Жалал-Абад облустук сотунун алдында пикет өттү
Соттон акыйкат талап кылган он чакты киши бүгүн Жалал-Абад облустук сотунун алдына пикетке чыкты.
Чакан насыя компанияларынын биринен насыя алууда алданган эки райондун тургундары алты жылдан бери сот иштери аягына чыкпай, күнөөлүү адам жоопко тартылбай келатканын айтып жатышат.
Жабырлануучулар жети жыл мурда чакан насыя компанияларынын биринен үйүн күрөөгө коюп, аз суммада акча алышкан. Бирок ал мүлк кийинчерээк "Аманбанкка" ири суммадагы насыяга күрөөгө коюлуп кеткен.
Жабырлануучулардын бири Динара Курбанкулова соттор айыпталуучунун таламын талашып, ал облустук соттон да бошоп кетиши мүмкүн болгондуктан пикетке чыкканын айтты.
2012-жылы Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Бегайым” чакан насыя компаниясы 10дон ашык адамга насыя бермекчи болуп, алардын үй мүлкүн күрөөгө койгон. Анын жетекчиси Гүлжамал Калмаматова насыясы бар үчүн тургундардын үйлөрү күрөөдө тургандыгын айтты.
Жалал-Абад шаардык сотунун 2018-жылдын декабрь айындагы чечими менен Гүлжамал Калмаматова Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Жабырлануучуларга 2,3 миллион сом өндүрүп берүү белгиленген. Бирок облустук сотко даттануу келгендиктен шаардык соттун өкүмү күчүнө кире элек.
Чогулгандар менен облустук соттон эч ким чыгып жолугушкан жок. (RsK)