Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 18.01.2018

Чүйдө психикалык оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк берилген

Azattyk.org 

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Чүй райондук жана Токмок шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анда айтылгандай, факт 2015-жылы катталган. Аталган эки аймактык бөлүмдүн өкүлдөрү “В, С” категориясындагы автоунаа айдоого уруксат берген С.А. аттуу жаран Республикалык психикалык... Читать дальше...

Казакстанда өрттөнгөн автобустун айдоочулары аман калды

Azattyk.org 

Актөбө облусундагы Самара-Чимкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, алардын баары Өзбекстандын жарандары болгон. Бул тууралуу Казакстандын чукул кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмү кабарлады. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Окуя бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да болгон.  Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Руслан Иманкулов аман калгандардын экөө казакстандык айдоочулар, калгандары өзбек жарандары экенин айтты. Читать дальше...

Коопсуздук кеңешине башкы прокурор жана президенттин аппарат башчысы кирди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзамга 18-январда кол койду.  Өзгөртүлгөн мыйзамда Коопсуздук кеңешинин тар курамына башкы прокурорду жана президенттик аппараттын жетекчисин киргизүү каралган. Кабыл алынган мыйзамдын максаты мыйзамдын артыкчылыгын камсыз кылуу, Коопсуздук кеңеши чечим кабыл алып жатканда уюштуруу маселелерин ыкчам чечүү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартибин өркүндөтүү болуп саналат. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алган... Читать дальше...

Македония: албан тилине расмий макам берүү мыйзамына вето койюлду

Azattyk.org 

Македониянын президенти Георге Иванов өлкөдө албан тилине экинчи расмий тил деген статус берүүнү караган мыйзам долбооруна вето койду. 17-январда президент сунуш кылынган жобо мамлекеттик мекемелерге кымбатка тураарын, көп улуттуу коом түзүүнүн ордуна "биримдикке, суверендүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө коркунуч жаратышы мүмкүн" экенин айтты. Өкмөт долбоор “Конституцияга төп келээрин”, Македониядагы бардык жарандардын укугун эске алуу менен иштелип чыкканын айтып, мамлекет башчынын мындай чечимине өкүнүчүн билдирди. Читать дальше...

Македония президенти албан тилине расмий макам берүү мыйзамына вето койду

Azattyk.org 

Македониянын президенти Георге Иванов өлкөдө албан тилине экинчи расмий тил деген статус берүүнү караган мыйзам долбооруна вето койду. 17-январда президент сунуш кылынган жобо мамлекеттик мекемелерге кымбатка тураарын, көп улуттуу коом түзүүнүн ордуна "биримдикке, суверендүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө коркунуч жаратышы мүмкүн" экенин айтты. Өкмөт долбоор “Конституцияга төп келээрин”, Македониядагы бардык жарандардын укугун эске алуу менен иштелип чыкканын айтып, мамлекет башчынын мындай чечимине өкүнүчүн билдирди. Читать дальше...

Македония: албан тилине расмий макам берүү мыйзамына вето коюлду

Azattyk.org 

Македониянын президенти Георге Иванов өлкөдө албан тилине экинчи расмий тил деген статус берүүнү караган мыйзам долбооруна вето койду. 17-январда президент сунуш кылынган жобо мамлекеттик мекемелерге кымбатка тураарын, көп улуттуу коом түзүүнүн ордуна "биримдикке, суверендүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө коркунуч жаратышы мүмкүн" экенин айтты. Өкмөт долбоор “Конституцияга төп келерин”, Македониядагы бардык жарандардын укугун эске алуу менен иштелип чыкканын айтып, мамлекет башчынын мындай чечимине өкүнүчүн билдирди. Читать дальше...

Бишкектин "Ош" базарынан эреже бузган 15 автоунаа эвакуацияланды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы “Ош" базарынын айланасында автоунаасын туура эмес жерге койгон 210 айдоочуга айыппул салынып, 15 транспорт атайын токтотуучу жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Азаттык” радиосуна кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, бул чаралар шаар аралык такси каттамын ишке ашырган автоунааларды текшерүү рейди учурунда көрүлгөн. Бишкектен Ошко, Баткенге, Жалал-Абадга жана башка шаарларга каттаган айдоочуларга мындан сырткары жолго чыгуу графигин так сактоо... Читать дальше...

Өнүктүрүү фонду ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушун каржылайт

Azattyk.org 

Бул кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасы менен ишке ашып жатканын аталган Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашты. Ага ылайык, фонддун акчалай колдоосуна "2015-2020-жылдардагы арзан турак жай" программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан курулуш компаниялары ээ боло алат. Курулуш компаниялары акчаны Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан тикелей же анын банк-өнөктөштөрү аркылуу алышмакчы. Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурда "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл... Читать дальше...



Ингушетия: "Мемориалга" чабуул

Azattyk.org 

«Мемориал» укук коргоочулар борбору Ингушетиядагы кеңсесине “террордук” чабуул коюлганын билдиришти. Алар муну менен белгисиз күчтөр укук коргоочуларды Түндүк Кавказдан сүрүп чыгарууну көздөп жатканын айтышууда. Бул боюнча кылмыш иши козголду.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жакындады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси ооган өкмөтү "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө жакындаганын билдирди. Никки Хейлинин 17-январда айтканына караганда, бул – АКШ былтыр кабыл алган Ооганстан боюнча жаңы стратегиянын жемиши. Элчинини билдирүүсүнүн алдында "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Пакистанга барып, ооган бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырышканы тууралуу кабарлар чыккан. 15-январда болсо Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңшиндеги 15 элчи Кабулда Ооганстандын жетекчилери менен жолугушуп кеткен. Читать дальше...

Бишкекте жаңы конуштардагы абанын абалы текшерилди

Azattyk.org 

Мамлекеттик экотехинспекциянын инспекторлору Бишкек шаарын айланта курчаган жаңы конуштардагы абанын абалын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин адистери менен бирге текшерүүдө. Экотехинспекция кызматынын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, абанын курамындагы чаң менен зыяндуу заттардын өлчөмү атайын изилдөөчү лабораторияда үч күндүн ичинде аныкталат: - Аптанын башынан бери биздин адистер борбор калаанын айланасындагы жаңы конуштардын абасын текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Читать дальше...

Кытайда окугуң келсе тилин үйрөн

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосу кыргызстандык жаштарга чет өлкөлөрдүн окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүсүн улантат. Бул жолу Кытайдагы окуу жайларга тапшыруунун жол-жоболору тууралуу сөз болот.

Сот кылмыш тобунун мүчөсүн абактан эрте чыгарды

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук соту 17-январда кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошотту.

Чыңгыз Жумагулов абактан кантип эрте бошоду?

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук соту 17-январда кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошотту.

Казакстанда өрттөнгөн автобус

Azattyk.org 

Актөбө облусундагы Самара-Чимкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, алардын баары Өзбекстандын жарандары болгон. Бул тууралуу Казакстандын чукул кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмү кабарлады. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Окуя бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да болгон.

Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүрүү иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атып түшүрүү иши ушул саттарда магистралдын 231-чакырымында жүрүүдө. Карды көчүрүү 17-январда Бишкек-Ош жолунун 247, 249, 255-чакырымдарында жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 17 000 кубметр кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес. Жол коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында көчкүлөрдү атып түшүрүү 22-январга чейин жүргүзүлөт.  Кар көчкү түшүрүлүп жаткан аймакта жол убактылуу гана жабылууда.  Аткылоо иштерин Башкы штаб жүргүзүүдө. Читать дальше...

Гутерреш Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди сактоого чакырды

Azattyk.org 

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге залака келтирбөөгө үндөдү.  "Ага тиешеси жок башка маселелер ошол макулдашууга жана анын жетишкендиктерине терс таасир тийгизбестен каралууга тийиш. Аймактык жана эл аралык тынчтыкка, туруктуулукка салым кошкон келишим - өзөктүк куралды жайылтпоо аракеттеринин жана дипломатиянын чоң ийгилиги" деп айтылат 17-январдагы билдирүүдө. Гуттереш Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик "Иран өз милдеттенмелерин аткарып жатат" деп улам-улам тастыктаганын баса белгиледи. Читать дальше...

Бишкектин төмөн жагында өпкөсү ооруган балдар көп

Azattyk.org 

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын иммунология жана аллергология боюнча профессору Таалайбек Абдылдаев Бишкектеги Чоң-Чүй каналынан ылдый жашаган балдарда өпкөнүн ар түрдүү формадагы оорулары жогорку микрорайондордун тургундарына салыштырмалуу көп кездешерин “Азаттык” радиосуна билдирди. Профессор башында турган дарыгерлердин тобу бир нече жылдан бери бейтаптарга байкоо жүргүзүп, шаардын абасы кир ылдыйкы райондорунда өпкөнүн обструктивдүү ооруларына, астмага чалдыккан балдар көп катталганын аныктаган. Читать дальше...

Бишкектин ылдый жагында өпкөсү ооруган балдар көп

Azattyk.org 

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын иммунология жана аллергология боюнча профессору Таалайбек Абдылдаев Бишкектеги Чоң Чүй каналынан ылдый жашаган балдарда өпкөнүн ар түрдүү формадагы оорулары жогорку микрорайнодордун тургундарына салыштырмалуу көп кездешерин “Азаттык” радиосуна билдирди. Профессор башында турган дарыгерлердин тобу бир нече жылдан бери бейтаптарга байкоо жүргүзүп, шаардын абасы кир ылдыйкы райондорунда өпкөнүн обструктивдүү ооруларына, астмага чалдыккан балдар көп катталганын аныктаган. Читать дальше...

Тиллерсон: АКШ аскерлери Сирияда кала берет

Azattyk.org 

АКШнын мамлекттик катчысы Рекс Тиллерсон "америкалык аскерлер Сирияда чектелбеген убакытка кала берет. Алар «Ислам мамлекети» экстремист тобунун кайрадан баш көтөрүшүнн алдын алууну көздөшөт" деди. 17-январда Стэнфорд университетинде сүйлөгөн Тиллерсон АКШ ошондой эле Сирияда тынчтык орнотуу процессин ийгиликтүү аягына чыгарууга, президент Башар Асаддын бийликтен кетишин камсыз кылууга, Ирандын ал өлкөгө таасирин азайтууга аракет кыла берээрин белгиледи. Мамлекеттик катчы мурдагы президент Барак Обама 2011-жылы аскерлерди Ирактан чыгарып... Читать дальше...

Тиллерсон: АКШнын аскерлери Сирияда кала берет

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон "америкалык аскерлер Сирияда чектелбеген убакытка кала берет. Алар "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун кайрадан баш көтөрүшүнүн алдын алууну көздөшөт" деди. 17-январда Стэнфорд университетинде сүйлөгөн Тиллерсон АКШ ошондой эле Сирияда тынчтык орнотуу процессин ийгиликтүү аягына чыгарууга, президент Башар Асаддын бийликтен кетишин камсыз кылууга, Ирандын ал өлкөгө таасирин азайтууга аракет кыла берээрин белгиледи. Мамлекеттик катчы мурдагы президент... Читать дальше...

Казакстанда автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташуучу автобус өрттөнүп, 52 адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Окуя бүгүн эртең менен жергиликтүү саат боюнча 10:30дарда болгон. “Икарус” үлгүсүндөгү автобуста 57 жүргүнчү болгон. Аман калган 5 жүргүнчүнүн арасында да оор жаракат алгандар бар. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, мерт болгондор Өзбекстандын жарандары. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Читать дальше...

Кажы-Сай: диндер ортосундагы сый

Azattyk.org 

Тоң районундагы Кажы-Сай айылында 3-январда өрттөнүп кеткен сыйынуу үйүн жергиликтүү протестант христиандары өздөрү калыбына келтирип жатышат. Өрттүн себеби так аныктала элек. Кажы-Сайдагы бул сыйынуу үйү аймактагы баптист агымындагы протестанттык христиандарга кызмат кылат. Аймактагы диний азчылыктын өкүлдөрү үчүн өзүнчө көрүстөн да Кажы-Сайга жакын жерде жайгашкан.

Жасалма паспорт алып жүргөн Кытай жараны кармалды

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол-автожол" өткөрмө бекетинен жасалма паспорт менен өтүп келаткан Кытай Эл Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, азиат түспөлүндөгү жаран Өзбекстандын паспортун көргөзгөн. Чек ара кызматкери паспортту текшерген учурда андагы сүрөт алмаштырылганын аныктаган. Сурак учурунда жасалма паспорт көргөзгөн жаран өзү 41 жаштагы М.Т. аттуу Кытайдын жараны экенин билдирген. Ал паспортту Түркияда жасатып алганын айткан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *