Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 02.01.2018

Иранда өкмөткө каршы нааразылык уланууда, түндө тогуз киши мерт болду

Azattyk.org 

Мамлекеттик теленин билдиргенине караганда, тогуз адамдын алтоо полиция бекетинен курал уурдоого аракеттенген учурда мерт болду. Бул кандуу окуя Ирандын борбордук Исфахан провинциясындагы Кахдерижан районунда орун алды. Ал эми Нажафабад деген шаардагы кагылыштан улам коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү мерт болгонун жарым-жартылай расмий саналган "Тасним" агенттиги кабарлады. Эгер маалымат ырасталса, бул башаламандык башталгандан бери Ирандын күч түзүмдөрүндөгү алгачкы жоготуу болот. Жалпысынан Иранда... Читать дальше...

Доллар жарым айда бир сомго арзандады

Azattyk.org 

Кыргызстанда улуттук акчанын долларга карата курсу кайра жогорулай баштады. Бүгүн, Улуттук банктын расмий маалыматына караганда, 1 доллар 68 сом 84 тыйын турат. 18-декабрда 69 сом 74 тыйын болчу. Ошентип, эки апта ичинде доллар дээрлик бир сомго арзандады. 2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп былтыр апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн, июндун аягынан тарта кайра кымбаттай баштаган. 10-ноябрдан 18-декабрга чейин доллардын баасы 69 сом 75 тыйындын тегерегинде болуп турду. Читать дальше...

Чүйдөгү кандуу кол салуу боюнча шектүү үч тургун кармалды

Azattyk.org 

Чүйдө жаңы жылдын түнүндө жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Москва районундагы Беловодское айылында таңга жуук болгон. Беткапчан кылмышкерлер жергиликтүү тургундун үйүнө бастырып кирип барып, үй ээсин оор жарадар кылып, 69 жаштагы жубайын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүрүшкөн. Алар үйдөгүлөрдүн болжол менен 120 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкен. Кылмыш боюнча шектүү катары Аламүдүн районунун 19... Читать дальше...

ЖК депутаты Жыргалбек Калмаматовдун сөөгү Алайга коюлат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Жыргалбек Калмаматовду акыркы сапарга узатуу эртең Алайда өтөт. Фракция лидери Алмазбек Баатырбековдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, депутат каза болгону тууралуу кабар бүгүн эртең менен тарады: - Таңга маал болгон окшойт. Мурда-кийин коллега катары ден соолугуна арызданганын уккан эмес элек. Инфаркт деп жатышат. Маркумдун сөөгүн Бишкектен Алайдын Гүлчө айылына алып кетишти. Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Гүлчөдө туулган. Читать дальше...

Тамеки кеминде беш сомго кымбаттады

Azattyk.org 

Кыргызстанда тамеки кымбаттады. 1-январдан тартып Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр ишке кире баштады. Мыйзамдын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, тамекинин бир кутусу кеминде беш сомго кымбатташы керек. Мында эки максат коюлган: - Биринчи максат – бюджетти толтуруу, себеби жыл сайын тартыштык болууда. Экинчиси – өспүрүмдөрдү тамекинин зыянынан коргоо, анткени кымбаттаса алардын тамеки сатып алышы анча оңой болбой калат. Читать дальше...

Кышкы туризм расмий ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул кышта Кыргызстанда кар декабрдын акырында жааганына байланыштуу туристтик сезон кечирээк башталды.

ИИМ оң рулдуу таксиге тыюу салган мыйзамды кайтарып алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда рулу оң жактагы автомашиналарды такси катары колдонууга тыюу салган мыйзам дагы кошумча иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Патрулдук милициядан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорун кайра кайтарып алды. Тыюу салуунун механизмдерин Транспорт жана жол министрлиги иштеп чыгышы керек болот. Буга чейин оң рулдуу машина менен жүргүнчү ташууга тыюу 2018-жылдын 1-январынан тарта салынары кабарланган. Бул демилге жол кырсыктарынын... Читать дальше...

Номурду өзгөртпөстөн операторду алмаштыруунун жаңы эрежелери ишке кирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Электрондук жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Ага ылайык эми жарандар уюлдук телефон номурун өзгөртпөстөн башка байланыш операторуна өтө алат. Мында оператордун коду гана алмашат. Мыйзамга былтыр май айында кол коюлган. Анда уюлдук байланыш кызматын көрсөткөн операторлор абоненттерге мындай мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү экени, операторду алмаштыруунун жол-жобосу жазылган. Мобилдик компаниялардын биринен кабарлашкандай, абоненттер адегенде тигил же бул оператордо ал каалаган номур бошпу... Читать дальше...



Кыргыз мамлекетин түптөөгө арналган кыска өмүр

Azattyk.org 

Абдыкерим Сыдыков совет бийлигинин тушунда кыргыз мамлекети түптөөчүлөрдүн башында турган. Ал бул ишке өмүрүн арнаган улуу инсан. 1922-жылы Түркстан автоном республикасынын карамагында Тоолуу кыргыз автоном облусун түзүү идеясын көтөрүп чыккан. Кыргыз элинин келечегин аныктаган ал идея ишке ашпай калгандан кийин да өз алдынча мамлекеттик түзүмгө ээ болуу маселесин такай козгоп, демилгени токтотпой көтөрүп келген үлкөн саясий ишмер.

2-январга караган түнү Ай адаттан тыш жарык болду

Azattyk.org 

Бул түнү Жер планетасында жашагандар Айдын эң жарык нуруна күбө болушканын Орусиядагы "Москва планетарийи" илим изилдөө борбору жазды. Бул көрүнүш айдын толушу Жерге жакын спутникке туш келгенине байланыштуу болду. Бул кубулуш Айды жердегилердин адаттагыдан 14 пайыз чоң жана 30 пайызга жарык көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берди. Аталган маалыматта январь айынын башында жердегилер дагы бир нече астрономиялык кубулуштарга күбө болору айтылган. Ага ылайык, 3-январда Жер Күнгө эң жакын аралыкта болот, бул эң ири Күн алкагын көрүүгө шарт түзөт. Читать дальше...

Орусиянын резерв фонду ишин токтотту

Azattyk.org 

1-январдан тарта орус бюджетинин кошумча кирешелери Улуттук баалуулуктар фондуна багытталмакчы. Резерв фонду кирешелер кескин төмөндөп кеткен учурда бюджет таңкыстыгын толтуруу милдетин аткарып келген. Орусиянын финансы министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 1-декабрда резерв фондунда 995 миллиард рубл бар эле.  Эки фонд тең тогуз жыл мурун Туруктуулук фондун бөлүүнүн натыйжасында пайда болгон. Улуттук баалуулуктар фонду шарттуу түрдө экиге бөлүнгөн, бир бөлүгү пенсияларды төлөөгө, экинчиси... Читать дальше...

Ирандагы элдик толкундоолордон кыргызстандыктар жабыркаган жок

Azattyk.org 

Ирандагы акыркы аптадагы элдик толкундоолордон жабыркагандардын ичинде кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Иранда 28-декабрдан бери өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык акциялары учурунда өлгөндөрдүн саны 12ге жетти. Башкалаа Тегерандан тышкары Санандаж, Мешхед, Илам, Хорамдарех жана Керманшах шаарларындагы демонстрациялар алгач өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланып, башаламандык да орун алууда. Читать дальше...

Ирандагы элдик толкундоодон кыргызстандыктар жабыркаган жок

Azattyk.org 

Ирандагы акыркы аптадагы элдик толкундоолордон жабыркагандардын ичинде кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Иранда 28-декабрдан бери өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык акциялары учурунда өлгөндөрдүн саны 12ге жетти. Башкалаа Тегерандан тышкары Санандаж, Мешхед, Илам, Хорамдарех жана Керманшах шаарларындагы демонстрациялар алгач өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланып, баш-аламандык да орун алууда. Читать дальше...

4-январда Канатбек Исаевдин соту уланат

Azattyk.org 

30-январга белгиленген соттук жараян Исаевдин адвокаттары келбегенине байланыштуу 4-январга калтырылган. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү уланат.  26-декабрда жарыш сөзгө чыккан прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолунда унааларга чектөө жок

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги кара жол ачык. "Сосновка" жана "Арал" постторунан жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. "Учурда жолдо автоунаа тыгыны да жок", - деди Элмира Шерипова. Декабрдын акыркы күндөрү калың жааган кардан улам Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны пайда болуп, жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген эле. (ZKo)

Бишкек Ош жолунда унааларга чектөө жок

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги кара жол ачык. "Сосновка" жана "Арал" постторунан жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. "Учурда жолдо автоунаа тыгыны да жок", - деди Элмира Шерипова. Декабрдын акыркы күндөрү калың жааган кардан улам Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны пайда болуп, жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилген эле. (ZKo)

Жаңы жыл күнү электр энергиясын колдонуу чектен ашкан жок

Azattyk.org 

"Улуттук электр станциялары" ишканасынын диспетчердик кызматы маалымдагандай, 31-декабрь күнү Кыргызстанда 56 658 млн кВт саат электр энергиясы пайдаланылып, тиешелүү чектен ашкан жок.  Жалпысынан декабрь айында 1 807 758 млрд кВт саат электр энергиясы пайдаланылган.  Кыргызстандын энергосистемасы тиешелүү норма боюнча иштеп жатканын, майрам күндөрү олуттуу бузулуулар жана өзгөчө кырдаалдар катталган жок деп билдирет "Улуттук электр станциялары" акционердик коому. Маалыматка ылайык, майрам күндөрү... Читать дальше...

Жаңы жылдык майрам күнү электр кубатын колдонуу чектен ашкан жок

Azattyk.org 

"Улуттук электр станциялары" ишканасынын диспетчердик кызматы маалымдагандай, 31-декабрь күнү Кыргызстанда 56 658 млн. кВт саат электр энергиясы пайдаланылып, тиешелүү чектен ашкан жок.  Жалпысынан декабрь айында 1 807 758 млрд. кВт саат электр энергиясы пайдаланылган.  "Улуттук электр станциялары" акционердик коому Кыргызстандын энергетика системасы тиешелүү норма боюнча иштеп жатканын, майрам күндөрү жабдуулардын олуттуу бузулушу жана өзгөчө кырдаалдар катталбаганын билдирет. Маалыматка ылайык... Читать дальше...

“Тазалык” жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтынан 50 кубдан ашуун таштанды чыгарды

Azattyk.org 

Муниципалдык ишкананын маалыматы боюнча, аянтта Жаңы жыл тосуудан кийин калган таштандыны тазалоо үчүн алты атайын техника, 60тан ашуун жумушчу тартылган. Аянт жарым саатта тазаланган. 50 кубдан ашуун таштанды болжол менен 10-11 тонна болот.  “Тазалык” муниципалдык ишканасынан маалымдашкандай, быйыл таштанды жылдагыдан азыраак болду. “Адатта Эгемендик майрамынан жана Балдарды коргоо күнүнөн кийин аянт таштандыга толуп калат” деп маалымдашты "тазалыкчылар". Ал эми Ош шаарынын борбордук аянтынан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *