Назарбаев Трамптан эмнени күтөт?
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үч күндүк расмий сапар менен АКШга баратат. Ал Вашингтондо Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Анда кандай маселелер талкууланат?
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үч күндүк расмий сапар менен АКШга баратат. Ал Вашингтондо Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Анда кандай маселелер талкууланат?
2017-жылы 16-январда Дача СУ айылына кулаган учак 39 адамдын өмүрүн жалмаган.
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун Бишкек шаардык сотундагы иши 23-декабрга жылдырылды. Буга депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекованын башка жараянга катышканына байланыштуу сотко келбегени себеп болду. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-декабрда Шыкмаматовду 5 млн сом айыпка жыккан эле. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат... Читать дальше...
“Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн расмий сапар менен Вашингтонго барды”, - деп кабарлады Ак Ордонун басма сөз кызматы. Сапар алкагында Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп, расмий өкүлдөр жана ишкер топ менен жолугушат. Муну менен катар Назарбаев БУУнун Коопсуздук кеңшинин жыйынына катышат. Буга чейин Ак Үйдүн маалымат кызматы эки президент аймактык коопсуздук, экономикалык маселелер менен бирге АКШ-Казакстан карым-катнашын, Ооганстандагы жагдайды талкуулашарын жазган. Бул казак президенти Назарбаевдин АКШга жетинчи визити. Читать дальше...
“Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн расмий иш сапары менен Вашингтонго барды”, - деп кабарлады Ак Ордонун басма сөз кызматы. Иш сапарынын алкагында Назарбаев АКШнын президенти Доналд Трамп, башка расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушат. Муну менен катар Назарбаев БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат. Буга чейин Ак үйдүн маалымат кызматы эки президент аймактык коопсуздук, экономика маселелери менен катар АКШ менен Казакстандын карым-катнашын, Ооганстандагы жагдайды талкуулашарын жазган. Читать дальше...
“Манас” аэропортунан кабарлашкандай аба ырайыдан улам Москва жана Санкт-Петербургдан келген учактар Ошко коно албай, “Манас” аэропортуна конгон. Мындан сырткары ички каттамдар да убактылуу токтотулду. Аба ырайынын өзгөрүшөн улам Ош аэропортуна 15-январда 10 сааттан ашык учактар коно алышкан эмес.(BkA)
Бир катар авиакомпаниялар Бишкек-Ош каттамы боюнча учак билеттерин арзандатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт менен “AirManas”, «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары атайын келишим түзгөн. Анын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы кескин өзгөргөн учурда билеттер 2700 сомдук наркынан 27 пайызга арзан сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана Бишкек-Ош жолунун кооптуу участокторунда чектөө киргизилет. Ал эми күн ачылгандан кийин билеттин баасы бекитилген нарк боюнча сатылат. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри 120га жакын кызматкерди эмне үчүн бошотту? Депутаттар эмне үчүн министрди кызматтан кетиргиси келишет жана министр эмне үчүн кызматта калгысы келет? Көмүскө дары-дармек бизнесине каршы күрөш кыйынбы? Лоббисттер кимдер жана реформага ким тоскоол болуп жатат? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна министр Талантбек Батыралиев 2х1 форматында жооп берди.
Саламаттык сактоо министри 120га жакын кызматкерди эмне үчүн бошотту? Депутаттар эмне үчүн министрди кызматтан кетиргиси келишет жана министр эмне үчүн кызматта калгысы келет? Көмүскө дары-дармек бизнесине каршы күрөш кыйынбы? Лоббисттер кимдер жана реформага ким тоскоол болуп жатат? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна министр Талантбек Батыралиев 2х1 форматында жооп берди.
Cпорт жана жаштар саясаты тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн Sports & Youth Awards-2017 сыйлыгын тапшыруу аземи 20-январда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Уюштуруучулардын маалыматында, аземди Topsport.kg гезитинин редакциясы Улуттук Олимпиада комитети менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги биргеликте уюштуруп жатат. Сыйлыктар спорт жаатында 24 номинация боюнча, жаштар саясаты боюнча 10 номинацияда тапшырылат. 2017-жылдын жыйынтыгы... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылды. Ал саясаттан кеткендигин дагы бир ирет кайталап, өзүн ар кандай саясий оюндарга аралаштырбоого чакырган. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. - Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып... Читать дальше...
Лондондо "The Cranberries" рок-тобунун 46 жаштагы ырчысы, композитор жана ырлардын автору ирландиялык Долорес О'Риордан каза болду. Ырчынын өлүмүнүн себептери айтылган эмес. Долорес "The Cranberry Saw Us" тобуна 1990-жылы кошулган. Андан кийин топтун аты "The Cranberries" болуп өзгөргөн. Бул музыкалык топ дрим-поп, кельтик-рок жана софт-рок ырларын аткарып, дүйнөгө таанылган. (КЕ)
Лондондо The Cranberries рок-тобунун 46 жаштагы ырчысы, композитор жана ырлардын автору ирландиялык Долорес О'Риордан каза болду. Ырчынын өлүмүнүн себептери айтылган эмес. Долорес The Cranberry Saw Us тобуна 1990-жылы кошулган. Андан кийин топтун аты The Cranberries болуп өзгөргөн. Бул музыкалык топ дрим-поп, кельтик-рок жана софт-рок ырларын аткарып, дүйнөгө таанылган. (КЕ)
Кыргызстандагы айрым жолдорго акы алуу 2019-жылдан тарта сунушталышы ыктымал. Азыр бул багытта түзүлгөн жумушчу топ мыйзамдык жана укуктук-нормативдик документтерди шайкеш келтирүү багытында иштеп жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Азаттык” радиосуна кабарлады. - Акы төлөнүүчү жолдорду киргизүү министрликтин күн тартибинде бар. Атайын жумушчу топ азыр иштеп жатат, бул маселени биз токтоткон жокпуз. Быйыл кагаз жагын тууралап бүтүрөбүз. Акы төлөнчү жолдорго Кубакы ... Читать дальше...
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовдун айткандарына жооп кайтарды. Министр иштебеген техникалар үчүн күйүүчү май алган учурлар жок экенин “Азаттыкка” билдирди. - Былтыр иштеген-иштебеген техинакалар инвентаризация кылынган. Иштебегендерди Мамлекеттик мүлк комитети аркылуу тизмеден чыгарабыз. Кемчиликтер бардыр, биздин чарба чоң. Кемчиликтерди жоюунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бирок иштебей турган техникаларды иштеди деп пайдалануу мүмкүн эмес. 12-январда Жогорку Кеңештин “Республика ... Читать дальше...
Макгрегордун 2016-жылдын ноябрында UFC титулун багындыргандан кийин ММА беттештерине чыкпай жаткандыктан курунан ажыратуу маселеси каралууда
Өткөн жылы Бишкек мэриясы 78 жер тилкесин өз карамагына кайтарып алды. Алардын 34ү Келечек жаңы конушунда, 26сы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан, 13ү Ак-Өргө, төртөө Сухомлинов, Оржоникидзе көчөлөрүндө убагында мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери. 2017-жылы мыйзамсыз берилип кетти делген жер тилкелер боюнча жалпысынан 94 арыз сотто каралган. (КЕ)
Бүгүн бир жыл мурда, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылындагы учак кырсыгынан каза болгондорду жарандык активисттер, жергиликтүү жашоочулар эскерип, куран окушат. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова “Азаттыкка” кабарлады. Учак курмандыктарын эскерүү иш-чарасынын катышуучулары маркумдарга арналып тургузулган эстеликтин алдына гүл коюшат. Былтыр Дача СУ кыштагына жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч набыт болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча... Читать дальше...
Республикалык иммунология борборунун жетекчисинин орун басары Жолдош Калилов ата-энесинин диний көз карашынан улам календарлык эмдөөгө алынбаган балдардын саны 1200дөн ашуун экенин "Азаттыкка" билдирди. Анын белгилешинче, жеке эле ислам дини эмес, башка диний агымдардын өкүлдөрү да балдарына вакцина сайдырбаган учурлар катталууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери мындай үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 2017-жылдын соңку айында кызылча оорусун Орусиядан жуктуруп келген беш мигрант бала дарылоодон өттү. Читать дальше...
Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкү коркунучу бар жерлерде аткылоо иштери жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жолдун 132-137, 198-255-чакырымдарында кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Маалыматка караганда, кар көчкү түшүрүлүп жаткан аймак убактылуу жабылат. Артиллериялык куралдын жардамы менен топтолгон карды аткылоо иштери 16-январдан 22-январына чейин жүргүзүлөт. (КЕ)
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үч күндүк расмий сапар менен АКШга баратат. Ал Вашингтондо Америка Кошмо Штаттарынын президенти Доналд Трамп менен жолугат. Анда кандай маселелер талкууланат?