Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 19.01.2018

Былтыр 19 салык кызматкери жазага тартылды

Azattyk.org 

2017-жылы Салык кызматына келип түшкөн арыз даттануулардын негизинде 19 кызматкер жазага тартылды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кызматка 173 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 47 даттануу салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу болгон. Бул арыздар текшерилип, 10 факты ырасталган. Анын негизинде эки салыкчы кызматтан бошотулуп, 17сине ар кыл жазалар берилди.(BkA)

"Путинсиз Орусияны элестете албайм"

Azattyk.org 

Орусиядагы шайлоочулардын укугун коргоо менен алектенген "Голос" бейөкмөт уюму мамлекеттик телеканалдарды март айында өтө турган президенттик шайлоо алдында азыркы президент Владимир Путинге үгүттөгөн бекер сюжеттерди көрсөтүп, мыйзамды бузуп жатат деп сынга алды.

Ош шаардык сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Ош шаардык сотунун Ж.К. аттуу судьясына Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Ош шаардык сотуна 2014-жылы Б.А. аттуу жаран Ак-Буура дарыясынын боюндагы жер тилкесин жана турак жайын анын менчигине каттатып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал тилкени узак убакыт ээлеп олтурганы менен жерге ээлик кылуучу документтери болгон эмес. 2014-жылдын 23-сентябрында Ош шаардык сотунун аты... Читать дальше...

“Республика-Ата-Журт” ички иштер министрин сынга алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы ички иштер министри Улан Исраиловдун фракция жыйынына келбегенин сынга алды. Депутат Зарылбек Рысалиев министр Исраилов парламентти тоготпой жыйынга келбей жатканын билдирди. Анын айтымында, министрдин мындай мамилесин өкмөт жетекчилиги карап, тиешелүү чара көрүүгө тийиш. Жыйынга катышып жаткан вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев министр Исраилов ооруп жатканына байланыштуу парламентке келбегенин түшүндүрдү. Бүгүн “Республика-Ата-Журт” фракциясы өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу... Читать дальше...

Боом капчыгайында оор жүк ташуучу автоунаа күйүп кетти

Azattyk.org 

Бишкек-Балыкчы автоунаа жолунун 145-чакырымында оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Окуя кечээ саат 16:30дарда катталган. “МАN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өрттөнгөн. Өрттү ӨКМдин №19 өрт-куткаруу бөлүмү бир саатта толугу менен өчүргөн. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда. Автоунаанын ээси жана андагы жүк тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз. (ErN)

“Акылдуу шаардын” инвестору “Мегакомду” сатып алууга сунуш берди

Azattyk.org 

“Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” компаниясын сатып алууга "АКА минералз энд майнинг" компаниясы сунуш берди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Ренат Түлөбердиев кабарлады. Анын айтымында, учурда сунуш карала баштады. Анын шарттары, компанияны канча баага сатып алуу боюнча шарттар талкуулана элек. "АКА минералз энд майнинг" компаниясы кыргыз өкмөтү “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим түзгөн компаниялардын бири. Ал... Читать дальше...

Аскерден жоголгон радиаторлордун кымбат куну

Azattyk.org 

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту өткөн айда Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү танк радиаторлору уурдалган факт боюнча мурунку беш аскер кызматкерин беш жылга абакка кесүү тууралуу өкүм чыгарды.

Нарында мыйзам бузган сотко иш козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 14-сентябрында аталган судья адамдар каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук ишти караган. Анда кырсыкка күнөөкөр айдоочуну үч жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле күнү жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө соттун эскертүүсүнө баш ийген жок жана мамлекеттик айыптоочунун сөзүн бөлдү деген негизде 10 миң сомдон айыппул салган. Прокуратура... Читать дальше...



Айылдарды таза суу менен камсыз кылчу жаңы долбоор иштей баштады

Azattyk.org 

Элет жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн “Ала-Тоо булагы” долбоору иштей баштады. Бул программанын алгачкы этабына 71,2 млн. доллар бөлүндү. Ага Ош, Чүй жана Ысык-Көл облусундагы таза суу жетпеген айылдардагы иштер бүтөт. Бул тууралуу таза суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев “Азаттык” радиосуна билдирди. - Кыргызстанда 1813 айыл бар. Анын 631 айыл сууга өтө муктаж деп эсептелет. Ошол маселени чечүү үчүн өкмөт чет өлкөлүк донорлор менен иштеп жатат. 117 айылды камтыган чоң долбоор башталды... Читать дальше...

Петербургда крым татарларын колдогон акция өттү

Azattyk.org 

Ондон ашуун активист Невск проспектисине чыгып крым татарларын куугунтуктоону токтотууну жана Орусия менен Украинанын ортосундагы эл аралык коомчулук тааныган чек араны калыбына келтирүүнү талап кылышты. Петербургдагы “Тилектештик” демократиялык кыймылынын активисти Ольга Смирнова январь айында крым активисттерине карата куугунтук күчөгөнүн, Крымда пикетке чыккандарды жок кылуу аракети болуп жатканын айтып чыкты. Анын белгилешинче, адамдардын үйүнөн кармап кеткен, үй-жайын тинтип, социалдык тармактардагы... Читать дальше...

“Республика – Ата-Журт” фракциясы жол коопсуздугун талкуулайт

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясы өкмөттүн жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча аракеттери тууралуу маалыматын угат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттардын суроолоруна Ички иштер министрлигинин, Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчилери, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башчылары жооп беришет. Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен былтыр ноябрда... Читать дальше...

Москва: базардагы өрттө жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Azattyk.org 

Москванын түштүк-чыгышындагы “Садовод” базарындагы чоң өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова “Азаттык” радиосуна кабарлады. - Негизи эле өрттөн жабыркагандар жок экен. Ал эми базарда ижарага алып иштетекендер аарсында бар-жоuун да тактадык. Кыргызстандыктар жок экен. Базарда өрт 17-январда болгон. Тилсиз жоонун себептери жана анын чыгымы эсептелүүдө. Алдын ала маалыматка караганда, базарда курулуш таштандылары өрттөнүп кеткен. Читать дальше...

Калифорнияда ата-эне 13 баласын кыйнаган деп айыпталууда

Azattyk.org 

Би-Би-Си радиосу Калифорнияда жубайлар Дэвид Турпин менен 49 жаштагы Луиза өздөрүнүн 13 баласын чынжыр менен байлап, үйдөн чыгарбай кыйнаган деп айыпталып жатканын жазды. Полицияга кабарды шектүү жубайлардын 17 жаштагы кызы үйдөн качып чыккандан кийин берген. Көп өтпөй үйдө керебетке чынжыр менен байланып, оор акыбылда жаткан балдар бошотулган. Аймактык прокурор Риверсад Майк Хестрин Дэвид менен Луиза балдарды ушундай жол менен жоопко тартып келгенин билдирген. Ата-эненин бул жоругу барган сайын катаалдап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *