Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 22.01.2019

Футболчуларды тосуп алуу иш-чарасы Ала-Тоо аянтында өтөт

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогуна катышкан Кыргызстандын футбол командасын тосуп алуу салтанаты Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Буга чейин футболчулар 24-январда таң атпай Бишкекке келери айтылган, бирок өкмөт күйөрмандар менен футболчулардын жолугушуусу расмий салтанат менен өтөрүн кабарлады. Иш-чара 24-январда түшкү саат 15:00дө башталып, бийликтен да жогорку өкүлдөрдүн келиши күтүлүп жатат. Читать дальше...

Азия кубогу: чейрек финалдын жуптары аныкталды

Azattyk.org 

Кечээ түндө Азия кубогунун 1/8 финалдык оюндарынын акыркылары жыйынтыкталды. Анда Бахрейн менен Түштүк Корея ойноп, бахрейндиктер 2:1 эсебинде жеңилип, чемпионат менен кош айтышты. Катар менен Ирак чейрек финалга калган акыркы жолдомону талашып, Катар 1:0 менен Иракты утуп алды. Натыйжада чейрек финалда төмөнкү жуптар ойнойт: Вьетнам – Жапония Кытай – Иран Түштүк Корея – Катар БАЭ – Австралия Оюндар 24-25-январь күндөрү өтөт. Түгөйлөрдүн жеңүүчүлөрү жарым финалга жолдомо алса, жеңилгендер кубоктон четтейт. Читать дальше...

“Инфоком”: автоунаанын мамлекеттик номурларын сатуудан 100 млн сом түштү

Azattyk.org 

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы кооз сандардан турган мамлекеттик номурларды жасап, сатуудан казынага 100 млн сом түшүрдү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы маалымдады. 2016-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстандагы автоунааларга жаңы үлгүдөгү номурлар бериле баштаган. Атайын коргоо белгилери күчөтүлгөн номурлар эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып, тамга жана сандан турат. Ар бир аймактын белгиси  01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлгөн.  Жалпы жолунан эң кооз делген 700 номур аукцион аркылуу... Читать дальше...

Тимошенко президенттикке ат салышарын жарыялады

Azattyk.org 

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко президенттикке ат салышуу ниетин билдирди. Ал жетектеген "Батькивщина" партиясынын Киевдеги курултайында шейшембиде делегаттардын бардыгы талапкеригин колдошту. Тимошенко мурда кетирген каталары үчүн кечирим сурады жана Кремль менен эч кандай байланышы жок экенин айтты. Саясатчы Донбасстагы жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарды Украинага кайтарууга убада берди. Сурамжылоолорго караганда, 2004-жылы ошол маалда президенттикке талапкер болгон Виктор... Читать дальше...

Путин: Жапония менен келишимге жетишүү үчүн дагы иштер жасалышы керек

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин Экинчи Дүйнөлүк согушка формалдуу чекит койгон Жапония менен тынчтык келишимине жетишүү үчүн дагы «иштер жасалышы керек» деп билдирди. 22-январда Путин менен жапон премьер-министри Синзо Абэнин Москвадагы кездешүүсүндө Курил аралдарынын айланасындагы талашты жөнгө салуу жолдору сөз болду. Абэ орус мамлекет башчысы экөө ондогон жылдан бери уланып келе жаткан жер боюнча талашка чекит коюуга дилгирлигин бышыкташканын айтты. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери февралда маселени дагы бир ирет талкуулашмакчы. Читать дальше...

КТРКнын директору кызматына эч кимден арыз түшө элек

Azattyk.org 

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилик ордуна эч кимден арыз келип түшө элек. Бул тууралуу каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдирди. Жекшеев арыздар 18-февралга чейин кабыл алынып, жетекчини Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандай турганын белгиледи. Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өмүр баянын, паспортунун жана жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн жана башка талап кылынган документтерин тапшырышы керек. Читать дальше...

Мигрантты Москва полициясы сабады

Azattyk.org 

Казакстан Сириядан алып келген жетим балдардын ДНКсын текшергени жатат. Кыргызстан футболчулары Азия кубогунда Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен беттеште жеңишке жеткен жок, бирок келечекке үмүт жаратты. Москванын полициясы тажик мигрантын токмоктоп салды. Өзбекстандын экс-президентинин мурунку күйөө баласы Швейцар банкындагы акчага ээлик кылууга умтулууда. Тажикстандын уламалар кеңеши эркектерге жигиттик күчтү көтөргөн дары-дармектерди ичүүгө уруксаат берди. Казакстанда бүтпөй калган чыгармалардын көргөзмөсү ачылды.

ЖЭБдеги тендер боюнча айыпталгандарга сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

22-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу тендерге байланыштуу бир нече айыпталуучуга өкүм чыкты. Ага ылайык, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жети жыл алты айга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Темирбек Ниязов менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбеков жети жылга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун... Читать дальше...



Милиция аралашкан жол кырсыктары

Azattyk.org 

Адам өмүрү кыйылган Бишкектеги жол кырсыгы боюнча 26 жаштагы милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси («Жол коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.

Түркиянын чечими кыргыз бизнесин кызыктырды

Azattyk.org 

Түркиянын Дан азыктар боюнча департаменти 2019-жылы 16-январда өлкөгө импорттоло турган буудай, арпа, жүгөрү сыяктуу дан азыктарына жана төө буурчакка бажы төлөмдөрү жоюлганын маалымдады. Серепчилер мунун себебин жергиликтүү дыйкандар өндүргөн дан азыктары жетишсиз болгону менен түшүндүрүшөт.

ЖЭБдеги тендер боюнча сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

22-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу тендерге байланыштуу бир нече айыпталуучуга өкүм чыкты.

"Аэрофлоттун” учагын Ооганстанга бурууну талап кылган киши кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Ханты-Мансийск шаарынын аэропортуна конууга мажбур болгон учакты тартип коргоочулар штурм менен алышты. Сургут-Москва каттамында бараткан “Аэрофлоттун” учагын жүргүнчүлөрдүн бири Ооганстанга бурдуруу аракетин көргөн. Ал киши кармалганы кабарланууда. Орусиянын Тергөө комитети Сургут шаарынын мурда соттолгон 41 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөнүн бышыктады. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын жанынан курал табылган жок. Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренконун айтымында, мас абалындагы... Читать дальше...

"Кыргызстан күчтүү экенин эскерткем"

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибан” кыймылы аскердик базага кол салып, кеминде алтымыш беш кишинин өмүрү кыйылды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Германияда расмий сапар менен болду. Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасынын башкы машыктыруучусу Альберто Заккерони кыргыз футболчулары күчтүү экенин өз курамасына оюндун алдында эскерткенин айтты.

Мирзиёевдин Германиядагы сапары

Azattyk.org 

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Берлинде туруп айтканына караганда, бул өзбек президентинин Германияга 18 жылдан бери биринчи барышы.

Кыргызстандык мигранттар ВИЧ боюнча текшерүүдөн өтпөй коюуга акысы бар. Эмнеге?

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 22-январь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Бул маалымат КРнын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнүн алкагында TSPC – Tian Shan Policy Center уюму тарабынан жүргүзүлгөн Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын укуктарын түшүндүрүү боюнча изилдөөсүндө айтылат.

Амирхан: Кыргызстан чемпион болот

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) оюнунда күйөрмандык кылып, сүйүнүчтөн ыйлаган кичинекей Амирхандын видеосу соцтармактарда тарады. Ал учурда алты жашта. Спорттун бир нече түрүнө кызыгат жана дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин желегин чогултканды жакшы көрөт. "Азаттык" футболдун жаш күйөрманы менен студияда маектешти.

ЖК комитеттерине келбеген жетекчилерге катуу эскертүү берүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев тармактык комитеттердин жыйындарына келбеген министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине катуу эскертүү берүүнү сунуш кылды. Эл өкүлү мындай пикирин тармактык комитеттин биргелешкен жыйынында айтып чыкты.  22-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет менен Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет 1-январдан тартып күчүнө кирип, талкуу жараткан жаңы кодекстер боюнча биргелешкен жыйын өткөрүштү. Читать дальше...

"Кыялдан" кымырылган акча (анонс)

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына кылмыш ишин козгоду. Бишкектеги Ош базардын бир бурчунда жайгашкан бул мекемедеги коррупциялык схема, чакан топтун гана үй-бүлөлүк бизнесине айланганы, акчанын кымырылганы тууралуу доомат бир канча жылдан бери эле айтылып келет жана белгилүү өнөр адамдары "Кыялды" маданий борборго айлантууну талап кылып жүрүшөт. "Ыңгайсыз... Читать дальше...

Орусия: Учактын багытын бурууга аракет кылган киши кармала элек

Azattyk.org 

Орусиянын Антитеррордук комитети Сургут-Москва каттамында бараткан учакты Ооганстанга бурууну талап кылган жүргүнчү кармала элек экенин, ал бортто кала бергенин тактады. Учак Ханты-Мансийск шаарына чукул конууга мажбур болгон. Ушу тапта окуянын чоо-жайын аныктоо аракети жүрүп жатат. Учактагы 70тен ашуун жүргүнчү жана экпиаждын 7 мүчөсү дагы эле бортто. Аэропортко "Тез жардам" машинелери, өрт өчүрүүчүлөр тартылды, полиция имаратты кайтарууга алды, ыкчам штаб түзүлдү. Буга чейин айрым агенттиктер учакты бурууну талап кылган киши кармалганын... Читать дальше...

Абылгазиев энергетикадагы коррупцияны жоюуну тапшырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюп, анын ишин ачык-айкын кылууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчы энергетика тармагын реформалоо боюнча өкмөттө өткөн кеңешмеде айтты. - Буга чейин алынган насыялык каражаттарды тейлөө, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча документтерди жаңылоо маселелери курч бойдон турат, - деди Абылгазиев. Премьер-министр жабдуулар көбүнесе чет өлкөдөн сатылып алынарын, ушундан улам өлкөдө «акылдуу эсептегичтерди»... Читать дальше...

Сыдыков: Спорт саясатын жакшыртууга мезгил жетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия кубогунда Бириккен Араб Эмираттарынын командасына жеңилгени менен спорт элдин башын бириктирип, жалпы мамлекеттик ар-намыс менен демди ойготуп, өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө зор мүмкүнчүлүк бар экендигин тастыктады. Эми эл арасында жетишкен бийиктикти мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек деген маселе кызуу талкууда. Бул маселе боюнча Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мурдагы капитаны Руслан Сыдыков ой бөлүштү.

Мурзаев жана Кичин: Биз утмакпыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев жана коргоочу, команданын капитаны Валерий Кичин менен Бириккен Араб Эмираттарындагы оюндан кийинки маек.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *