Мамлекет башчы аларга Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары басылган китептерди белек кылды.  2017-жылдын 16-январында таңга жуук жүк ташыган «Боинг-747» учагы кулап... Читать дальше...

Кытайда кордолгон кыз-келиндер

Azattyk.org 

Грекияда мугалимдер митингге чыкты. Казакстан Сирияда жүргөн жарандарын мекенине кайтарууда. Украинада жарандык активисттер кан донорлорунун санын көбөйтүү аракетин көрүп жатышат. Кытайда кордолгон вьетнамдык кыз-келиндер. Оогандык мигранттарга үмүт арткан иран килемчилери. Италияда муздан жасалган аспаптардын концерти өттү.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *