Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 21.01.2018

Тажик-өзбек чегиндеги темир жол кайра ачылат

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Тажикстан мындан дээрлик алты жарым жыл мурда токтоп калган темир жол каттамын калыбына келтирүү ишин башташты. Бул темир жол 2011-жылы өзбек-тажик алакасы солгундап турган учурда “жардыруу болду” деген жүйө менен жабылып калган эле.

Орусия Сириядагы түрктөр операция жүргүзгөн жерден аскерлерин чыгарууда

Azattyk.org 

Орусиялык аскерлердин ыкчам тобу Сириянын түндүк-батышындагы Африн районунан алардын коопсуздугун камсыздоо максатында чыгарылганы ишембиде орус Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.  Орус аскерлеринин Афринден чыгарылышы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган бул аймакты көзөмөлдөгөн сириялык күрддөргө каршы операциялар башталганын билдиргенден кийин белгилүү болгон.  Түркиянын аба күчтөрү 20-январда Афринге сокку урганы, райондо операцияга  артиллерия да колдонулуп жатканы кабарланды. Читать дальше...

АКШнын ондогон шаарларында аялдар жапырт жүрүшкө чыгышты

Azattyk.org 

АКШдагы "Аялдар маршы" 20-январда президент Дональд Трамптын кызматка киришкендигинин бир жылдыгына карата уюштурулду. Ушундай эле жүрүштөр дүйнөнүн башка шаарларында да өттү.   Акцияга чыккандар аялдардын, иммигранттардын, ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоого чакырышты. Мындан тышкары Трамптын администрациясынын саясатын, президенттин сүйлөгөн сөздөрүн "сексизм" деп эсептешип, ага каршылык билдиришти.   Вашингтондогу жүрүшкө он миңдеген киши келди. Ага сенатор аялдар, Демократиялык партиянын Конгресстеги мүчөлөрү да катышты. Читать дальше...

Төрөт үйүндөгү эне өлүмүн атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облустук төрөт үйүндө көз жарган аялдын өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түздү. Министр Талантбек Батыралиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, операция жолу менен төрөгөн 42 жаштагы аялдын абалы эмнеден улам оорлоп кеткени комиссиянын иликтөөсү бүткөндөн кийин жарыяланат. 15-январда операция жолу менен төрөгөндөн кийин абалы оорлоп кеткен Токмок шаарынын тургуну Роза Жусубалиева 20-январда эсине келбей каза тапкан.   Дарыгерлер ал беш жыл мурун да операция жолу менен төрөгөнүн... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *