8-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 8-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -7...-12 градус болот.
8-январда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° жылуу болот. (KR)