Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 12.01.2018

Ажылыкка алып барчу авиакомпанияларга сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 12-февралга чейин авиакомпаниялар ортосунда сынак жарыялады. Ага Кыргызстан жана Сауд Арабияга таандык фирмалар катыша алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын ажылык, умра жана эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди: - Түз Жидда жана Мадина шаарларына учуу, өз убагында көрсөтүлгөн жерге жеткирүү, учакта ажыларга эки маал адал тамак берүү, жүк жоголгон учурда ордун таап берүү сыяктуу 30дай талап коюлган. Читать дальше...

Жулиан Ассанж Эквадор атуулдугун алды

Azattyk.org 

Айтылуу WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга Эквадор жарандыгы былтыр декабрда берилгени белгилүү болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Эквадордун Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.  Бейшембиде Улуу Британия Ассанжга дипломатиялык макам берүү боюнча Эквадордун суранычынан баш тарткан.   Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашап келет. Англия бийлиги Швецияга экстрадициялайт деген кооптонуудан улам ал аталган өлкөдөн башпаанек сураган. WikiLeaks... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек соода кызматташтыгынын оош-кыйышы

Azattyk.org 

Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа тейлөө, айыл чарба техникасын кураштыруу, пластик буюмдарды чыгаруу жана башка тармактар боюнча тогуз ишкана ачууну максат кылууда. Алардын ичинен жетөө "биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасы" деген макамда иштейт.

Кыргызстанда автордук укуктун корголушу иликтенип чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда биринчи жолу телерадиоберүүлөрдүн контентин Тынчтыктын мониторинг сервиси (ТМС) изилдеп чыкты. Бул тууралуу Коомдук каналдан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн КТРКда аталган кызмат өз ишинин жыйынтыгын жарыялайт. Ошондой эле коомдук канал менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлат. Сервис радиодон жана телеканалдардан ырлар, видео жана аудиороликтер канча жолу, кайсы убакытта кете турганын автоматтык түрдө эсептеп, ай сайын жыйынтыгын чыгарып турат. Былтыр декабрда ырчы... Читать дальше...

Пакистан: секелектин өлтүрүлүшү нааразылык жаратты

Azattyk.org 

Пакистанда сегиз жашар кыздын зордукталып өлтүрүлүшү ири нааразылык акцияларын жаратты. Бейшембиде миңдеген адамдар окуя болгон Касур шаарында көчөгө чыгышып, полициядан мындай окуяларга тез чара көрүүнү талап кылышты. Зайнап Ансаринин жансыз денеси 9-январда таштанды кутусунан табылган болчу.

Жогорку Кеңеште абанын булганышы жана жол коопсуздугу каралат

Azattyk.org 

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясы бүгүн Бишкектеги абанын булганышынын себептери, өкмөттүн жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча аракеттери тууралуу маалыматын угат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттардын суроолоруна ички иштер министрлигинин, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилери, Экономика министри, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти... Читать дальше...

Мавлян Аскарбековдун сотунда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун 11-январдагы сотунда Улуттук илимдер академиясынан, жогорку окуу жайлардан, Юстиция министрлигинен тартылган эксперттер суралды. Аскарбеков "соттук териштирүү калыс болбой жатат" деп “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, былтыркы митингдеги сөздөрдү талдаган эки эксперттин "бийликти күч менен басып алууга чакырык байкалбайт" деген билдирүүсүнө ишти караган судья көңүл бурган жок. Буга адвокат нааразылык билдирип, судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот бул өтүнүчтү четке кагып... Читать дальше...



Мавлян Аскарбековдун сотунда судьяга ишенбестик көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун 11-январдагы сотунда Улуттук илимдер академиясынан, жогорку окуу жайлардан, Юстиция министрлигинен тартылган эксперттер суралды. Аскарбеков "соттук териштирүү калыс болбой жатат" деп “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, былтыркы митингдеги сөздөрдү талдаган эки эксперттин "бийликти күч менен басып алууга чакырык байкалбайт" деген билдирүүсүнө ишти караган судья көңүл бурган жок. Буга адвокат нааразылык билдирип, судьяга ишенбестик көрсөттү. Сот бул өтүнүчтү четке кагып... Читать дальше...

Путин: АКШ Навальныйга ишеним артуу менен жаңылды

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин АКШ оппозициячы Алексей Навальныйга ишеним артуу менен жаңылды деп билдирди. Бул тууралуу ал 11-январда Орусиядагы эң чоң гезит жана маалымат агенттиктеринин башкы редакторлору менен жолугушууда билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын Навальныйдын президенттик шайлоого талапкер катары катышуу арызын четке какканы тууралуу суроого жооп берип жатып Путин оппозициячыл саясатчыны өз ысымы менен айткан жок:  - Силер айткан жанагы каарман – шайлоодон четтетилген жалгыз адам эмес. Читать дальше...

«Республика-Ата Журт» коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгын талкуулайт 

Azattyk.org 

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган фракциянын бүгүнкү жыйынында Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү саясатын ишке ашыруу, бул багыттагы иштердин натыйжалары каралат. Жыйынга башкы прокурор Индира Жолдубаева чакырылган. Тransparency International эл аралык уюмунун 2017-жылдагы баяндамасына ылайык, Кыргызстан жемкорлук боюнча 176 мамлекеттин ичинде 136-орунду ээлейт. (NT)

Казакстанда 45 жүргүнчү түшкөн автобус кырсыкка кабылды

Azattyk.org 

Казакстандын Егиндыбулак-Караганда багыты боюнча бараткан автобус 11-январда оодарылып кетти. "Азаттык" радиосунун казак кызматы билдиргендей, автобуста 45 жүргүнчү болгон. Кырсыктан үч киши жабыркап, жакынкы айылдагы ооруканага жеткирилди. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда, Setra үлгүсүндөгү автобус Караганда-Аягоз-Бугаз жолунун 103-чакырымында кырсыкка кабылган. Окуянын себептери кабарланган жок. Бейшембиде аба ырайынын начарлашына байланыштуу өлкөнүн алты аймагында... Читать дальше...

Тажикстанда азык-түлүктүн кымбатташынын себептери текшерилди

Azattyk.org 

Тажикстандын Монополияга каршы күрөш кызматы азык-түлүктүн кымбатташынын себептерин талдады. Текшерүүнүн жыйынтыгында мекеме "баалар атайылап көтөрүлгөн эмес" деген тыянакка келген.  Монополияга каршы күрөш кызматы кымбаттоого бир канча жагдай, анын ичинде сырттан ташылып келген чийки заттардын кымбатташы таасир эткенин билдирди. "Азык-түлүктүн кымбатташынын башка дагы себептери болгон. Мисалы, өткөн кышта Пакистандан картошка импорту токтоп калып, буга байланыштуу анын баасы 57 пайызга көтөрүлүп... Читать дальше...

Тажикстанда азык-түлүктүн кымбаттоо себептери текшерилди

Azattyk.org 

Тажикстандын Монополияга каршы күрөшүү кызматы азык-түлүк баасынын кымбаттоо себептерин талдады. Текшерүүнүн жыйынтыгында баалар атайылап көтөрүлгөн эмес деген тыянакка келген.  Кымбаттоого бир канча фактор, анын ичинде сырттан алынып келинген чийки заттардын кымбатташы таасир эткенин билдирди. "Азык-түлүктүн кымбатташынын башка дагы себептери болгон. Мисалы, өткөн кышта Пакистандан картошка импорту токтоп калып, буга байланыштуу анын баасы 57 пайызга жогорулап кеткен",- деп айтылат мекеменин маалыматында. Читать дальше...

Азыркы "түшпөс хандын" жообу

Azattyk.org 

Мурда “түшпөс хан” термини болсо, эми “түшпөс эл башы”, "түшпөс журт башы", "түшпөс көсөм" сөздөрү жаралды. "Күлкү кербендин" кезектеги саясий азили.

Илим дүйнөсү: "Бир эле жолу тартып көрөйүн" деп чылымга эч азгырылбаңыз!

Azattyk.org 

Түрткөн сайын сага жабышчу массасы негативдүү объект. Айдоочу менен сүйлөшчү автосистема. Айда жана Марста турак-жай курчу робот даяр. "Бир жолу чылым тартып көрсөм эч нерсе болбойт" дебеңиз. Илим дүйнөсүнүн жаңылыктарынан.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *